“ДАТКАСЫ” КЕТТИ КЫРГЫЗДЫН... Азиз Мурадиллаевди жакындары эскерет

– Мүмкүнчүлүк болсо жашооңуздан эмнени өзгөртмөксүз?

– Ушул акылым менен жаштыгыма барып калсамбы? Көп нерсени өзгөртмөкмүн, биринчи ден соолукка кам көрмөкмүн...

“Супер-Инфого” берген акыркы маегинде таланттуу актёр Азиз Мурадиллаев ушундай деген эле. Жаркылдап отуруп сонун маек куруп берген болчу, бүгүн арабызда жок... Театр сахнасында, кино талаасында эчендеген мыкты образдарды жаратып, бүт Кыргыздын жүрөгүнөн түнөк тапкан талант тууралуу минтип эскерүү жазып каларыбызды анда ким билиптир.

Камчы Сарыбаев, актёр:“Келиндин колунан чай ичким келет дечү”

– Биз Азиз, Аскат (ред.: Сулайманов) үчөөбүз аябай жакынбыз. Жашыбыз тең. Айыбыздан эле айырма бар. Менин туулган күнүм 7-февраль болсо, Аскаттыкы 27-май, Азиздики 12-июнь. Арабыздан Азиз кичүү болгондуктан аны “бөбөгүм” деп койчумун. Ал мени “аваке” дечү. Аш-тойго барганда “авакемди өткөр биринчи” деп мага жол бошотуп турчу. Театрда корпоратив болуп чогулуп калганда силер чогуу эле сүйлөп койгула деп үчөөбүздү чогуу чыгарчу. Бизди “Тригада” деп коюшчу. Бул сөз “Бригададан” алынган. Анан үчөөбүз бири-бирибизди пранкка сала берчүбүз.

Азиз пранкка салган жагынан да мыкты болчу. Барбалаңдап, бир нерсе болсо бат таарынып, бат жазылчу. Тамакты аябай жакшы жасачу. Өзгөчө палоону нокот, алма, зире менен укмуш даамдуу басчу.

Балдарынын атын да Шаа, Саади деп өзгөчө кылып өзү койгон. Улуу баласынын аты Шаа. Ушуга байланышкан бир күлкүлүү окуясы бар. Тетрдын вахтасынын жанына туруп алып “аллё, Шаа, баланча кылып кой, үйгө баратам” деп сүйлөшүп калат. Вахтадагылар аны угуп баласынын аты Алёша экен деп таң калыптыр. “Кайдагы Алёша, кыргыз эле бала, аты Шаа” десек, “биздин жаныбыздан Алёша деп сүйлөшпөдүбү” дешет (күлүп). Көрсө, “Аллё, Шаа” десе, аларга Алёша деп угулуптур. Балдарын урушуп, аларга кыйкырганын бир да жолу уккан эмесмин. Ачуусу келгенде унчукпай бурулуп кетип калчу.

Ооруп жүргөндө балыкка бардык, жаратылыш коюнуна чыгып келдик. Шылтоо таап эле жолуга берчүбүз. Азиз өмүрүнүн аягына чейин сахнадан түшкөн жок. Курсагы шишип турганда да “чыкпай эле койчу” десек болгон жок. Ошондо сахнанын артында суусун ташып, дарысын көтөрүп аялы, апасы жүрдү, кам көрүштү. Сактап калалы деп аябай аракет кылышты, айла жок экен. Шаа учурда ординатурада окуп жатат. “Бул дары болот, бул жарабайт” деп жатты. Мен Азиз өзү моюн сунуп койдубу деген ойдо калдым.

Үйүнө көп барчумун. Спектаклден чыга калып эле “бөбөктөй болуп мага чалбайсың, мен эле сага чаламбы?” деп кирип барчумун. Реанимацияга жатып калганда бардым, ичкери киргизбейт да. Эптеп мүмкүнчүлүк таап кирип кеттим. Чекесине колумду койсом “колуң муздак экен, бутума койчу” деди. Койсом “муздак экен, муздакты сүйүп жатат” деди. Чекесинен өөп, чачынан сылап коюп, “болду эми, эркелебей эртерээк чык. Спектаклге чыгалы” деп калдым. Ошондо “Камчы, уйкум келип жатат, кете берчи” деп койду. Эртеси кечинде видеочалуу кылып байланышты. “Кечирип койчу. Кечээ сени таарынтып алган жокмунбу, жакшы мамиле кыла албай калдым. Сен келгенде чарчап, уйкум келип жаткан. Түн ичинде такыр уктай албай жаткам, уктап алайын дедим эле” деп коёт. “Койчу, ойлонбочу аны” дедим. Театрдагы жаңылыктарды сурады, балдарымды сурады. Анан “тез арада Москвага кетишим керек болуп жатат, чыдабай калдым. Бирок бутумдун шишигени тарап калды” деди. Андан кийин Азизди көргөн жокмун...

Шаа 26га чыгып калды. Үйлөнсө кудага барганда минтебиз, тигинтебиз деп көп сүйлөшүп калчубуз. “Келиндин колунан чай ичкенди жакшы көрөм. Саади үйлөнгөнгө чейин Шааны бөлбөйм” дечү. Шаанын үйлөнгөнүн көрбөй, келиндин колунан чай ичпей кетти. “Бөбөгүм” деп сакталып номери турат, өзү жок. Эми “чалбайсың” деп догуруна турган адамым жок. Ким чалат, эми кимге чалам? Азизди жоготкондон бери шалдырап өзүмдү коёрго жер таппай жүрөм. Курандан башка айла жок экен (ыйлап).

Эгемберди Бекболиев, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: “Азиз театр, кино үчүн жаралган”

– Азиз менин эсимде дайыма жадырап-жайнап күлүп турган Азиз болуп калды. Дайыма күлүп турчу, биздин балабыздай болуп калды да. Себеби атасы Үсөн Мурадиллаев досубуз эле, апасы Анара Сыдыгалиева курсташым. Төрөлгөндөн көз алдыбызда чоңойду. Азиз театр үчүн, кино үчүн жаралган да. Кичине кезинде, тамга тааный элек кезинде сахнага чыкты. Тамга таанып калганда балдардын ролун ойноп гастролго чыгып жүрдү, сонун образдарды жаратты. Окууну бүтүп театрга келгенде атасы кайра келгендей сүйүнгөнбүз, чоң үмүт койгонбуз. Үмүттү актады. Жакшы образдарды жаратып бийиктиктерге жетти. Күчкө толуп, чыгармачылык тажрыйба топтоп чоң иштерди жасаарда жабышкан оору алып кетип отурат. Арты кайырлуу болсун!

Назым Мендебаиров, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “Колу ачык, берешен жигит эле”

– Азиз менен тааныш болгонума 40 жылдан ашты. Азиздин атасы менен апасы Нарын театрында иштеп калды. Менин ата-энем дагы Нарын театрында иштешчү. Ошондо театрдын жанында эски түрмөнүн короосу деп койчу, ошол жерде турушчу. Ошол жерден биринчи жолу көздөрү бакырайган жигитти көргөм. Экөөбүз тең кичинекей балабыз. Кийин бул жакта училищеде окуп калдым, бир күнү Азиздин атасы Үсөн байке “жүр, үйгө конокко барып тамак ичип кет” деп чакырды. Үйүнө барганда Азиз менен тааныштырды. Училищени мен Азизден мурун бүттүм, ал мен бүткөндөн кийин келди. Кийин кесиптеш болуп чогуу иштештик. Канча жерде чогуу жүрдүк, бирге басып, бирге туруп, бир нанды бөлүшүп жедик. Азиз колу ачык, берешен жигит эле. Бир нерсе тартыш болуп жетишпей жаткан учур болсо, мен эле берем, мен эле таап берем деп ажатты аччу. “Адам жана Азезил” деген спектаклди коймокмун. Үсөн байке раматылык ойногон ролго бекитсемби десем, Азиз өзү “Азезилди ойногум келип жатат” деген. Ал боюнча дагы сүйлөшөбүз дегем, сүйлөшүлбөй калды. 2 ай мурун келип “эмки жылы апам 70ке толот эмеспи. Ошого спектакль коёлу. Өзүм койгондо болбой калат, сен койсоң жакшы болот беле” деп калды. “Макул, коёлу. Мен дагы карайын, сен да чыгармаларды карап кел” дегем. Ушундай пландары бар болчу. Анан көп кабаттуу үйдөн жер тамга көчөм деп жаткан. “Дароо короого мончо салам, шишкебек жасачу жер даярдайм, анан шишкебекке чакырам” деген. Шишкебекке да чакырбай калды... Жаткан жери жайлуу болсун.

Азиз Мурадиллаевдин “Супер-Инфо” гезитине берген маектеринен:

“Бардык балдар апасын жакшы көрөт эмеспи, мен ошол балдардан эки эсе артык көрөм апамды. Апам көп бала төрөп, бирок аман калганы мен болуптурмун. Апанын жалгыз уулу болуу чоң жоопкерчилик, “ушунун жалгыз баласы эле, жүрөт колунан эч нерсе келбей” деген кептер айтылбасын деп жакшы уул болгонго аракет кылдым”.

“Негизи, бала апанын кадырын көзү өтүп кеткенде чындап билет деп коюшат. Мен кадырын антип билбей эле коёюн, апам көп жашасын деп тилек кылып жүрөм”.

“Мен өзүмдү тарыхый тасмаларга, андан дагы Алымбек датканын ролуна ылайык эмес болушум керек деп ойлоп жүргөм. Кастингге барып өтүп кеттим”.

“Актёрлук өтө кыйын, кайтарымы жок кесип”.

“Азыр деле арабызда залкарлар бар, бирок биз аларды көзү өткөндөн кийин гана залкарлар деп айтат экенбиз да...”

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1046, 23-29-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан