КОЁН ЖЫЛЫНА ЫСЫК ТАМАКТАР

Коён жылынын дасторконуна жашылча, жемиштерден сырткары балык, тоок, кой этин коюуга мүмкүн. Коён жылын тосуудагы бул өзгөчөлүктөрдү эске алып ашпоз Төлөгөн Мусаев жаңы жылдык ысык тамактардын рецепттери менен бөлүштү.

ФОЛЬГАДА БЫШКАН ТООК

Керектелүүчү азыктар:

Бүтүн тоок эти

Маринад үчүн:

Тоок эти үчүн татымалдар – 1 чай кашык

Ачуу калемпир – 0,5 чай кашык

Өсүмдүк майы – 80 миллилитр

Кам каймак (сливки 20%) – 50 миллилитр

Сарымсак – 4-6 тишче

Туз – 1 чай кашык

Даярдоо ыкмасы:

1. Бүтүн тооктун ичине жашылчаларды салып же гарнир кошуп ысык кезинде экинчи тамак катары берүүгө болот. Алгач маринад үчүн сарымсакты аябай эзип алабыз. Тоок этине сарымсак жакшы айкалышат. Маринад үчүн керектүү калган азыктардын баарын жакшы аралаштырып, тооктун ичи-сыртына куюп сүйкөп, 3-5 саат күтөбүз. Маринаддоо үчүн майонез колдонууга болбойт, андан көрө кам каймакты колдонсоңуз этти жумшартат, даамын жакшыртат.

2. Маринаддалган тоок этинин ичин каалаган жашылчалар менен, цитрустан кошуп толтурсаңыз болот. Болбосо өзүн деле бышыра бериңиз. Электр мешине фольга төшөп, тоокту салып 180-200 градуста 30 мүнөт ачык бойдон бышырып, алып чыгып кайра фольга менен буу чыкпагыдай ороп дагы 30 мүнөткө салабыз.

3. Даяр болгон тоок этин жашылча, ашкөктөр менен кооздоп жаңы жылдык дасторконго коё бериңиз. Бул ыкма менен тоок бутун, санын да бышыр закускелерди даярдоого болот.

Кой кабыргалары

Керектелүүчү азыктар (4 порция үчүн):

Койдун кабыргалары – 8 даана

Маринад үчүн:

Соя соусу – 150 миллилитр

Крахмал – 3 аш кашык

Кара мурч же мурчтардын аралашмасы – 1 аш кашык

Кумшекер – 1,5 аш кашык

Бал – 2 аш кашык

Томат – 1 аш кашык

Сарымсак – 2-4 тишче

Туз – 1 аш кашык

Розмарин – 4 талча

Даярдоо ыкмасы:

1. Койдун кабыргаларынын эттүү баш жагын алуу кажет. Кабыргаларды бирден ажыратып алабыз.

2. Бул тамакты даярдоо үчүн бир күн мурун маринаддап койсоңуз этке татымалдар жакшы сиңет. Маринадга керектүү азыктардын баарын аралаштырып, ага сарымсакты эзип кошобуз. Кабыргалардын үстүнө куюп жакшылап аралаштырып бир түнгө коё турабыз.

3. Маринаддалган кабыргаларды грилл көмөч казанга салып эки тарабынан 10 мүнөттөй коюп кызартып алабыз. Андан ашыкча коюуга болбойт, анткени кой этинин ширеси аз келет, баары чыгып кетсе кургак болуп калат. Ошол көмөч казандан чыгарбастан фольга менен сыртынан буу чыгарбай ороп, 150-170 градуста ысып турган электр мешине салып 1 сааттай бышырабыз. Бышарына 5 мүнөт калганда фольганы ачып, маринаддан жакшы сүйкөп кайра салабыз. 5 мүнөттөн соң даяр болот. Тарелкаларга 2 даанадан салып, жанына гарнир катары жашылчалардан же күрүч, гречка кошобуз. Жаңы жылдык ысык тамагыбыз даяр!

Каймактуу соустагы балык

Керектелүүчү азыктар (4 порция үчүн):

Форель же сёмга балыгы – 1 даана

Эритилген сыр – 250 грамм

Кам каймак (сливки 20%) – 300 миллилитр

Лимон – 1 даана

Туз, кара мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Балыкты тазалап сулп этин порциялап бөлүп чыгабыз. Кылкандарын да тазалап чыгуу керек.

2. Электр табасына пергамент кагазын төшөп, балык этин салып туз, мурч сүйкөйбүз. 180-200 градуста ысып турган электр мешине салып 15-20 мүнөт коюп бышырабыз. Кылдаттык менен тарелкаларга чыгарабыз.

3. Кам каймакты отко коюп жылып чыкканда үстүнө эритилген сырды салабыз. Жай отто кайнап бирдей массага келип, бөлтөк калбай калганда оттон чыгарабыз. Муздаганча 5 мүнөттөй күтө туруу кажет, бул убакта коюуланып чыгат. Ысык бойдон куюп жиберсеңиз жайылып кетет.

4. Балыктардын үстүнө соустан тегиз куюп, салат жалбырактары же жашылчалар менен кооздоп, жанына гарнир кошуп, лимон кесимдерин коюп жакындарга узатабыз. Лимон ширесин даярдоо учурунда кошуп жиберүүнүн ордуна, бышкандан кийин үстүнө сыгып жесе өзгөчө даам берет.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1046, 23-29-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан