Аял (Ийгиликтүү аялдын сыноолорго толо тагдыры баяндалган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

–Төрөтүм жакындап калды. Бирок менин эми төрөйүн деп турган абалымды, ичимди баары көрбөй жаткандай оор иштерди жасата беришчү. “Жакындап калды төрөтү, муну абайлайлы” деген нерсе Алмаздын же апасынын оюна келбеди. Ошол күнү нан бышырайын деп жаткам. Килейген чараны көтөрө калсам ичимден бир нерсе булт этип кеткендей болду. Белим очорулуп, баса албай калдым. Бирок кандай болсо да ал үйдүн наны бышышы керек эле. Көзүмдөн от чагылганына карабай бир аз дем алып ишимди уланттым. Оттун табы так жүзүмө урат. Ансайын жаным кыйналып, колумдагы айрыны таянып, тиштенип туруп калам. Бала экем да, болбосо нан бышпай калса эмне болмок... Тозоктун оту ушундай болсо болгондур, бет алдымдан жалын уруп, демим оорлошуп, денем күйүп бара жаткандай болуп турду. Нанды бышырып бүттүм, ошол учурда кошуна келиндердин бири кирип калды.

– Пери, сага эмне болду?

– Билбейм, жеңе, башталды окшойт...

– Эмне башталды?

– Толгоо...

Ал алаканын шак коё жүгүрүп келип ичимди кармалай калды. Мен эсимди жоготуп бараттым, ошону менен төрөтканада өзүмө келдим. Таң атып келе жатыптыр. Бүт денем зылдай оор. Козголо албайм. Ичимди кармалап жүрөгүм шуу дей түштү. Балам кана?

– Балаң аман-эсен, эркек бала төрөдүң. Операция жолу менен төрөтүштү,- деди жанымдагы медайым.

– Аман-эсенби балам?

– Өзүң бала экенсиң го,- деп күлүп калды ал. – Коркпо, таптатынакай эркек балалуу болдуң. Жакшы врачтын колуна туш келдиң. Оор абалда келгенсиң, балаң экөөңдү аман алып калды.

Бир аздан кийин баламды алып келишти. Кипкичине! Тим эле эмчегимди соруп жатып каштарын кыймылдатып коёт. Ушундай сүйкүмдүү балакай дейсиң. Бир көргөндө сүйүп калдым ал баланы... Жылмайып коём, ушул бала меники экенине ишене албай да кетип жаттым.

– Атаны байкушум айе,- деп кейип калды жанымдагы келин. – Эми Алмаз менен энеси баркыңды билип алар бекен.

– Мага баары бир,- дедим күлүмсүрөп.

– Эмнеге?

– Балам бар да, жеңе, эми мени коргой турган адамым бар.

– Мунуң өзү коргогонго муктаж, чоңоюп сени коргогуча...

– Тез эле болот ал күн,- дедим ишенимдүү. Аттиң ошол күндөргө жетпей каларымды билсем кана...

Айдай көзүнүн жашын сүртө берди.

– Атың Пери беле?,- деди Илим.

– Азан чакырган атым Айпери экен, бирок мени билгендердин баары Пери дешчү. Чоң атам ыраматылык “кызым перидей сулуу” дей берип атымды айылдагылар Пери деп алышкан. Кийин ал атым да унутулду. Азыр, өзүң билгендей, Айдаймын!

– Мен үчүн дайыма Айдайсың, бирок Пери да жакты.

– Шорум ошону менен бүтүп калган жок. Бирок чыдап жаттым, анткени баланы бир аз торолтуп алгандан кийин качам деп ойлоп жүрдүм. Ошол үмүт мага эш болду. Алмаздай адамдар бир нерсенин баркын билбесе керек. “Балалуу болдум” деп бапыраңдап кой союп, бир мактанып алды да, ошону менен баланын кызыгы да ал үчүн бүттү. “Ыргытып ийем”, “жаагын бас” деген сөздөрдү айтат, баягы жиндилиги башталды. Тал-теректен деле кызгана берчү. Бир адам менен сүйлөшүп калсам болду, ошол түнү уйку жок. Анын кызыл камчылыгынан да ар кимден шектенип эзгилей бергени оор эле. Менин үн катпай койгонума ого бетер жаны чыгып кетчү.

– Уктап жатып бирөөнүн атын айттың, айт аның ким?

– Уктап жатып айтсам сен уктуң да, аты ким экенин сен билесиң, уктап жаткан мен кайдан билейин?- дейм.

– Мени менен тамашалашпа, ким ал?

– Сенин көзүңө көрүнгөн адамдын баарын мен кайдан билейин. Бирөөнүн атын айтышым үчүн алгач ал адам болушу керекпи?

– Акылдуусунба сен, билем мектепте биринчилерден болчусуң, мени келесоо көрбө.

– Билгениңди кылып алчы,- дедим тажаганда. Бул сөз кантип чыгып кетти билбей калдым. Тил кайрыганым ушул болду болуш керек. Дароо көздөрү кызарып чыкты. “Азыр, көрөсүң” деди ызырына. Ич көйнөкчөн мени сыртка сүйрөп чыкты. Кыш эле, көк жалтаң муз. Бутума кийген көлөчтү алып ыргытты.

– Бас!

Мен кайра бутума бирдеме кийгиче музга түртүп жиберди.

– Жылаңаяк бас!

Мыкаачылыктын жеткен чеги ушу болсо керек, ызгаарда, музда жылаң аяк бастырды. Эртеси тура албай ооруп калып, ооруканага жатууга туура келди. Ошол жерден врачтын жардамы менен милицияга арыз жаздым. Анткени мындан артык корко турган жерим калган эмес. Бир аз убак дагы анын жанында болсом мени өлтүрүп тынмак. Милиция келип аны үйдөн алып кеткенде “эми тирүү калам деп ойлобосун” деп кеткен экен. Ооруканадан чыгып келе жатсам безилдеп кошуна жеңе чуркап келди.

– Пери, эми сени соо койбойт. Мындан соо калбайсың, катыгүн, арыз жазбай эле койсоң болмок. Эртең эле бошотуп жиберишет, анан сенин күнүң эмне болот?

– Бул жерде калбайм, жеңе.

– Кайда барасың?

– Шаарга кетем. Балам экөөбүз жаңы жашоо баштайбыз.

– Жапжалгызсың, оор болот го.

– Мындан оор болушу мүмкүн эмес.

– Туура, Пери, сага бир нерсени айта албай жүргөм, балким, ал кишиден жардам болуп калар. Жок дегенде балаңды карап берер...

– Ким?

– Жүрчү мындай, балаң биздин үйдө. Кайын энең бизге таштап кетти, азыр уктап жатат. Сага ал ортодо бир нерсе айтайын. Кошуна жеңе мени бир аяп карап алды да, шак сөз баштады.

– Сен апаңдын ким экенин билбейсиң, туурабы?

– Ооба.

– Апаң ушу айылда эле жашайт. Бир көчө ылдый...

– Эмне-е?

– Тоодо жашашчу, Бүбү жеңечи, ошол сенин апаң!

Жок, болушу мүмкүн эмес. Апамды кыялымда көп элестетчү элем. Бирок эч эле Бүбү жеңе деп ойлобоптурмун. Башымды чайкай бердим.

– Ошондой, сенин билбесиңди билип ичим сыйрылып аяп жүрдүм. Бирок Бүбү жеңенин биринчи никесинен сен төрөлгөнсүң. Атаңдан кеткенби, же апаңдан кеткенби, билбейм. Айтор, ажырашып кетишиптир, жеңе кайра ушу эле айылга турмушка чыгып, ал күйөөсү тоого алып кетиптир. Бир жыл мурун көчүп келишти.

Көз алдыма баягы мени жалтаң эте бир карап өтчү аялдын капкара көздөрү элестеди. Пазл эми бириккендей боло түштү, ошол аялдын жүзүн элестеткенде гана ал менин апам экенин сездим. Жүзүбүздөгү окшоштуктар байкаганга болбой тургандай эле. Нес болгон мени карап туруп жеңе кучактап ыйлап алды.

–Балким, сага жардам болор дедим. Балким, балаңды ага таштап кетерсиң, кийин алып кетесиң, ия? Бул Алмаздан кутулбасаң болбойт.

Ичимден ыза көтөрүлүп кетти. Кантип ушунча жылдан бери бир жолу балам деп арткасына кылчайып койбоду экен? Кантип мени тирүүлөй тозокто жашап жатканымды көрүп кол сунбады? Алмаз мени кантип кыйнап жатканын бүт айыл билип, жалгыз ошол билбей калмак беле? Эмнеге менин бардыгыма, жоктугума, жашап жатканыма же өлүп баратканыма мынча кайдыгер болду?

Бакырып ыйлап жаттым. Жеңе мени соорото албай убара. Бир учурда өзүмө келдим. Акылым иштей баштады.

– Жеңе, жардам бериңиз, мени качырыңыз. Азыр жашынып турайын, сиз мага буюм-тайымдарымды алып келип бериңиз, кайын энеме ооруканага керек экен деп койсоңуз болот. Кечке маал бир шылтоо менен баламды алып келсеңиз, түндө чыгып кетебиз.

– Алмаз билсе мени соо койбойт го...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1046, 23-29-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан