Кесип
Ыр жаратуу деле оңой эмес. Акын сөзүн жазып, обончу обон чыгарып, анан ага аранжировка жасалып отуруп, бир топ эмгекти талап кылат. Албетте, мындайда аранжировкачынын да эмгеги чоң. Бизде таланттуу аранжировкачылар арбын. Мисалы, Эркин Мээрканов, Мирлан Ниязов, Ильяз Абдыразаков сыяктуу таланттарды ким билбейт. Эмесе, ырга “көйнөк кийгизген” музыка сүйүүчүлөрү менен таанышып коюңуздар.
ЖАНЫШ МОМУНОВ, 32 жашта.
Туулган жери – Кара-Суу району, Кең-Сай айылы.
Үй-бүлөлүк абалы – 2 уул, 1 кыздын атасы.
Билими – Улуттук консерваториянын эстрада факультетинин жаз бөлүмүндө 3-курста окуйт.
Кол ойноткон музыкалык аспаптары – Аккордеон, флейта, чопо чоор, гитара, барабан.
Аранжировка жасаган ырлары: Бек Борбиев –“Тамчы шүүдүрүм”, Роза Шакирова – “Таппай жүрөм”, Эмил Балтагулов – “Ичпечи, апа”, Ынак Осмоналиев – “Мумиё дарың жок беле”, Динара Акулова – “Сүйүү таза”, Байыш Момунов – “Жүрөгүмдө орун бирөө” ж.б. Мындан сырткары агайы музыкант Эрнист Асаналиев менен бирге классикалык чыгармаларды жазат.
– Канча жылдан бери аранжировка жасап келесиз?
– 6-класстан баштагам. “Динара” тобунда иштеп жүргөндө эң биринчи Динара Акулованын “Суранам” аттуу ырына аранжировка жасагам. Кыскасы, 21 жылдан бери ушул кесипти аркалап келем.
– Ырга аранжировка жасоодо арзандатуулар болобу?
– Мисалы, Байышка бекер. Айрымдар суранышса, айрыкча студенттерге арзандатуулар болот.
– Сиз сыйлаган үн...
– Омар менен Оманын үнү.
– Мээ сергитчү музыка...
– Классикалык чыгармалар.
ӨКТӨМ САПАР уулу, 28 жашта.
Туулган жери – Кадамжай району, Кара-Дөбө айылы.
Билими – Жогорку, ОГПИнин музыкалык факультетин бүтүргөн.
Үй-бүлөлүк абалы – Баткендин күйөө баласы, Канатбектин атасы.
Кол ойноткон музыкалык аспаптары – Аккордеон, гитара, фортепиано.
Аранжировка жасаган ырлары: Дайыр Исмадияров – “Кара көзүм”, Нурлан Насип – “Жоопсуз сүйүү”, “Алданба”, Бек Борбиев – “Күндө эсте”, Добр, Бек Борбиев – “Жапалак”, Замир Арыкбаев – “Чоңоё бергин, кичинекейим”, Мирбек Иманбеков – “Сүйүктүүм, Кайрат Нуртас – “Жолоочу” ж.б.
– Компьютер сиз үчүн...
– Ыр чыгаргыч «заводум», нан тапкыч «тандырым».
– Бир ырга аранжировканы канча сомго жасайсыз?
– 200-500 долларга чейин.
– Ырчылар карызга ыр жаздырышабы?
– Ооба, алардын аттарын атабай эле коёюн. Жөн эле эскертүү: “Супер-Инфонун” кийинки санына чейин карыздарын кайтарып бербесе...
– Студияңыз үйүңүздө болсо, катуу чыккан үндөн улам кошуналар менен келишпестиктер жаралабы?
– Өзүм батирде турам. Бир ыр 2 күндө даяр болот, ага чейин көп эмгек жумшайм. Башында кошуналар урушушчу. Ошондо да кыргыздар эмес, орус улутундагылар. Азыр эми көнүп калышты. Аларга тынчтык керек деп кечки 9-10го чейин иштейм.
МИРЛАН АБДРАЕВ, 24 жашта.
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок.
Туулган жери –Балыкчы шаары.
Билими – Жогорку.
Билген музыкалык аспаптары – Пианино, гитара.
Аранжировка жасаган ырлары: Бактыгүл Бадыева – “Прости”, “Ак кайың”, Мирбек Иманбеков, Султан Садыралиев – “Ыйлабачы”, “Non-stop” тобу – “Почему?”, Гүлжигит Калыков – “Останься со мной”, Аида Кулуева – “Сагындым сени”, Бекчоро – “Мен үчүн белең”(ремикс), Дайыр Исмадияров – “Кара көзүм”(ремикс), “Түн чүрөгү”ж.б.
– Мирлан, ставкаң канча?
– 300дөн 1000 долларга чейин.
– Эң биринчи жазган ырың...
– Фарида Карбозованын аткаруусундагы “Сүйүүнүн кемеси” аттуу ыр.
– Кесиптешиң Эрнестке окшоп, сен да башка кесиптин ээси экенсиң...
– Кесибим башка. Бирок Балыкчыдагы Балдар музыкалык мектебинде окуган кезден баштап эле музыкага сүңгүдүм. Учурда “Ekarecords” компаниясы менен биргеликте иштешем. Кесибим менен иштейин деген ой бар, бирок бул өнөрдү эч убакта таштабайм.
– Алдыга койгон максатың...
– Кыргызстанга жаңы музыкалык идея, стиль киргизүү.
АЗАМАТ ТАКЫРБАШОВ, 31 жашта.
Туулган жери – Бишкек шаары.
Үй-бүлөлүк абалы – 2 баланын атасы.
Билими – Профессионал.
Кол ойноткон музыкалык аспаптары – Пианино, кыяк, гитара, урма аспаптар.
Аранжировка жасаган ырлары: Мирбек Атабеков – “Күндөр жаңырат”, “Кара көз”, “Сагынам”, “Эрке кыз”, “Таласым”, “Садагам Оштой жеримди”, “Кыргызстаным”, “Кыргыз элим” ж.б. Бактыгүл Бадыева – “Сагынам”, “Жалган”, Неля – “Балалыгым”, “Жок, жок”, “Жаным ашкым”, Бураш – “Там где ты, где любовь”, “Не доступная”, Жанэл – “Сенин сүйүүң”, Гүлнур Сатылганова – “Арнайм сага”, Мирбек Иманбеков – “Мөлмөлүм”, Урмат Усенов – “Кыргыз кыздар”, Дайыр Исмадияров – “Жомок”, Кундуз Канатбек кызы – “Алгачкы сүйүүм” ж.б.
– Ырларга өмүр бергениңизге быйыл канча жыл болот? Бир ырдын баасы канча?
–10 жыл. 500-1000 доллар.
– Сиз “Шантелл” тобунда ырдап таанылгансыз, анан аранжировка жасаганга өттүңүз...
– “Эне-Сай” тобунда 4 жылдай иштедим. Кийин “Шантелл” тобун негиздегем. Ырга өмүр бергеним, биздин топтун аткаруусундагы “Өмүр” аттуу ыр болду. Аталган топто 3 жыл иштеген соң өз каалоом менен топтон кеттим. Учурда аранжировка жасагандан сырткары “Звезда караоке” аттуу чоң телешоунун башкы директорумун.
– Сиз үчүн аранжировка искусствобу же акча тапчу булакпы?
– Искусство. Туура, мурда акча табуунун аргасы болсо, акырындап терең кире баштадым. Көңүлгө жаккан ырга элдин жүрөгүнө жаз киргендей обон жараткым келет.
– Бизде дасыккан аранжировкачылар барбы? Болсо кимдер?
– Бар. Эркин Мээрканов, Мирлан Абдраев, Аман Бержибаев.
– Сиз сыйлаган өнөр ээси ким?
– Мирбек Атабеков. Анткени Мирбек чыгармачылыкты ички дүйнөсү менен кабыл алат, анда жашайт.
– Музыка сиз үчүн кандай дүйнө?
– Өзгөчө. Музыка сагынган адамдын сагынычын жазып, ооруган адамды да дарылай алат.
ЭРНЕСТ ЖООШЕВ, 24 жашта.
Туулган жери – Бишкек шаары.
Билими – Жогорку, кесиби – банкир.
Үй-бүлөлүк абалы – Бекжан аттуу уулдун атасы.
Кол ойноткон музыкалык аспаптары – Гитара, фортепиано, чопо чоор, комуз.
Аранжировка жасаган ырлары: Айдин Шер – “Махабат – өмүр көркү”, “Сүйүү мага келе элек” ж.б. Бегимай Эсенгулова – “Чын эле”, “Сезбедиң”, Зари – “Сезим кайгысы”, Бураш – “Толкундап учамын”, Даниель – “Когда я стану ближе”, “Жүзүң”, Айя Садырова – “Махабат”, Султан Садыралиев – “Бактылуу бол”, Нурлан Насип – “Унуталбайм” ж.б.
– Эрнест, кесибиң музыкант эмес турбайбы...
– Аранжировка жасоо –хоббим. Азыр банкта иштейм. Бирок өмүр бою эле аранжировка жасоону таштабайм деген ойдомун. Анткени жан дүйнөм ыр жаратмайынча жөн калбайт. Менден чыккан ырлар – жан дүйнөмдүн күзгүсү. Ырларга аранжировка жасагандан сырткары өзүм да ырдап калам. “Арманым белең?” “Кайдасың?”, “Карындаш”, “Сен эмес” сыяктуу ырларымдын обону өзүмө таандык.
– Башка кесиптештериң кээде бекер аранжировка жасайт экен, сенчи?
– Мен аранжировканы 200 доллардан жогору жасайм. Бекер жасабайм, анткени өзүмдүн жумушумдун түйшүгүн баалайм.
– Түйшүктү талап кылган ыр кайсы болду эле?
– Нурлан Насиптин “Унуталбайм” аттуу ырынын ремикс варианты.
– Кайсы ырчылар менен иштешкен оңой?
– Даниель менен иштешкен оңой.
Бурул Исмаилова
star@super.kg