КАТ ТУРМУШ (Орусиядагы Кыргыз мигранттарынын жашоосун баяндаган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Мен чочулап, аларды көзүм менен узатып тиктеп тургам, бизден бир аз узап эле солдат баланы бет талаштыра удаа-удаа коюп жиберди. Биз жапырт алдыга жүткүнүп калдык эле, солдаттын шериги жолубузду тороду. Көзүбүз экөөндө. Солдат сөгүнүп-сагынып биздин баланы баш көтөргөн сайын уруп жатты. Мен солдаттын шеригине «Менин иним болот, мени коё бер» деп жалбарып жибердим. Ал мага өт дегендей баш ийкеди. Чуркап бардым. Чуркап барып, бирок эмне кыларымды билбей жалдырап туруп калдым. Солдатка дит багып карай албадым. Мени да сабачудай болуп көрүндү. Ал калчылдап калган экен: «Ушундайыңарда кетип калгыла», – деди да, артына бурулуп туруп алды. Бирөөнүн бети-башын жара сабаган ага көнүмүш болуп калганы көрүнүп эле турду. Тим эле Мекенин жоодон коргоп калгансып чыйт түкүрүп, терин аарчып керсейди. «Алсыз – акыретчил» болуп же биздин жигит ынабайт. «Мен кетпейм, сен мени урганга акың жок!» деп ызырынат ал дагы. Мурду-башы канжалап кеткен. Аны улам аарчый берип колу, жеңи бүт кан. Мен шашып кеттим. «Эмне акысы, кайсы акысы, акыны эмне кыласың, унчукпа, кокуй!» дедим. Баланы атып таштаса эмне кылам деген ой мээме кылт дей түштү. Коркконумдан аны колтуктан алып, ошол жерден эртерээк кетүүгө аракет жасадым.

– Эже, акча сурап жатпайбы, – деди ызырынып. – Кадам сайын акча сурашат. Биз акча бере турган болсок, темселеп ушунча жолду неге басып келдик?

– Канча сурады?

– 1000 рубль.

– Ой кокуй, 1000 рубль үчүн да ушинтесиңби? Берип коюп басып кетпейсиңби. Башы-көзүңдөн садага.

– «Башы-көзүңдөн садага» дейсиз да. Акча алганга акысы жок булардын. Булар чек ара кайтарган эле бир солдаттар. Тиги кезекти көрүп жатасызбы? Жалгыз эле менден эмес, ошончо кишиден 1000ден алат. Ойлоп көрсөңүз, – деди. Ойлоп көрө албадым. Узак ой болчу. Биздин, бизге окшогон мигранттардын эсебинен канча киши жан багып жатканын, канча киши дөөгүрсүп өзүн бай, бий, маанилүү сезип жатканын билчүмүн, бирок бул горизонт мен ойлогондон да кең экенин өз көзүм менен көрдүм. Баланын айтканы туура экенине көзүм жетип эле турду. Анын токмок жегенине, кайра кол кайтара албаганына, алсыз экенине, алсыз экенибизге, ушундай күндөрдү жашап жатканыбызга жиним келди. Боорум ооруду. Менин алдымда таяк жеп канжалап турган жигитке боорум ооруду, өзүмө боорум ооруду. Биз укугубузду сүрүштүрө турган абалда болсок, ушинтип канжалап турат белек? Түшкөн абалыбызга, жерибизге жараша укук талашсак эмне? Же мындай жерлерге түшпөсөк эмне? Кайсы жагынан алып карасам деле биздики туура эмес болуп чыгат. Унчукпай тиги солдатка 2000 рубль сундум. Ал мага бала экөөбүз үчүн эки кириш билет берди. Билеттерди өзүбүз толтуруп, өзүбүз толтурган билеттерге дагы бир солдаттан мөөр бастырдык. Ошону менен Украинанын чек арасынан өттү деп эсептелдик. Токмокту да жедик, акчаны да бердик. Эч нерсе өзгөргөн жок. Келген ай талаабызды аралап, бизди алып келген шопурубузду издеп жөнөдүк.

Кеч кирип калганда шопурубузду таап жолго чыктык. Жолду ката тиги жигит сүйлөгөн жок. Берген суроолорубузга гана жооп бергени болбосо, сүйлөгөн жок. Көргөн күнүбүз курусун... Украинасы курусун...

ххх

– Кыргыздын «жол азабы – көр азабы» деген сөзүнүн маанисин мен Москвага келатып түшүндүм. Самолёт менен эле учпай деп, поюзга билет алганыма өкүндүм. Бир эже төрт баласын, карып калган апасын Москвага алып келатыптыр. Балдарынын чоңу ашып барса 10 жашта. Балдар бир ойноп, бир ыйлап, бир мени тебелеп тынбайт. Оозума тамак тийбей калды. Тамактанганы отурсак, эженин тамагы деле, менин тамагым деле тез эле түгөнөт. Ал аз келгенсип, Москвага жетер-жеткенче кемпир кызын урушуп келди. Тагыраагы, анын күйөөсүн урушту. Ал киши Москвада иштебей эле ичип жүрүптүр. Балдардын, бүлөнүн жүгү эженин моюнунда экен. Кемпир кызын аяп, күйүп, анан ошол эле учурда кызына жини да келип жатты. Бир анын бүтпөй жаткан үйүн айтып сүйлөнөт, бир тапкан акчасы талаага кетип жатканын айтып сүйлөнөт, бир күйөө баласы бирөөнү сүзүп, темирге тапшырылып кеткен машинени айтып сүйлөнөт, бир анын алган карыздарын айтып сүйлөнөт. Бир анын арактан башы чыкпай ичкенин айтат. Эже көнүп бүтсө керек. Башын жерге салып, кээ-кээде сөз кошуп коёт. Поюздан түшөрүм менен мени кайра көрбөсүнө ишенген үчүнбү, кемпир мени көзгө деле илген жок, анын балдарын деле көзгө илген жок. Менин апама окшоп кыйкырып урушпайт экен. Зыңкыйып отуруп эле баарын зекип-зекип айтып алат экен. Кемпирдин сөздөрүнөн улам эки-үч жолу эже ыйлап да калды. Ал ыйласа эле балдар тынчый түшөт. Дароо тынчып, чуркап келип апасын кучактап, өпкүлөп, сооротуп кирет. Ал да көз жашын аарчып, балдарын карап жылмайып: «Мен ыйлаган жокмун, мен ыйлаган жокмун», – деп актанат. Андай учурларда кемпир да тынчып, телмирип терезени тиктеп кыйлага чейин үндөбөй калат. Же мени менен сүйлөшөт. Бирок кемпир кызын канча урушса деле: «Кызым, кыйналдың, ажырашып кет, мындай күйөөнү эмне кыласың?» – деп айткан жок. Балким, мен жок жерде айтса айткандыр, бирок менин көзүмчө ушул сөздү айткан жок. Жөн эле наалый берди, наалый берди. Ага кошулуп мен да ичимден: «Ушинтип жашаганча ажырашып эле кетпейби, балдарын ансыз деле өзү багат экен го», – деп жолду ката ойлонуп, бушайман болуп келдим.

Күндүн ысыгы да жүдөттү. Аба жетпейт, үп. Казакстандын чек арасына түндөсү жеттик. Казактардын чек арачылары уктап жаткан жерибизден ойготуп текшерди. Документтерибизди, буюмдарыбызды, өзүбүздү. Керебеттердин алдын ачып, жүк коюлган жерлерди ачып бар байлыгыбызды сууруп чыкты. Түн жарымда чачылып, ызылдап, жүдөдүк. Иттери да бар. Адамдын үрөйүн учуруп, улам бири келип жыттап кетет. Анан эле: «Акча чогулткула, акча берет экенбиз», – деди бирөө. Ким экени эсимде жок, эмнеден улам «акча бериш керек» деп чыкканы деле эсимде жок. Тыпылдатып эле «проводник» эже акча чогултуп кирди. Эч ким каршы болгон жок. Бир да киши «Эмнеге?» деп сураган жок. Мен эжени, анын апасын карадым. Эже күңкүлдөп карганды. Анан акчасын сууруп чыкты. Акчаны киши башына берет экенсиң. Ал алты кишиге төлөдү. Мен да айткан сумманы унчукпай бердим.

Эже бир ыйлап, бир сооронуп, бир анын балдары ыйлап, сооронуп, кез-кези менен кемпир үшкүрүнүп, мелтиреп, наалып жатып Москвага төрт суткада жеттик. Үйдөн «сүйгөнүмө баратам» деп жасанып чыккам. Москвага жеткенче кейпим келишип калды. Чачым майланышып бүттү, денем тердей берип чапташат. Поюзда бетиңди жууганы кезек тийсе, сүйүнөт экенсиң. Айтор, сүйүү менен, сүйүүм менен жолугушуум мен ойлогондой болбой калды. Үйдөн жаңжал менен чыксам, шектенип чыксам, жаңжалдан калган ишенимим поюзда кемпир менен эжени угуп отуруп, биз менен келаткан элди карап отуруп бошой түштү, анын ордуна коркуу, кооптонуу пайда болду. Төрт суткада ал кооптонуу өсүп, күчөп, бутактап, чартактап кетти. Анан мен сүйүүсүнө, бактысына келаткан кишиге окшобой калдым. Бүрүшүп, кичирейип кеттим. Поюздан өзүм ойлогондой супсулуу болуп, желбиреп-делбиреп, чачтарымды кулпунтуп түшө албадым. Жүдөп, тердеп, түпөйүл болуп түштүм. Ала кабымды сүйрөп алгам. Поюздан түшүп эле кайда басарымды билбей ордумда делдейдим. Бекетте эл кымгуут экен. Кудум Бишкекте жашаган элдин баарын бир бекетке алып келип коё берип койгондой. Жүрөгүм шуу дей түштү. Ичимден «Тилек тоскону келбей койсо эмне кылам? Кайда барам?» деп коркуп кеттим. Мени менен чогуу келген эжеге кылчактадым. Келбей койсо, аны ээрчип кетем, жумуш табам, анан Тилекти издеп табам деп пландап, жолду ката өзүмдү ушуга көндүрүп келгем...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1045, 16-22-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан