ТУЗ – АЗ ИЧСЕҢ ДА, КӨП ИЧСЕҢ ДА ЗЫЯН

Туз – натрий хлоридинин куб формасындагы кристаллдары. Адам тузсуз жашай албайт, бул жолу ушул каражат тууралуу кызыктуу маалыматтарды билип алыңыз.

БОЗ, КҮРӨҢ ЖАНА КАРА ТУЗ

Туз даамы, формасы, өңү жана туздуулугунун деңгээли боюнча айырмаланат. Ашкана тузунун курамында болжол менен натрий 39, хлор 60 пайызды, калганын кальций, магний, эрибеген аралашмалар жана суу түзөт. Ал эми деңиз тузунун курамында көбүнчө тузга өң берүүчү башка минералдардын аралашмалары кездешет. Алар тузга боз, күрөң, кызгылтым жана башка түстөрдү берип турат.

КҮНҮМДҮК НОРМА КАНЧА?

Адамдын организминде болжол менен 70-110 грамм туз бар. Мисалы, кан, лимфа, шилекей, ашказан былжыр чели, сөөктө, булчуңдарда, нерв ткандарында. Мунун канча бир бөлүгү тер, көз жаш, заара аркылуу сыртка чыгып турат. Адам күн сайын тамак-аш аркылуу 12 граммга чейин тузга ээ болот. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 1 күндө кабыл алынуучу туздун өлчөмү 5 граммдан ашпашы керектигин, андан ашса адамда оорулар жараларын эскертип келет. Демек, тузду аз ичсең да, көп ичсең да зыян.

ТУЗ АДАМГА ЭМНЕГЕ КЕРЕК?

Туз – гемоглобиндин жашашы үчүн керек.

Ашказанда туз кычкылынын жаралышы үчүн зарыл. Ансыз жеген тамак-ашыбыз эрибейт.

Туз – тамак-аштын сиңишине таасир этүүчү шилекейдин бөлүнүп чыгуусун шарттайт.

Кан басымдын бир калыпта болушуна таасир этет.

Туздун курамындагы натрий кан тамырларда топтолуп калган холестериндин чыгышына себепчи болот.

ТУЗ ОРГАНИЗМДЕ ЖЕТИШСИЗ БОЛСО...

Кандын плазмасындагы туздун азайышы организмдеги зат алмашуунун бузулушуна алып келет. Зат алмашуу бузулса оорулар жаралат.

Организмде жаңы клеткалар жаралбай калат, клеткалардын өсүүсү кечеңдейт. Жетишсиз туздун орду толукталбаса клеткалар өлөт.

Нерв оорулары, психикалык дарттар жаралат.

Булчуңдар жакшы иштебей калат.

Организмде туз дайыма жетишсиз болсо адам өлүмгө учурайт.

АШЫКЧА ТУЗДУН ЗЫЯНЫ

Көрүү начарлайт, катаракта оорусу жаралат, көз ичиндеги басым жогорулайт.

Бөйрөктө нефрит, нефроз оорусу, таш пайда болуусу мүмкүн.

Ашыкча туздар башка органикалык эмес туздар, кычкылдар менен кошулуп муундарда туруп калат да, подагра оорусунун жаралышына себепкер болот.

Ашыкча туз денедеги сууну чыгарбай клетка жана кан тамырларда кармап калат. Бул жогорку кан басым оорусунун жаралышына алып келет.

Ашказан рагы, остеопороз келип чыгат.

Организмдеги гормондордун бөлүнүп чыгуусу бузулат.

Ашыкча тузду организмден чыгарыш үчүн курамында калий бар азыктарды, мисалы, помидор, сууга же электр мешине бышырылган картошка, сельдерей жана башкаларды жеш керек.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1045, 16-22-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан