ЖАШ КЫЗДЫН ӨЛҮМҮНӨ ШЕКТҮҮЛӨР АСЫНЫП АЛЫШТЫ. ОКУЯНЫН АРТЫНДА КАНДАЙ СЫР БАР?

Үстүбүздөгү жылдын 4-сентябрь күнү Кадамжай районунда талаадан 14 жаштагы кыздын сөөгү табылган. Анын муунтулуп, зордукталганы, мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү аныкталган. Кылмышка шектүү катары Кадамжайдын 4 тургуну кармалганын гезиттин өткөн сандарында жазганбыз. 4-декабрь күнү ошол кылмышта шектүү деп кармалган эки жаран убактылуу кармоочу жайда асынып каза тапканы жарыяланды. Каза болгон шектүүлөрдүн жакындары “балдарыбыздын асынып алганына ишенбейбиз” десе, зордукталып каза болгон өспүрүм кыздын жакындары абакта отурган дагы эки шектүүгө соттон өлүм жазасын сурашууда. 2 адамдын абактагы өлүмү менен коштолгон окуянын чоо-жайын иликтеп көрдүк.

Абакта асынып алган шектүүнүн агасы: “ЭКӨӨ СҮЙЛӨШКӨНДӨЙ, БИР УБАКТА АСЫНЫП АЛГАНЫНА ИШЕНБЕЙБИЗ”

– Каза болгон эки жигит тең менин инилерим. Экөө бир айылда жашап, бири-бирине тууган да болушат. Биз инибиздин абакта өз өмүрүнө кол салып, асынып алганына ишенбейбиз. Буга чейин инилерим 3 ай Кадамжайдагы абакта отурушкан, өлгүсү келсе ошол жактан эле асынып алышмак. Өздөрү менен сүйлөшүп, абакка тамак-аш киргизгенде “бизде баары жакшы, ага” деп турушчу. 1-декабрь күнү “сот иштери башталат” деп шектүүлөрдүн үчөөсүн Оштогу №5 убактылуу кармоочу жайга которушкан. Ошол жактан инибиз “жактоочуну алмаштыргыла, бул мени коргобой эле, мага каршы иштеп жатат. Менин күнөөм жок, апам менден кабатыр болбосун” деген акыркы катын жазып жибериптир. Бизге инилерибиздин сөөгү союлгандан кийин кабарлашты. Эмнеге жакындарынан уруксат сурабай кесишет? Биз макул болбойт элек. Дагы бир шек жараткан жагдай – экөө эки башка камерада отуруп, бирок өлгөн убактысы бир болуп чыгып жатат. Экөө сүйлөшкөндөй бир убакта асынып алышы күмөн жаратат. Абактагы дааратканада өздөрүнүн шейшептерине асынып алган деп жатышат, биз инибиздин денесинен кыйноонун белгилерин, көк ала тактарды көрдүк. Кыйнабаса алар кайдан пайда болду? Бул ишти милиция кызматкерлери кылдыбы же ошол абакта чогуу отурган адамдарбы, билбейм. Бирок тергөө иштери акыйкат, калыс жүрүшүн талап кылабыз.

Инибиз бул ишке жөн эле илешип калган, күнөөсү жок болчу, биз жакындары аны акталып чыгат деп күтүп жатканбыз. Экөө тең кырчындай жаш жигиттер, күнөөсү далилдене элек болчу. Кылмышкерге деле мыйзам бар да, анын укугу да каралган Башмыйзамда, бир эмес, эки адамдын өмүрү оюнчук эмес. Кырчындай инилерибизди өлтүрүп колубузга салып берип коюшту, биз кандай заманда жашап жатабыз?

Шердор Абдыкапаров, юрист: “ӨЛҮМ ЖАЗАСЫН КИРГИЗҮҮ ОЮНЧУК ИШ ЭМЕС”

Абдан кейиштүү окуя болду. Юрист катары айтсам, шектүүлөргө карата козголгон 122-берене өзгөчө оор кылмыш болчу. Каза болгон жигиттерге карата кылмыш иши токтотулат, ал эми тирүү калган шектүүлөрдүкү уланат жана күнөөсү далилденсе соттолот. Бул жерде тирүү калган шектүүлөр күнөөнү каза болгондорго оодарып салбайбы деген күмөн ойлор болсо, жок, анте алышпайт, анткени сотто каза болгондордун биринчи көрсөтмөсү бар да ал эске алынат. Өлүм жазасы Кыргызстандын мыйзамында жок, анткени биздин Вена конвенциясы менен адам укуктары боюнча Эл аралык келишимибиз бар. Ал жакта гуманизация деген бар, эгер биз конституцияны өзгөртүп өлүм жазасын киргизсек чет өлкөдөн келген көп грант акчаларды, жардамдарды жаап коюшу мүмкүн. Андыктан өлүм жазасын киргизүү оюнчук иш эмес.

Улугбек Абдулазимов, Кыйноолордун алдын алуу борборунун Ош облусундагы өкүлү: “МАРКУМДУН ДЕНЕСИНДЕГИ ТАКТАР 2-3 КҮН МУРУН ПАЙДА БОЛГОН ДЕШТИ”

– Мага Оштун СИЗОсунан 4-декабрь күнү таң атпай чалышып “түндө эки шектүү асынып алыптыр, өлүктү сойгону жатабыз, келип күбө болуп, окуя болгон жерди көрүп кетиңиз” дешти. Барып көрдүм, жаш жигиттер экен. Шектүүнүн жакындары “кыйноо болгон, атайын өлтүрүп коюшту” деп ызылдап ыйлап жатышты. Маркумдардын бирөөсүнүн денесиндеги тактарды мен да көрдүм. Бирок дарыгерлер аны окуядан 2-3 күн мурун пайда болгон так дешти. Андан башка кыйноонун белгилерин көргөн жокмун. Экспертизанын жыйынтыгын прокуратурага өткөрүп бердик, калган ишти ошол түзүм жүргүзүп, сотко өткөрүп берет. Маркумдун жакындарын түшүнөбүз, ар бир ата-эне баласын аппагым дейт, күнөөсү далилдене элек балдардын минтип каза тапканы аянычтуу жагдай болду.

Башкы прокуратура: “КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН ШАЛААКЫЛЫГЫ БОЮНЧА ДА ТЕРГӨӨ ЖҮРҮҮДӨ”

– Ош шаарындагы №5 тергөө абагындагы кылмышка шектүүлөрдүн өлүмү боюнча тергөө аягына чыга элек. 4-декабрь күнү саат 01:50 чамасында өспүрүм кызды зордуктап өлтүрүүгө шектелген 2 жарандын денеси ажатканада шейшепке асылган абалда табылган. Жансыз денелерге сырттан кароо жүргүзгөндө кандайдыр бир жаракаттар аныкталган эмес. Учурда окуя боюнча соттук-медициналык жана башка экспертизалар дайындалып териштирүү иштери жүрүп жатат. Мындан тышкары тиешелүү кызмат адамдарына карата “шалаакылык” беренеси боюнча материалдар реестрге катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталды.

“ООР КЫЛМЫШЫ ҮЧҮН ӨМҮР БОЮ АБАКТА ОТУРГАНГА АЛАР ТАТЫКТУУ”

Шектүүлөрдүн сот иши боюнча маркум, 14 жаштагы Айдайдын жакындарына байланышканыбызда: “Кызыбыздын өлүмү боюнча сот иши 8-декабрда каралып, кайра 14-декабрга жылдырылды. Тирүү калган эки шектүүгө соттон өмүр бою эркинен ажыратууну сурайбыз. Бизде өлүм жазасы жок экен, ошон үчүн мындай оор кылмышы үчүн өмүр бою абакта отурганга алар татыктуу”,- деп билдиришти.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1045, 16-22-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан