«ЭМИ МАГА БААРЫ БИР» ЫРЫНЫН КЛИБИ КАНТИП ТАРТЫЛГАН?

Жүрөктөн чыккан ыр, обон жүрөккө жетет. Ал ырга тартылган клип таасирдүү болсо көпчүлүктүн эсинде калат. Клиптерге тартылган сценарийлердин көпчүлүгүн кыска метраждуу фильм десек да болот. Ошондой клиптердин бири – ырчы Алмаз Шаадаевдин “Эми мага баары бир” ырына тартылган клип. Быйыл ал клиптин сюжетинин уландысы катары Алмаз мырза “Жаным, кой” аттуу ырына клип тартты. Кепти ушул клипке тартылган каармандар улантат.

Алмаз Шаадаев: «4 ЖЫЛДАН КИЙИН БАЯГЫ АКТЁРЛОРДУ ТААП КЛИП ТАРТТЫК»

– “Жаным, кой” деген ырымдын клиби “Эми мага баары бир” ырынын клибинин уландысы. “Жаным, койдун” сөзү Кудрет Тайчабаровго, обону Эдил Маматовго таандык. Ал эми “Эми мага баары бирдин” сөзү, обону Гүлжигит Сатыбековго таандык экенин билесиздер. 2017-жылы “Фаридам” аталышында концерт бергем, ошол концертке ыр жетпей, кокустан эле “Эми мага баары бирди” жаздырып ырдап калгам. Анан ыр жакшы кабыл алына баштаганда клибин тартканбыз. Клиптин идеясы менеджерим Индира Исаева эжеге таандык.

Арадан 4 жыл өткөндөн кийин “Жаным, койдун” клиби тартылды. “Эми мага баары бирдин” клиби жакшы көрүлгөнү үчүн уландысын тарталы деген идея келген. 4 жылдан кийин кайра ошол актёрлорду таптык.

Нурлан Саякбаев, клиптеги каарман: «БАШЫНДА АТКАРА АЛАРЫМА ИШЕНГЕН ЭМЕСМИН»

– Алмаздын “Эми мага баары бир” ырынын клибине анын менеджери Индира эженин сунушу менен тартылып калганмын. Өмүрү клипке тартылып көрбөгөн жаным башында макул болбой жатып тартылдым. “Жаным, кой” ырынын клиби ошонун уландысы экен. Кызыгы, бул клипти тартабыз деп бир жыл жүрдүк, бири бошосо бири бошобой жатты. Аягында бир күндө эле тартылды. “Жаным, койдогу” кичинекей бала өзүмдүн балам. Биринчи клипте бир аз кыйналгам, кийинкисинде билинген жок. Бутумду 2009-жылы заводдо станокко кестирип алгам.

Таазим Үмөталиева, актриса: «ТҮШҮНГӨНДӨР МАКТАП, ТҮШҮНБӨГӨНДӨР СЫНДАШТЫ»

– “Эми мага баары бирге” тартыларда, мындан 4-5 жыл мурун Индира эже чалып, “толтура актрисалардын ичинен сени тандадык, сүрөттөрдү коюп карасак сенин көз карашың туура келет экен. Бизге кыялы начарыраак келинди ойноп берсең жакшы болот эле. Сценарийде ушундай” деди. Мен дароо эле макул болдум. Тартуу иши 2 күн жүрдү, жол кырсыгына кабылган унаанын үлгүсүндөгүдөй башка унаа издөөгө убакыт кетти. “Жаным, кой” ырынын клибинде “селсаяктын ролунда болосуң” дегенде деле каршы болгон жокмун. Негизи, селсаяктын образын жаратып көрсөм деген оюм бар эле, Алмаз байкенин клибине буюруптур.

Биринчи клипти эл жакшы кабыл алды. Түшүнгөндөр клиптеги ролумду жакшы деп баалашты. Ал эми түшүнбөгөндөр “начар кыз окшойт, жашоодо деле ушундай өңдөнөт, бул күйөөгө тийсе деле жыргатпайт, ушундай келинден Кудай сактасын” деген сыяктуу ар кандай сөздөрдү жазышты. Бул мага катуу деле тийбейт. Жашоодо канча адам болсо, ошончо көз караш бар.

Экинчи клиптен кийин “сонун аткарыпсың, күйөөң жакшы мамиле кылыптыр, чыныгы эркек ушундай болушу керек, аягы жакшы бүтүптүр” деген сөздөрдү уктум. Кыскасы, жаман эмес.

Элхан Айдаралиев, клиптеги каарман: «АБДАН КӨП ШОКОЛАД ЖЕГЕМ»

– Мен 8 жаштамын, учурда 2-класста окуйм. “Эми мага баары бир” ырынын клибине тартылганымда аябай көп шоколад жегем. Тартып жаткандар “отур, тур” деп эле жатышты, айтканын кылдым. Оңой эле болду. Экинчи клипте андагы селсаяк апам менен жолуккан учурду аткаруу кыйын болду, кайра-кайра кайталатып жатты. Клипке тартылган, өзүмдү телевизордон көргөн аябай жакты.

Асел Айдаралиева, Элхандын апасы: «БАЛАМДЫН МААНАЙЫН ТҮШҮРҮШ ҮЧҮН УРУШУШТУ»

– Баламды Алмаз 3-4 жашында бир тойдон көрүп кызыгып калган. Ал күнү Элхан костюм-шым кийип кычырап жүргөн эле. “Эми мага баары бирге” тартылганда анча кыйналган жок, ал эми уландысы тартылганда кыйналды. Бала ыйлап, кайгырыш керек болду. Элхандын маанайын түшүрүш үчүн клип тартуучулар аны урушушту. “Балам, менин селсаяк болуп калганымды, арак ичип, сени таштап кетип калганымды элестет” десем, балам “апа, мен сизди андай элестете албайм, антип ойлогум да келбейт” деп жатпайбы.

Клипке тартылганыбыз үчүн жакшы эле гонорар алдык, таарынткан жок. Клиптеги окуялар жашоого да таасир этет окшойт. Мисалы, “Эми мага баары бирде” унаа авария болгон жери бар го, клипке тартылгандан кийин Элхан ойноп жүрүп бутун сындырып алды. “Жаным, койдун” клибинен кийин батирлүү болуп жатабыз, буюрса.

Эрнист Сыдыков, клипмейкер: «КЛИПТЕГИ КААРМАНДЫН ЧЫН ЭЛЕ БУТУ ЖОК БОЛЧУ»

– “Эми мага баары бирдин” клибин тартарда даярдын үстүнө эле баргам, Алмаз баарын даярдап туруп чакырды. Сценарийин да өздөрү жазышкан. Клиптеги каармандын чын эле буту жок, менден “монтаждан жасадыңарбы?” деп көп сурашат. Алмазга “мен клипте эмне тартсам, жашоодо ошол нерсе орун алат” деп тамашаладым эле. Клипте аварияны тартып жатып “эми авария болбосок экен” деп ойлонуп койгом. Тартып бүткөндөн кийин биз да жол кырсыгына кабылдык.

Индира Сыдыкова, Алмаз Шаадаевдин менеджери: «КЛИПТИН СЮЖЕТИ КИМДИР БИРӨӨГӨ САБАК БОЛСУН ДЕДИМ»

– “Эми мага баары бир” ырын жаздыргандан кийин Алмаз мага жиберди. Угуп жатып эле клиптин сюжетин түзө баштадым да, Нурланга (ред.: клиптеги каарман) дароо эле “сен тартыласың” дедим. Анан Алмазга чалып “Нурлан тартылат, болжолдуу сценарий ушундай болот” деп айттым. Сценарийди башкаларга сабак болсун деп ушундай түздүм. Клип тартууда унааларды табуу кыйыныраак болду. Сүзүлгөн машине таап, ал жерге “Тез жардамды”, милиция кызматкерлерин алып келип уюштуруу оор. Анан сүзүлгөн унааны тартып алгандан кийин дал ошондой үлгүдөгү сүзүлбөгөн унаа издедик. Акыры бир таксистти таптым. Акыркы кадрды тартып келе жатып Эрнисттин үйүнө буруларда сүйүнүп “буюрса, бүттү, эми клиптин монтажы бүткөндө келебиз” дегиче болбой артыбыздан жол тандабас келип сүздү. Кудай сактап баарыбыз аман калдык, Алмаздын унаасы болчу. Сүзгөн унаанын айдоочусу мас экен.

“Жаным, койдун” сценарийи башкача болчу, Алмаз “Эми мага баары бирдин” уландысын тарталы деп калды. Мечиттин жанынан эпизод тартууга жылаң баш барып алыптырбыз, бир киши “жоолук салынып албайсыңарбы” деп эскертип кетти. Таазима менен баласынын жолуккан жери таасирдүү болуш керек эле, ошого басым жасадык. Клиптин тарбиялык да мааниси болушу керек, ушуну эске алдык. Клиптен көргөнүңүздөрдөй, апасы баласы үчүн чыйралып, өзгөрүлөт.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1045, 16-22-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан