Темиралы Кунашов: “2024-ЖЫЛЫ ЖЕРГЕ АСТЕРОИД ТҮШҮП МАССАЛЫК КЫРГЫН БОЛУШУ МҮМКҮН”

Биздин каарман Темиралы Кунашов – Куранды 28 жыл изилдеген окумуштуу. Андагы сырларды чечмелеп, айрым ачылыштары эл оозунда айтылып жүрөт. Мисалы, 2024-жылы Жерге астероид түшүп массалык кыргын болот, асман 7 эмес, 8 кабат, сутка кыскарып баратат деген маалыматтары... Ушул жаатта кеп кылалы дедик.

– Темиралы мырза, дүйнөлүк айрым окумуштуулар Жер планетасы кыйроо абалына жетип калды, жакынкы 5-10 жылда оор кыйроо болору күмөнсүз дей башташты. А сиз адамзат жашоосу 2036-жылга жетпей токтойт деп жазып чыктыңыз. Эмнеге таянып мындай билдирүү жасадыңыз?

– Куран – Кудайдын китеби, анда адамзат тууралуу гана эмес, аалам жаралгандан акыр заманга чейинки маалыматтар, өтмүштөр жазылган. Ал китепте Адам атанын доорунан бери Кудай ар бир элге элчи – пайгамбарларды жиберип, элге да белгилүү бир мөөнөт бергендиги айтылат. Эгер эл пайгамбардын артынан ээрчибесе, анда элге Кудай ар кандай апааттарды жиберип жок кылат. Эгер ээрчисе, анда аларга берилген мөөнөт акырына чейин уланат. Мисалы, Муса, Иса, Мухаммед пайгамбарлардан бери тынч жашоо уланып келе жатат.

Негизи, буга чейин Жерде бир нече ирет апаат болуп өткөн. Алгачкысы Нух пайгамбардын тушунда болуп, топон суудан болжол менен 80дей адам аман калган. Андан кийин Худ пайгамбарынын доору... Жерде ад калкы жашап, адамдардын бою 50-60 метрден ашкан. Буга Ливандагы Баальбек храмдар топтому жана башкалар мисал боло алат. Аны ошол алп адамдар курушкан. Андагы адамдар жылмалап, тик бурчтук формага келтирген “Түштүк ташы” аталган бир эле таштын салмагы 1500 тоннадай. Ад адамдары Жерде 45 миллон жылдан ашык жашашкан. Кийин алар динозаврлар доорунда, мындан 66 миллион жыл мурун азыркы Мексиканын Юкатан аралына түшкөн астероиддин айынан кырылып калышкан. Астероиддин кубаты 1945-жылы Японияга ташталган атом бомбасынан 7 миллиард эсе күчтүү болгон. Кратердин диаметри 180 чакырымды түзгөн.

Алп адамдардан кийин Жер бетинде азыркы тарыхчылар айтып жүргөн атланттар жашашкан. Атлантида өлкө-аралы дүйнөнүн борбору болуп эсептелген. Мындан 12 800 жылдай мурун Жерге астероид түшүп, анын таасиринен катуу жер титирөө болуп, Атлантида суу түбүнө чөгүп кеткен. Азыркы Перудагы Мачу-Пикчу шаары ошолор жашаган доордогу курулуш.

Ошентип жерге 2 астероид түшүп, эл кырылган. Бул Кудайдын элчисинин артынан эли ээрчибей, анын айтканын кылбай коюу үчүн берилген жаза.

– Ошондо үчүнчү жолкусу түшөт деп жатасызбы?

– Ооба, кезектегисин күтүп жатабыз. Түшпөсө жакшы, түшсө Жерде аз гана адам тирүү калат. Курандын Нур сүрөсүнүн 55-аятында “Коркунучтан (апааттан) аман калып, силерден мурдагылар (топон суудан аман калган ад, атланттар) жер бетин мекендеп калгандай кала бересиңер” деп айтылат. Адамзаттын тагдыры 2024-жылдын июнь-июль айларында чечилет.

Мурунку болуп өткөн чоң апааттардын баары Курман айттын алдындагы 10 күндүн биринде өткөн. Анын үстүнө Курман айттын алдында Күндүн тутулушу да эскертүү катары белги. Бул боюнча Курандын 89-сүрөсүндө айтылат.

Буга чейинки жакынкы жылдарды алып көрсөк, 2017-жылы 21-августта Курман айттын алдында Күн тутулган. Бирок апаат болгон жок. Эми эсеп боюнча 2024-жылы 8-апрелде Орозо бүтөт, Күн тутулат. Ортосу 7 жыл. Демек, адамзаты 7 жылдык сыноодон өтүп жаткан кези. Эми апаат жиберилсе анда 2024-жылы Курман айттын алдында жиберилет.

– Айтылуу Ванга менен Нострадамустун божомолунда 2023-жылы Жерге асмандан оттуу шар (астероид) түшөрү айтылат. Сиздики менен алардын божомолунун айырмасы 1 жыл болууда...

– Мен Куран боюнча изилдөөлөрүмө гана таянам.

– Ошондо сиздин оюңузча астероид кайсы жерге түшүшү мүмкүн?

– Элинде динсиздер, ыпластык көп жерге түшөт. Курал-жаракты көбөйтүп, элди кыруу, башка элге зулумдук кылууну көздөгөн, дүйнөнү бөлүп жарууга кызыкдар жерге. Мен апааттын диаграммасын (моделин) чийип чыктым, эгер астероид түшсө, Америка, Африка, Австралия континенттери жана Европа чоң кыйроого учурайт. Океандын деңгээли көтөрүлөт, суу ташкыны каптайт. Бизге апаат жетпейт. Жерде 120 миллиондой гана адам калат.

– Эгер кыйроо болсо, андан кийинки жашоо кандай болот?

– Дүйнөгө жаңы лидер келет. Ал дүйнөлүк саясатты, илим-билимди, экологияга мамилени, деги эле баарын жаңы нукка салат, дүйнөнү өзгөртөт.

– Мындан мурдагы дүйнөлүк лидер ким болгон?

– Аксак Темир болгон.

– Илгертен “7 кабат асман” деп айтылып келет. Сиз асман 8 кабат деп да чыктыңыз...

– Курандын Бийлик сүрөсүнүн 3-аятында “... Ал жети катар асманды жаратты...” делинет. Ал эми 5-аятында “... биз төмөнкү Асманды гана чырактар (жылдыздар) менен кооздодук” деп жазылат. Муну ааламдын борборунда турган жылдыздар асманын сыртынан 7 кабат асман курчап турат деп түшүнүү керек. Куранда сегизинчи асмандын айтылганын буга чейин эч ким ача албай келген. Асман 7 кабат эмес, 8 кабат.

– Окумуштуулар убакыттын кыскарганын, тагыраагы, суткадан 1 секунддай кемигенин айтышууда. Сиз да Жер четинен кыскарып, аны менен кошо убакыт да кыскарууда дедиңиз...

– Куранда “...көргөн жоксуңарбы? Жерди четинен кыскартып келе жатабыз” делет (мунун мааниси али чечмелөөгө муктаж). Жердин кыскарганына байланыштуу убакыттын да кыскара турганы анык. Ошондуктан окумуштуулардын айткандары чындык.

– Мурун убакыт жай өтчү, азыр бат өтүүдө дегениңизди кандай түшүнсөк болот?

– Пайгамбарлар илгери 900, 1000 жылдан ашык жашаган. Менин изилдөөлөрүм боюнча, ал мезгилдерде убакыт жай өткөн. Кийин Муса пайгамбардын тушунда адамдын жашы 120 жашка түшүп калган. Азыр убакыт илгеркиге салыштырмалуу тез өтүп жатат. Орточо жаш 65, максимум 90 болууда. Катаклизмден кийин кайра адамдын жашы орточо 80-120 жыл болуп узарат.

– Ааламдын кеңейиши кайра жыйрылышы тууралуу жазганыңыз бар...

– Куранда “Биз Асманды өз кудуретибиз менен жаратканбыз. Аны тынымсыз кеңейтип турабыз” деп айтылат. 1915-жылы советтик окумуштуу Александр Фридман асман кеңейип жатса керек деп айткан. Материя бир калыпта турбайт, же кеңейет же кичирейет.

Учурунда окумуштуулар буга анча маани беришкен эмес. Кийин 1929-жылы америкалык астроном жана космолог Эдвин Хаббл телескоп аркылуу узак убакыт байкоо жүргүзүп, галактикалар бири-биринен алыстап жатканын аныктаган. Физиктер “галактикалар кеңейбейт, бирок аралыктары бири-биринен алыстайт. Кара материя бар, ал ошол жылдыздарды чачылтпай бир орунда кармап турат” дешет. Окумуштуулардын арасында миллиард жылдардан кийин аалам кайра артын көздөй жыйрылат, токтобой кеңейе берет дегендер да бар. Курандын Таха сүрөсүнүн 104-аятында “Бир күнү биз асманды жазуу барактарын түрмөктөгөндөй түрмөктөйбүз. Оболку жаратканыбыздагыдай кайталайбыз” деп айтылат. Мындан ааламдын келечекте тынымсыз кеңейиши токтоп, кайра жыйрылып, алгачкы учурундагыдай абалга келет дегенди түшүнсөк болот.

– Маегиңизге рахмат! Жер жүзүндө тынчтык, аманчылык болсун!

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1046, 23-29-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан