Аксай Мукамбет уулу, ырчы: “АПАМДЫН ЛАГМАНЫН БААРЫ ТАМШАНЫП ЖЕШЕТ”

Баарыбызга өмүр тартуулап, үйдүн түркүгү болуп, улуулукту-сулуулукту даңазалап келе жаткан – бул аялзат. Андыктан аялзаты тууралуу сөз кылуу да өзүнчө бир сыймык. Бул сапар Кыргыздын алтын үндүү ырчы уулу Аксай Мукамбет уулу менен жашоосундагы аялзаты тууралуу кеп кылдык.

“АПАМА АЗЫР ДЕЛЕ ЭРКЕЛЕЙ БЕРЕМ”

– Аялзаты дегенде кеп апамдан башталат. Апамдын аты Тамара, 1964-жылкы, баатыр эне. Үй-бүлөдө жети бир тууганбыз. Ата-энем баарыбызды эч нерседен кем кылбай, мээримин төгүп, тарбиясын берди. 90-жылдары элдин баары кыйналган да, ошого карабай жок эмне экенин билдирбей чоңойтту. Элден калбасын, турмушунда кыйналбасын, келечектери кең болсун деп баарыбызды жогорку окуу жайга тапшыртып, кесип ээлери кылды. Мен апама жакын болуп өстүм. Экөөбүз сырдашчубуз, атама айтпаган сөздөрдү апама айтчумун. Атам менен олуттуу нерселерди гана сүйлөшөбүз. Азыр деле апама эркелей берем. Абдан шайыр адам, жакшы ырдайт. Талаа иштетчүбүз, апам кетменин көтөрүп алып ырдап эле жүрө берчү. Көбүнчө советтик ырларды ырдачу. Ошондо мага дагы сиңип калган көрүнөт, мен дагы советтик ырларга жакынмын.

Апамдын кондитердик кесиби бар. Негизи ар бир балага эненин тамагы сонун болуш керек. Бирок апамдын тамагы өзгөчө даамдуу. Башка туугандарыбыз үйгө келгенде “Тамаранын лагманын жеп кетпесек болбойт” деп калышат. Баары апамдын лагманын мактап, тамшанып жешет. Очокко бышкан тамак дагы өзгөчө болот эмеспи.

“ТӨРТ КЫЗДЫН АРАСЫНДА ЭРКЕ ӨСТҮМ”

– Негизи, аялзатына баймын. 4 эжем, бир карындашым бар. Улуу эжемдин аты Элнура 1985-жылкы, андан кийинкиси Элмира 1986-жылкы, анан Мираида 1987-жылкы, анан Жазгүл 1989-жылкы. 1990-жылы төрт кыздан кийин мен төрөлгөм. 2000-жылкы Курманжан деген карындашым бар. Андан кийин Акылбек деген иним бар. Үйдө бешөөбүз удаабыз, төрт кыздын арасында жалгыз эркек болуп эрке өстүм. Эжелерим турмушка чыгышкан, апама окшоп баары тың. Жогорку билимдүү, учурда өз кесиптери менен иштеп жүрүшөт. Үйдө ырдап, чыгармачылыкка ыктаганы мен элемин. Мектепти бүткөндө Искусство университетине тапшырам десем баары “ырчылыкты эмне кыласың?” дешкен.

Абитуриент болуп келгенде Элмира эжем Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетине, Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине алып барып, ушул жакты байкайлы деп туруп алды. Мен болсо “Искусство университети каякта? Ошону бир көрсөтүп коюңузчу, барып келели” деп турам. Эжем көңүлү калбасын деди окшойт, алып барды. Ошентип Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетине тапшырып калгам.

“ЖУБАЙЫМ АБДАН САРАМЖАЛДУУ”

– Жубайым Айчүрөк экөөбүздүн баш кошконубузга билинбей 8 жыл болуп калыптыр. Ошондон бери тытышып эле жашап келе жатабыз (күлүп). Жашоо ошонусу менен кызык турбайбы, тамаша. Негизи жубайым экөөбүз катуу тамашалашабыз. Айрымдар бизди карап түшүнбөй калышат. Айчүрөк жакшы жубай, мыкты эне. Өтө таза, үйдү тазалап эле турат, чаң жугузбайт. Жакшы сапаттарын санасам абдан көп. Бир сөз менен эле абдан сапаттуу жубай, оригинал, көчүрмөсү жок деп коёюн. Чыгармачылыгымды жакшы түшүнөт. Эгер кызганчаак бирөө болсо ошонун айынан эч жакка чыга албай калмак болушум керек. Апама окшоп тамакты таптап, дамдуу кылып жасайт. Акча менен иши жок, акчаны обу жок эле корото бербейт, сарамжалдуу. Үйдө айрым жумуштарга кол кабыш кылып турам. Өзү бийчи, балдарды карап үйдө отуруп калган. Ушул тапта жумушка чыкты, хореограф болуп иштеп жатат.

“ЭКИ КЫЗЫМ ТЕҢ ЫРГА ЖАКЫН”

– Даткайым, Айданек деген эки ширин кызым бар. Улуусу менин эле көчүрмөм. Кичүү кызым эжелериме окшош. Кичинекейим мага абдан жакын, мени өпкүлөй эле берет. Кызы ушинтип жатса ата эмне кылат, эрип калат да. Кандай чыргоолонбосун баарын көтөрөбүз. Эмне десе ошону аткарабыз. Кээде мемиреп уктап жатсам үстүмө секирип салат, чу-чу деп ат кылып ойнойт. Кээде уктап жатсам үстүмдү жаап калат. Жумуштан барганда аталап чуркап тосуп алышат. Улуу кызым жоош, кумурскага да зыян келтирбейт. “Тиги кумурсканы өлтүрүп койчу” десең, “жок, өлтүрбөйм” деп болбойт. Кичүү кызым өтө чыр, улуу кызымды сабап коёт. Ал “мени уруп жатат” деп ыйлап кала берет. Чачынан жулуп жатса дагы туруп берет. “Сен деле чаппайсыңбы” десек, “жок, ал кичинекей да” деп коёт.

Эки кызым тең ырга жакын. Обонду, ырды жаттап алганга жөндөмдүү. Өзүм үйдө көп ырдагандыктан алар деле көнүп калышты да. Бир ырды жаттап жатсам, жаныма отуруп алып кошо жатташат. Ыргактан, тондон чыгып кетишпейт. Үндөрү жетпей баратса бир октава ылдый түшүп коюшат. Буларды көрүп баланын дээринен болот окшойт деп калам. Анан улуу кызымды “Акшоола” балдар хоруна бергенбиз. Азыр кичүү кызым да барып жатат. Кыздарымдын шыгын көрүп, өзүбүз үчүн “Кандай бакыт кыргыз болуп калганым” деген ырды жаздырып койгонбуз. Жакында эле бир иш-чарага суранышып, чогуу ырдап чыктык. Негизи, өзүм кыздарымды эки жакка чыгара берүүнү каалабайм. Азыр булар бала да, кызыгып жөн эле ырдап жаткандыр. Кадимкидей эле балалыктын доорун сүрүп чоңоюшун каалайм.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1046, 23-29-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан