Энергетика министри Таалайбек Ибраев “4-агрегатты ишке киргизүүгө көп күч жумшалды, эми бул 30 жылга кызмат кылат” деди.
– Жарандарды сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоо жана кыштан үшүтпөй чыгаруу энергетиктердин тикелей милдети. Бүгүн кышка 4 гидроагрегат менен кирип жатабыз. Реконструкцияга чейин бул блок 1200 мегаватт кубаттуулукта иштеп келген, эми ага 60 мегаватт кошулду. Ал эми №4 агрегаттын жалпы кубаттуулугу 360 мегаватты түзөт, аны ишке киргизүү энергетика тармагындагы чоң жетишкендик десе болот,- деди министр.
Ибраев эгер 4 агрегат тең жаңыланса, ГЭСке дагы 240 мегаватт кубаттуулук кошуларын, бул дагы бир жаңы ГЭСтин кубаттуулугуна тете болорун белгилейт.