АБАЙЛАҢЫЗ, ЧОЧКО ТУМООСУ КҮЧ АЛУУДА

Дүйнөдө, анын ичинде Кыргыз жеринде чочко тумоосу күч алууда. Расмий маалыматка таянсак, 2022-жылдын 5-11-декабрь аралыгында өлкөдө чочко тумоосун жуктуруп алган 118 адам катталган. 2009-жылы дүйнөгө дүрбөлөң салган илдет 12 жылдан кийин кайталанууда. Тумоонун бул түрү эмнеси менен коркунучтуу? Макаладан кеңири маалымат ала аласыз.

Тарыхы

Чочко тумоосу пандемиясы 2009-жылы Мексикадан башталган жана 200дөн ашык өлкөнү кучагына алган. 370 миңдей адам ооруп, 5 миңден ашык адам каза тапкан. 2010-жылы ноябрда АКШда, декабрда Финляндия, Эстония, Австралия, Жаңы Зеландия, Сингапурда, 2011-жылы январда Японияда катталган.

Тумоо вирустардын мутациясы

Чочко тумоосу – 2009-жылы чочкодон адамдарга жугуп, ошондон аталып калган термин. Тумоонун вирусу адамдын, чочконун, куш тумоосунун вирустарынын мутацияланган түрү. Башкача айтканда, сасык тумоонун бир түрү. Белгилениши – A/H1N1, аба аркылуу (шилекей, чүчкүрүк, жөтөл) жугат. Вирус 2-3 метр аралыктан жугуп, ичке кирген соң өтө тез көбөйөт. Мисалы, 1 суткада вирустардын саны 1 миллиардга жетип калат. Вирустар мурундун, кекиртектин былжыр челдерине жабышып ичке кирет. Айрым учурда майда бронхторго жана өпкө альвеолаларына чейин өтүп кетип, оору оор кармайт.

Тумоонун белгилери

Кадимки сасык тумоонун белгилеринен көп деле айырмаланбайт:

  • Дене табынын көтөрүлүшү (38 градустан жогору), чыйрыгуу
  • Шалдыроо
  • Көздүн оорушу, көздөн жаш агуу, жарыкты карай албай калуу
  • Жөтөл
  • Демигүү, жүрөктүн бат-баттан согушу
  • Баштын (көбүнчө маңдай), булчуң жана муундардын оорушу
  • Беттин шишиши, өңдүн бозорушу
  • Тамактын ооруп кызарышы, кычышуусу, көкүрөктүн оорутушу
  • Мурундун бүтүшү
  • Дененин, булчуңдардын жанчылып оорушу
  • Көңүл айлануу, кусуу, айрымдарда ич өтүү
  • Өнөкөт оорулар козголуп, мурун канашы да мүмкүн

Кандай учурда бейтап ооруканага жаткырылат?

  • Дем алуу кыйындап, энтигүү күтүлсө
  • Тамак ичпей калса, кусуу токтобосо
  • Баш айланса
  • Эси ооп жыгылса
  • Дене табы улам көтөрүлсө, аны түшүрүү кыйын болсо
  • Тери көгүш тартып калса (кычкылтектин жетишсиздигинин белгиси)

Анализ

  • Кандын жалпы жана биохимиялык анализи
  • Какырык
  • Өпкөнүн рентгени жана компьютердик томографиясы
  • Жүрөктүн электрокардиограммасы

Дарылоо

  • Вируска каршы дарылар, анын ичинде тамчылатма дары
  • Дене табын түшүрүүчү каражат
  • Мурунга тамызуучу, тамакка чачуучу дары
  • Суюктукту көп ичүү (денедеги ууларды чыгаруу үчүн). Мисалы, суу, чай, шире, компот.
  • Ооруган жана аны караган адам беткап тагынышы зарыл
  • Ооруп айыккандан кийин адам узакка алсырап, убак-убагы менен чыйрыгып, дене табы 37-37,5 градуска чейин көтөрүлөт. Кээде жүрөгү бат-бат согуп, тамакка табити жоголот. Ооруп айыккан соң аталган вируска каршы организмде иммунитет жаралат, бирок вирустар мутация боло бергендиктен башка штаммда адамга кайра жугушу толук мүмкүн.

Сактануу эрежелери

  • Иммунитетке таасир этүүчү негизги фактор – тамак-аш. Иммунитет бекем болушу жана оору козгогучтар менен жакшы күрөшүүсү үчүн ичегилер жакшы иштеши кажет. Иммунитет – ичегилерден 80 пайыз көз каранды. Андыктан ичегинин иштешине зарыл болгон тамак-ашты жеп туруу кажет. Алардын эң негизгилери: сөөктүү эттин шорпосу, жашылчалар, айран, быштак, көк чөптөр, ачытылган капуста
  • Эгер адам камыр тамактарды, таттууларды көп жесе организм оору козгогучтар менен жакшы күрөшө албай калат
  • Коомдук жайларда беткап тагынып жүрүү
  • Эл көп чогулган жерлерге, мисалы, дүкөн, кинотеатр, базарларга балдарды алып барбоо
  • Колду бат-баттан самындап жуу
  • Үйдү тазалап, чаңдарды ным чүпүрөк менен сүртүү
  • Коомдук унаада бет, мурун, көздү кармалабоо
  • Үйдөн чыгарда жана түштө мурунга оксолин же виферон дары майын сыйпоо
  • Үйгө келгенде мурунду, тамакты туздуу суу менен чайкоо
  • Балдардын мурундарын физиологиялык эритме менен жууп туруу

“Тумоонун туу чокусу январда күтүлөт”

Зуридин Нурматов, вирусолог:

– Январдын ортосунда чочко тумоосунан жабыркагандар эң көп катталары күтүлүүдө. Анткени вирустардын толкуну убак-убагы менен жүрөт. Бирок бул тумоодон коркуунун кереги жок, кадимки сасык тумоонун бир түрү. Коронавирус менен Кыргызстанда элдин дээрлик 92 пайызы ооруп, адамдардын иммунитети канчалык бир деңгээлде начарлап кеткен. Ушул себептүү чочко тумоосу оорураак өтүп жатат. Адам бир эле кезде сасык тумоо жана чочко тумоосу менен же коронавирус менен да, чочко тумоосу менен да ооруп калышы мүмкүн. Бирок мындай учур өтө чанда кездешет.

Коронавирус менен чочко тумоосунун айырмасы – экөөнүн вирустары эки башка. Оорунун белгилери окшошураак. Коронавируста адам жыт, даам сезбей калчу, анан оору бат эле пневмонияга айланып кетип жаткан. Чочко тумоосунда жыт, даам сезбей калуу жок. Бирок убагында дарылабаса, пневмонияга айланып кетүү коркунучу бар. Коронавирустун касиети 2020-жылдагыдан өзгөргөн, адам жеңил ооруйт, өлүмгө учуроо өтө аз. Ооругандардын 1 пайызы гана ооруканага жатып дарыланат.

“Сасык тумоонун эле вакцинасы сайылат”

Оорулардын алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаменти:

– Кыргызстанда чочко тумоосуна каршы атайын вакцина жок. Бул кадимки сасык тумоонун бир түрү болгондуктан сасык тумоонун эле вакцинасы сайылат. Өлкөдө сасык тумоонун мезгили баштала электе эле элге 130 миң доза вакцина сайылган.

“Чочко тумоосу менен 1 айда 11 адам түштү”

Гүлжигит Аалиев, Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы врачы:

–20-декабрга карата биздин ооруканада чочко тумоосуна каршы дарыланып жаткандар жок. Буга чейин
1 ай ичинде 11 адам дарыланып кетти, көбү балдар эле. Арасында оорусу пневмонияга айланып кеткендери болду. Кадимки сасык тумоону дарылагандай эле дарылоо жүргүзүлөт. Чочко тумоосунда дене табы абдан көтөрүлөт, түшүрбөсө адам калтырап-титиреп баштайт.

Оору күчөп кетсе пневмонияга айланып кетет. Бул көбүнчө кош бойлуу аялдарда, 2 жашка чейинки балдарда, 65 жаштан жогорку курактагыларда, кант диабети, жүрөк-кан тамыр жана дем алуу жолдорунун өнөкөт оорулары барларда, иммунитети начарларда кездешет.

Сасык тумоо жана анын түрлөрү жылдын суук мезгилинде жайылып, адамдар көп оорушат. Буга вирустардын төмөнкү температурага туруктуу болору, суукка урунган адамда иммунитеттин алсыз болору себеп.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1046, 23-29-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан