Демилгечи депутат Улан Бакасов: “Депутаттык трибуна – элдин үнү, бул укукту эч ким жокко чыгара албайт. Көйгөйлүү маселелерди ыкчам чечүү үчүн ар бир министрликтин жетекчилери жыйынга келип, маселени депутаттар менен чогуу талкуулашы зарыл”,- деди.
Экс-спикер Дастан Жумабеков “бул мыйзамга президент кол койбой артка кайтарат, 16 министрди жыйынга алып келип жарым күн кармап отуруу мүмкүн эмес” деген пикирин айтты. “Иштейли десек убактыбыздын баарын Жогорку Кеңеш алып жатат деген сөздөр айтылат. Эрежени жеңилдетпесек, мыйзамга вето коюлары турган иш”,- деди Жумабеков.
Жалгыз Эдил Байсаловду парламент жыйынына чакырып келтире албаган Жогорку Кеңештин дарамети 16 министрди бир күндө алып келүүгө жетери күмөн.