Айгерим Расул кызы, ырчы: “ЭЧ КИМГЕ ТААРЫНБООНУ ҮЙРӨНДҮМ”

Айгерим Расул кызы деген ысым шоу-бизнесте кечээ эле жарала калган жок. Бала кезинен чыгармачыл чөйрөнүн ысык-суугун көрүп, сахнада өз ордун таап, тынымсыз эмгектенип келе жаткан ырчы айым бул аптада гезитибиздин башкы бетин көркүнө чыгарды. “Жашоо мени эң сонун тарбиялап жатат. Стратег, сабырдуу, күчтүү, темирдей бекем, курч мүнөздүү айымга айландым”,- дейт ал.

– Саламатсызбы, Айгерим? Жыл аяктап баратат, 2022-жыл сиз үчүн кандай жылдардан болду?

– Саламатсыздарбы? Кудайга чексиз шүгүр, 2022-жыл мен үчүн абдан ийгиликтүү, майлуу-сүттүү жыл болду. Жеке жашоомду көп жарыя кылбагандыктан биздин үй-бүлө үчүн эң сонун жемиштүү жыл болду десем жаңылышпайм. Ошол эле учурда бул жыл менин руханий өсүшүмө түрткү берди. Ал эми чыгармачылык жаатта дагы изденүүнүн жылы болду деп ойлойм. Жаңылыктар, пландар абдан көп. Бирок алдын ала айтканды туура көрбөйм, жакында билесиздер.

– Бир күнү Ош менен Жалал-Абадда, эртеси Бишкекте жүргөн болосуз, чарчаган учурларыңыз болобу?

– Азыр талыкпай иштей турган убагым, чарчаганга акым жок. Элимдин жакшылыктарында, эң маанилүү, бактылуу күндөрүндө алар менен чогуу болуу – мен үчүн чоң бакыт. Сени күткөн, жылмайган жүздөрдү көргөндө кантип чарчайсың.

– Жан дүйнөңүз чарчаган учур да болбойбу? Кайсы бир учурда той-концертти жыйыштырып, өзүңүзгө эс алуу жарыялашыңыз мүмкүнбү?

– Менин жан дүйнөм чарчабайт. Азыр энергиям ашып-ташып иштейм жана иштейм деп турган чагым. Ал эми катардагы эс алуу жөнүндө айтсам, үй-бүлөм менен балдарымдын жытын жыттап, аларга түрдүү тамактарды жасап берип, кеңири уктагандан, эч жакка шашпай убакыт өткөргөндөн ырахат алам.

– Сахнадагы образдарыңыз дайыма өзгөчө, бул жаатта өзүңүз изденесизби же бул ишти атайын адиске тапшырдыңыз беле?

– Бардык образдарымды өзүм ойлоп табам. Идеяга аябай бай адаммын.

– Сизди сахна ханышасы деп аташат. Буга башка сахналаштарыңыз чычалашы мүмкүнбү?

– Мени сахна ханышасы деп атагандары, албетте, мага жагымдуу. Ошол статуска татыктуу болгонго дайым аракет кылам.

– Чыгармачылык үй-бүлөлүү аялзаты үчүн оор дегенге кошуласызбы? Энелик, жубайлык, келиндик милдеттер кантип жатат?

– Аялзаты үчүн эле эмес, негизи эле чыгармачыл үй-бүлөлүү инсандан эки жакты тең алып кетүү чоң мээнетти, эмгекти, убакытты талап кылат. Түгөйүң колдобосо, албетте, өсүү кыйын, бир жактан болбосо, бир жактан аксайсың. Андыктан түгөйлөр бири-бирин колдоп, түшүнүп иш алып барса гана ал үй-бүлөдө ийгилик жаралат. Иште иштей, үйдө үйдөгүдөй жүргөн айыммын. Албетте, баарына жетишүү оңой эмес. Ортодо балансты кармап, убакытты туура бөлүштүрүп, баарына жетишкенге аракет кылам.

– Шоу-бизнесте кимди өзүңүзгө атаандаш деп эсептейсиз?

– Эч кимди атаандаш көрбөйм, ар бир ырчынын өзүнүн күйөрмандары бар.

– Расул агай мыкты ырлардын автору. Сизде дагы обон жаратууга шык барбы?

– Шыгым бар, буюрса, кезеги келгенде чыгат. Ал үчүн кенен, шашпай изденүүгө убакыт болушу керек экен.

– “Аялдардын ортосунда чыныгы достук болбойт” дешет экен, буга кошуласызбы? Достукка кандайсыз?

– Чынында азыркы заманда чыныгы дос табуу кыйын. Эң башкысы – кеп достордун санында эмес, сапатында... Жөнү жок эле достун санын көбөйтүп, баары менен дос боло берүүнү туура көрбөйм. Жеке өзүм жөнүндө айтсам, достукка абдан бекеммин. Достукта сабырдуумун, кечиримдүүмүн, таарынчаак эмесмин, көп нерсеге көз жумуп коё алам. Жакшылыгым менен бөлүшкөндү билем, колумдан келген жардамымды аябайм.

– Сиз үчүн бакыт деген эмне?

– Мен үчүн бакыт – менин үй-бүлөм. Ата-энем, жолдошум, балдарым, бир туугандарым, кайын журтум, анан, албетте, сүйүктүү Кыргыз элим.

– Жашоодон кандай сабак алдыңыз? 5 жыл мурдагы Айгерим менен азыркы Айгеримдин айырмасы барбы?

– Кудайга, жашоонун сабактарына, баарына шүгүр. Жашоо мени эң сонун тарбиялап жатат. Стратег, сабырдуу, күчтүү, темирдей бекем, курч мүнөздүү айымга айландым. Ар бир катачылыгыма ыраазымын, себеби биз ката кетирмейинче ал иштин кантип туура жасалышын билбейбиз да. Ар бир пенде ката кетирүүчү, андыктан эч кимге таарынбоону үйрөндүм. Беш кол тең эмес дейт эмеспи, бир гана өзүмдү эле эмес, баарын ар тараптан карап, психологиялык жактан анализ кылганды өздөштүрдүм.

– Маегиңизге рахмат. Эмгегиңиздин артында ийгиликтер көп болсун!

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1046, 23-29-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан