Акылай Калбердиева, бийчи, модель: “МОДЕЛДИК КАРЬЕРАМДЫ ЧЕТ ӨЛКӨДӨН УЛАНТСАМ ДЕЙМ”

Чимириле бийлеп концерттерде сахнаны көрккө бөлөгөн бийчи, бир топ клиптердин каарманы болгон модель Акылай Калбердиеваны кепке тарттык. Ал бала кезинен бий чөйрөсүндө келсе, бийдин аркасы менен моделдик тармакка аралашкан. Бийчи кыз тууралуу төмөнкү маектен кененирээк маалымат ала аласыз, окурман.

– Салам, Акылай? Өзүң тууралуу айтып берсең, кайсы жердин кызысың, балалыгың кайда өттү?

– Саламатсыздарбы? Жердигим Жалал-Абаддан болот, кичинемден Бишкекте жашайм. Учурда 20 жаштамын. 9-классты бүткөндөн кийин Бишкектеги Финансы-экономикалык техникумга тапшырып, окууну кызыл диплом менен аяктагам. Андан соң Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине тапшыргам. Учурда 3-курстун студентимин, багытым котормочулук, француз, англис тилдерин үйрөнүп жатам.

– Бий чөйрөсүнө качан аралаша баштагансың?

– Негизи, бала кезимден эле бийлегенди жакшы көрөм. Бийге болгон кадамдар көркөм гимнастикадан башталды. 7 жыл заманбап бий менен алектенип, андан кийин апам мени улуттук бийге “Береке” ансамблине алып барган. Жетекчибиз Айнура Кыдыралиева эң мыкты хореограф. Анын эмгегинин аркасында “Берекеде” 10 жылдан бери бийлеп келе жатам, ич ара абдан ынтымактуубуз. Экинчи үй-бүлөм десем болот.

– Моделдик кызыгууң качан ойгонду? Кимден же эмнеден таасирлендиң?

– Концерттерде бийлеп, ар кандай тартуу иштерине катышып жүрдүм. Ошентип кийим дүкөндөрүнүн ээлеринин көзүнө илиндим. Анан мени модель катары жарнамалык роликтерге тартылууга чакырышты, барып тартылуу процесси менен тааныштым, баары кызыктуу болду. Моделдердин подиумда өзүн алып жүргөнү мага абдан жагат. Моделдик менен алектенип жатканыма 5 жылдай болуп калды.

– Моделдикке аралашканыңды ата-эне, жакындарың кандай кабыл алышты? Каршы пикирлер болгонбу?

– Ата-энеме абдан ыраазымын. Алар мени кандай иш, кандай жагдай болбосун ар дайым колдоп турушат. Эң негизги тирегим, колдоочум – менин үй-бүлөм. Моделдик тармакка аралашканымды кубануу менен гана кабыл алышты.

– Жакында Бишкекте Мустафа Сандалдын концертинде бийледиң. Ушул тууралуу да сөз кылсак...

– Бул концертке абдан даярдандык. Буга чейин деле Akcent, Шахзода, Кайрат Нуртас, Жанар Дугалова сыяктуу чет элдик ырчылардын концерттеринде бийлегем. Ар биринин өзүнүн энергиясы бар. Бүтүндөй концерттин көрүүчүлөрүн, ошол эле учурда бизди дагы өзгөчө сезимдерге бөлөп турат. Мустафа Сандалдын концертинде чыгыш бийи менен жеке өзүм бийлеп чыктым. Анын мукам, өзгөчө үнү бар эмеспи. Анын ырына бийлөө мага ырахат тартуулады.

– Алдынкы катарга жалаң мыкты бийлегендер турат, начарыраак бийлегендер арткы катарда бийлешет деген чынбы?

– Бул сөздүн кайсы бир деңгээлде чындыгы бар. Бирок биздин ансамблде бардык кыздар жакшы бийлешет, баары өз иштерин жакшы билишет. Болгону кимдин тажрыйбасы көп болсо ошолор гана алдыга чыгып бийлешет.

– Бийчилердин көшөгө артындагы кыйынчылыктары тууралуу сөз кылбайлыбы?

– Эл алдына даярданып, атайын формаларды кийип, сулуу болуп чыгабыз да. Сахна артында күлкүлүү, кызыктуу, ошол эле учурда оор дагы учурлар болот. Бир ирет Кайрат Нуртастын концертинде биздин бийлей турган ырларыбыз катарынан коюлуп калыптыр. Кийимдерибизди алмаштырууга убакыт тартыш, жетишпей жаттык. Шашып чыгып жатканыбызга карабай эл алдына дапдаяр тургандай чыгып жаттык. Анткени көрүүчүлөрдүн купулуна толушубуз керек, бизди суктануу менен көрүшү керек дегендей.

– Кайсы клиптерге тартылгансың?

– Негизи клиптерге тартылууга көп эле чакырышат. Алгачкы жолу 11 жашымда Азамат Сарыбаевдин “Кумар көз” деген ырынын клибине тартылгам. Чынын айтсам, кайсы клиптерге тартылганым деле эсимде жок. Эстегенимди санап берейин. Руслан Абыловдун “Кыргызымдын сулуу кыздары”, Нияз Касымовдун “Тамшана”, Элзар Тиленбаевдин “Коңгуроодой күлкүңдөн” деген ырларынын клиптерине тартылдым.

– Моделдерге кээде ачык кийинип сүрөткө түшүү керек болот, буга канчалык даярсың?

– Модель сөзсүз эле ачык кийинип сүрөткө түшүшү керек эмес. Моделдер дагы ачык кийинүүгө макул боло тургандар жана макул болбогондор деп экиге бөлүнөт. Мен ачык кийинип тартылууга макул эмесмин.

– Моделдик карьераңды чет өлкөдөн улантуу пландарың барбы?

– Албетте, моделдик карьерамды чет өлкөдөн улантууну каалайм. Жакында эле АКШда болдум. Алардын моделдерин, чоң масштабды көрүп ал жактагы атмосфераны сезип келдим. Бул жаатта ойлонуп жүрөм.

– Моделдик же бийчилик, сага кайсынысы жакын?

– Мага бийлөө кандай жакса, моделдик чөйрө дагы ошондой эле жагат. Ар биринин өзүнчө ырахаты бар. Сахнада бийлегенди, ар кандай көрсөтүүлөргө тартылганды, подиумга чыкканды жан дилим менен жактырам.

– Маегиңе рахмат. Өркүнүң өссүн!

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1045, 16-22-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан