Маматалиев абаны булгоодо, адам ден соолугуна коркунуч жаратууда катализатору жок унаалар негизги ролду ойноп жатканын айтат. “Бул мыйзам карапайым элди кыйнабайт, көчөдөн айдоочуларды текшерип айып салуу болбойт” деди демилгечи парламенттин 21-декабрдагы жыйынында.
Расмий маалыматка таянсак, 2022-жылдын 9 айында өлкөгө 25 миңден ашык жеңил автоунаа алынып келген. Демилгечи автоунаадан чыккан уулуу заттар түрдүү ооруларды, анын ичинде онкологиялык илдеттерди жаратарын белгилейт.
– Автоунааларды абаны булгоочулардын өтө кооптуу булагы категориясына киргизүү керек. 1952-жылкы Лондондогу ыш катастрофа деп эсептелет, анда ыштын кесепетинен 4 күндүн ичинде 4 миңдей адам каза болгон,- деп айтылат мыйзам долбоорунун негиздемесинде.
Мыйзам долбоору учурда коомдук талкууда турат.