Белгилүү төкмө акын, Кыргыз Эл акыны Амантай Кутманалиевди кимдер гана тааныбайт. Айтыш десе дароо эске келчү алптардын бири. Бул жолу төкмөнү бир туугандарынын көзү менен таанып-билели дедик. “Саргашка” акын аталып, журтка атагы чыккан талант жаш кезинде кандай эле?
Тажыгул Осмонкулов, Амантай Кутманалиевдин агасы: “ЖООШ БОЛГОНУ МЕНЕН, СӨЗҮ КУРЧ ЭЛЕ”
– Мен Амантайдын эң улуу байкесимин, 64 жаштамын. Таластын Талды-Булак айылында жашайм. 9 бир туугандын улуусумун. Бир туугандарыма ата ордуна ата болуп калдым, баары менин көз алдымда чоңоюшту. Амантайдын өнөрү кичинесинен эле байкала баштады. Жоош болгону менен, сүйлөгөнү курч болчу, күлдүрүп сүйлөчү. Комуз чертүүнү үйрөнө электе эле жамактап ыр айтып жүрдү. Чыбыкты комуз элестетип чертип тамдын артында эле отурчу. Амантайдын кичине кезин эстегенде ушул картина көзгө тартылат. Мага көргөзбөй ыр жазып жүрчү экен, аны кийин билдим. Бир күнү айылга Эстебес Турсуналиев баштаган таланттар концерт коюп келишип, ошол жерден бирөөлөр “жамактап ырдайт” деп Амантайды көрсөтүшүптүр. Эстебес акын Амантайды ырдатып көрүп, “мага барсын” деген экен. 10-классты бүткөн кези болчу, Талантбек деген иним Амантайды филармонияга алып барып, Эстебес Турсуналиевге тапшырып келген. Ошентип Эстебес акынды ээрчип жүрүп ушундай даражага жетти.
Инилерим мени атасындай көрүп, ийменип турушчу. Союз учуру болчу, көп сүйлөшүп, сырдашпай деле калдык. Шопур болчумун, таң эрте туруп жумушка кетип, кечинде кеч келчүмүн.
“АМАНТАЙДЫН БАЙКЕСИ ДЕШСЕ КУБАНАМ”
– Иним менен сыймыктанам. Көп жерде “Амантайдын бир тууган байкеси” деп урмат калышат, ыраазы болом. Той-ашка барып калсам ырда деп кыйнашат. “Ырдай албайм, биздикинин баарын чогултуп Амантайга берип коюптур, ошол ырдайт” деп калам.
Акын болбогондон кийин ыр жагын көп деле түшүнө бербейм, бул темада сүйлөшпөйбүз деле. Амантайга эч качан “бул жерин минтип айтып койдуң, башкача айтсаң болмок” деген эмесмин. Айтышты кызыгып деле көрбөйм, кээде Амантайдын айтышканын гана көрүп калам. Төкмөлүк улуу өнөр да, өнөрлүү киши ырдайт, жөн киши ырдай албайт. Андыктан акындардын баарын мыкты деп айтам. Башка бир туугандарымдын арасында сөзгө чечени жок, бирок баарыбыздын колубуз жөндөмдүү. Мен унаа оңдойм, мотор жасайм, кесибим өзүмө жагат. Шопурдун баласы шопур болот дегендей, балдарым да техникага жакын, алар да унаа оңдоо жагын аркалап кетишти. Кайтыш болуп кеткен 2 иним тең уста болчу. Бир иним учурда электрик. Баарыбыз жоош, момунбуз.
“КИТЕБИНЕ МЕНИ КОШПОЙ КОЙГОНУ ҮЧҮН ТААРЫНГАМ”
– 2004-жылы “Саркашканын санаты” китеби чыкты. Амантай айылга келди, китебинин ачылышын өткөзүп элди чакырдык. 50-60 кишини коноктоп, батасын алдык, китебин тараттык. Ошентип кайра шаарга кетти. Китебин окусам, мен жөнүндө эч нерсе жазбаптыр. Ошого таарынып жүрдүм. Бир тууган болгондон кийин кайда кетебиз? Бир боорсуң, бүгүн урушуп-талашып, эртең менен кайра кучакташып өбүшө бересиң да. Бир туугандан алыстап кетпейсиң. Айтканымды аткарат, эч качан жок дебейт. Жетет ошол эле.
“АПАМ АЯБАЙ СҮЙҮНГӨН”
– Акын катары аты чыгып калгандан кийин апамдын ыраазычылыгын алды. Апамды Таласка алып барып бир сыйра баштан-аяк кийинтти, апам ошондо аябай сүйүнүп, ыраазы болгон. Апама кошулуп мен да ыраазы болдум. Апам айтыштарын көрүп кубанат, сыймыктанат.
Амантай мурун айылга бат-бат келип турчу, азыр көп келе албайт. Колу бошобойт экен да. Ар кайсы жакта жүрөт, бир күнү Казакстанда, эртеси дагы башка өлкөдө... Биз деле шаарга бир жылда 1-2 жолу эле барабыз. Барганыбызды угуп чакырат, үйүнөн даам сызып, кобурашып чер жазышып отуруп келебиз.
Абдыманап Кутманалиев, агасы: “ТАМЕКИ ЧЕККЕНИМДИ ҮЙДӨГҮЛӨРГӨ ЫР МЕНЕН АЙТЫП КОЙГОН”
– Амантай кичинесинде биз менен көп ойногон жок. Биз бейбаштык кылып койсок, ошону ыр менен үйдөгүлөргө айтып койчу. Бир жолу чоңдорго кошулуп тамеки тартып койсом, аны Амантай көрүп калып, үйдө чайга отурганда апамдарга ыр менен айтып салган. Бизге окшоп чүкө, лянги ойногонун, балдарга кошулуп бейбаштык кылганын көргөн жокмун. Балдар менен мушташып, бирөө менен урушканын да көрбөпмүн.
Үйдө сүрөт тартып, бир нерселерди жазып эле отурчу. Анысына көп деле көңүл бурчу эмеспиз, өнөрү бар экен деп колдоо көрсөтүү деле оюбузга келген жок да ал кезде. 1988-1990-жылдар болчу, Амантай айтышка чыгып биринчи жолу баш байге утуп алган. Анда интернет жок, “радиодон уктук” деп бирөө үйгө сүйүнчүлөп барган. Баарыбыз кубандык. Апам да кубанып, сыймыктанып башкаларга далайга чейин айтып жүрдү.
Амантай ишенчээк, ак көңүл. Бирөөнүн көңүлүн калтырганын, катуу урушуп, сөгүнгөнүн уга элекмин, бирөөгө жаман айтканын да уккан жокмун. Майда-чүйдөгө маани берип теңеле бербейт, талашып тартышпайт.
Башка бир туугандар арасында өнөрлүүбүз жок. Учурда Орусияда жашап жаткан карындашымдын гана ырдоо, куйкум сүйлөө жагынан окшоштугу бар. Бир кезде мен да кызыгып жүрдүм. Канча аракет кылсам да комуз, гитара чертүүнү үйрөнө албай койдум.
Перизат Музуратбекова