Орусия сахнасын багындырган МАРИ КРАЙМБРЕРИ

“Балалыгың кандай өткөн?” деген суроого келгенде эле такалып калам. Айтып берейин десем өзгөчөлүк, кызык нерсе жок. Эс тартканы бий залынан чыкчу эмесмин. Бийден сырткары да толгон-токой ийримдерге барар элем. Кичинемден тыгыз графикте иштеп келе жаткандаймын”,- дейт Мари Краймбрери. Учурда Орусиянын популярдуу ырчыларынын ТОП-10дугуна кирген айымдын чыгармачылык жолу, өмүр таржымалы көпчүлүккө кызык болсо керек.

Аты-жөнү: Марина Жадан

Псевдоними: Мари Краймбрери

Туулган жери: Украина, Кривой Рог

Туулган жылы: 1992-жыл, 21-август

Жылдыз белгиси: арстан

Бою: 158 сантиметр

Кесиби: ырчы, композитор

Белгилүү ырлары: «Пряталась в ванной», «Океан», «Как дела, малыш?» (Звонкий менен дуэт), «Самолёт», «Ты не моя пара» (Дима Билан менен дуэт) жана башка

“ЧОҢОЙГОНДО БИЙЧИ БОЛОМ”

Врачтар Маринага май тамандуулук деген диагноз койгондон кийин апасы жаңыдан басып, чуркап жүргөн кызын бий ийримине алып барган. Балдар бий ансамблинин солисти болгон деңгээлге жеткенде Марина 4 жашта эле болчу. “Чоңойгондо ким болосуң?” деп сурашканда башка жооп издеп убара болбогон кыз дароо “бийчи болом” дечү. Бирок секелек кыздын бул тилеги ишке ашпай калды. 15 жашында тизесинен алган жаракаты бийчилик карьерасын улантууга тоскоол болгон. Бирок кыз башка бий топторуна хореограф болуп иштеп калган.

Активдүү, шок кыздын акындык таланты да бар эле. Өзү бийлебей калганда бул өнөрүнө убакыт бөлүп, агасынын жардамы менен «Наедине с небом» аттуу ырлар жыйнагын 2007-жылы жарыкка чыгарган.

“Мари Краймбрери деген атты псевдоним катары кабыл ала албайм. Башынан эле ушул ысым менен жүргөндөй боло берем” дейт ырчы кыз. 13 жашында информатика сабагында отуруп, китепте жазылган сүйлөмдөрдүн башкы тамгаларынан “КРАЙМБРЕРИ” деген сөз курап, ошол замат “мындан ары мен Мари Краймбреримин” деп жар салган.

СҮЙҮҮДӨН ЫРЧЫЛЫККА...

2009-жылы кыздын башына алгачкы сүйүү келди. Болгондо да Орусиянын Москва шаарында жашаган жигит менен интернет аркылуу таанышып, бири-бирин жактырып калышат. Украина-Орусия аралыгындагы махабат баяны 2 жылга созулгандан кийин жигит Марини “Москвага көчүп кел” дейт. Анын кетем деген чечимине атасы каршы чыккан, бирок өжөр кыз баарына көз жумуп Москвага келет да, бир продюсердик борборго хореограф болуп орношуп алган. Эми баары жакшы болот деген кыялы ишке ашпай, жигити менен эки ажырым жолго түшөт. Апасынын, курбуларынын колдоосу кызды мындан да күчтүү болууга, ийгиликке жетүүгө умтулууга түрттү. Мари жетекчисине кирип, хореограф катары бекер иштеп берерин айтып, ордуна өзү чыгарган ырларды музыкалык студиядан жаздырууга уруксат сураган.

19 жаштагы кыз ырчылык эле карьерасын баштабастан, автор катары да иштеп баштаган. Алгач эле “5sta Family” тобуна
2 миң долларга ыр жазып берген. Ар бир ыры өзүнүн жашоосунан же кайсы бир окуянын таасиринен улам жаралат. Азыр Мари өзүн ырчы деп тааныштыргандарды көп жактыра бербейт. Ага ырлардын автору, композитор, продюсер деп кайрылсаңыз жаңылбайсыз.

АЛПТАР МЕНЕН БИР САХНАДА!

Башында жазган тексттерим, ырдаганым, обонум абдан начар эле. Токтогон жокмун, улам жаза бердим, кайра-кайра ырдадым, жаңыны издей бердим. Жакшы музыка же текст жазыш үчүн музыкалык билим эмес, жан дүйнөдөн оргуп чыккан шык керек. Кебетем да сахнага ылайыктуу эмес эле. Көптөгөн катачылыктар, эксперименттер, тажрыйба алмашуулар болду. Келбетимдин, имиджимдин үстүнөн иштедик. Анан көпчүлүк билген Мари Краймбрери жаралды”,- деген ырчы кыздын дебюттук «Смогу ли я без тебя» ыры интернет желесине вирустай тарап кеткен. 2017-жылы анын алгачкы музыкалык альбому жарык көргөн. Азыр ырлар жыйнагынын саны 5ке жетти. Орусиянын кайсы бурчуна барып концерт бербесин, аншлаг менен өтөт. Былтыр чыккан Дима Билан экөөнүн “Ты не моя пара” дуэти азыркыга чейин көпчүлүктүн кулагында жаңырып келет. “Жылдын альбому”, “Эң мыкты ырчы”, “Эң мыкты шоу” бул Мари Краймбрери алган сыйлыктардын чети гана. Азыр ал Орусиянын шоу-бизнесиндеги алптар менен бир сахнада!

ЖЕКЕ ЖАШООСУ СЫР САНДЫКТА

Мырзаларга жан дүйнө, жүрөк дегенди тез ачып-жаба койчулардын катарына кирбейм. Көп убакыт байкоо жүргүзүп, сынап, өзүм да кыйналып, аны да кыйнап жатып ачылам” дейт жеке жашоосу тууралуу Мари. Атактуулардын арасынан ырчы Lx24 менен кыска убакытка мамиле курганы маалым. Андан кийин көптөгөн ырчы мырзалардын аты аталганы менен, расмий түрдө бири да ачыкка чыккан эмес. Азыр деле Маринин жеке жашоосу сыр сандыкта.

Украина-Орусия согушунда өз позициясын билдирбегени үчүн украиналык жалпыга маалымдоо каражаттары Марини азыркыга чейин сындап келишет. Краймбрери болсо саясаттан алыс, чыгармачылыгын өркүндөтүү менен алек.

КЫСКАЧА...

  • Кичинесинде толук болгон. 18 жашка чыккандан кийин гана 20 килограммга жакын салмактан арылган. Азыр Маринин салмагы 50 килограммдын тегереги.
  • Тарологияга ишенет, анткени жашоосундагы олуттуу окуяларда таро картасынын жардамы менен туура чечим чыгарган учурлар көп.
  • Музыкалык билими жок, музыкалык аспаптарда ойнобойт.
  • Арыла албай келе жаткан фобиясы – курт-кумурскалар.
  • “Яндекс Музыка” сервисинде 2021-жылы Маринин ырлары 4,5 миллион жолу угулуп, “Жылдын ырчысы” наамын алган.
  • Ата-энеси чыгармачылыктан алыс адамдар. Агасы программист.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Ekb92
2022-12-19 10:50:00
Ырлары эн мыкты!
+1
№ 1045, 16-22-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан