Арген Эсенбай уулу, тамада: “УБАГЫНДА МЕНИ КИШИ КАТАРЫ КӨРБӨГӨНДӨР АЗЫР АРГЕН, АРГЕН ДЕП ТУРУШАТ”

Той, той, ырга той, бийге той, тамакка той, салатка той... Бул ыр сиздин үйгө чейин жетти, туурабы? Ушул ыр азыр трендде, муну фишка катары колдонуп тойлорду “жарып” жүргөн тамада Арген Эсенбай уулунун жылдызы жанып турган учур. Арген менен ачык маек курдук, жашоосундагы караңгы, оор учурлар, анын артынан келген жарык күндөр тууралуу айтып берди.

– Анда эмесе, шашпайлы, алдыга кадам таштайлы, Арген мырза, өзүңүз тууралуу сөздөн баштайлы...

– Баштаса баштайлы, мен Бишкек шаарында төрөлгөм. 9-классты бүткүчө 5 мектепте окудум. Андан кийин колледжде компьютердик графика боюнча билим алып, музыкалык колледжде окудум. Улуттук университетте менеджмент боюнча магистратураны, Президенттин алдындагы башкаруу академиясында политология адистигин окуп бүтүрдүм. УТРКда 5 жылдан ашык иштедим. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде эмгектендим. Тамадалык менен алектенгениме 10 жыл болуп калды. Ырдап да жүрдүм, циркте да иштедим. Эмне деген гана жумуштарда иштеген жокмун (күлүп). Курулушта, унаа жуучу жайда, тигүү цехинде, айтор, мен иштебеген жер калган жок.

– Өзүңүз көздөгөн кесип кайсы эле?

– Жан дүйнөмө жакыны чыгармачылык – ырчылык, тамадалык. Негизи эмнени каалачумун? Апам, эки карындашым болуп эч кимден көз карандысыз жашасак дейт элем. Анда кеп башынан болсун.

Атам менен апам ажырашып кетишкен, бизди апам жалгыз багып чоңойтту. Апам Бишкекте иштечү. Биз ар кайсы жакта кагылып-согулуп чоңойдук. Материалдык жактан кем болбогонубуз менен, мээримге зар болчубуз. Жакындарыбыз “эркек бала жыргатпайт, балдар үйүнө өткөрүп сал” дешчү апама, ошол сөздөр мага катуу тийчү. Эртең ким болорумду билбей эле эмнеге минте беришет деп ыза болчумун. Жетимдикти эч кимдин башына салбасын. Өзүбүз ата-эне мээримин көрбөсөк, көрүнгөн жакта жүрсөк, анын үстүнө ар кандай басынтууларды угуу жанга батып кеткен. Ызаланып, баарынан тажап, 3-класста өзүмө кол салганымда таажеңем көрүп сактап калган. Таажеңеме “эч кимге айтпаңыз, бирөө билип калчу болсо баары бир өлөм” дегем. Кудай жалгап эч кимге айткан жок. Ошондон кийин Кудай кыйынчылыктын артында жакшы нерселер бар экенин сездиргендей болду. Экинчи андай кадамга барган жокмун. Таенем да кыраакы киши болчу. Таажеңем, балким, айткандыр таенеме. Ошол окуядан кийин таенем акырын чакырып алып “сен эркексиң да, энеңди, 2 карындашыңды бага турган сенсиң, алардын үмүтү сенсиң. Кайраттуу, күчтүү болушуң керек” деди. Ушул сөздөр жүрөгүмдө калган. Башымдан өткөндүн баары мага күч берди, Кудай мени ушул кезге даярдаптыр деп коём. Азыркы ийгиликтерим башталышы гана. Алдыда чоң максаттарым бар, мисалы, КМШны багындыра турган долбоорлорду даярдап жатам. Мени менен теңдер эми ордун таап башташты, мен болсо буга чейин 18 унаа алмаштырдым. Көк-Жар VIP шаарчасынан 2 кабат үй алдым. Ата-энеме, бир туугандарыма, тууган-урукка колумдан келген жардамымды берем. Азыр апам, карындаштарым эч кимге көз каранды эмес, аларды каржылык жактан камсыздаганга кудуретим жетет. Ушуну каалагам кичинекейимде. Кудайга шүгүр, учурунда мени киши катары көрбөгөндөр азыр “Арген, Арген” деп турушат. Бир нерсе болсо кеңешейин дедим эле дегендей кылып телефон чалышат, тыйын-тыпыр сурашат. Карындаштарым өз бүлөлөрүн куруп кетишти, жакшынакай узаттык. Атамдын ордундай боло албайбыз, бирок колубуздан келишинче кылып жатабыз. Мунун баарын эч кимге айткан эмесмин. Эмнегедир сизге ачылдым.

– Атаңызды көргөнсүзбү?

– Көргөм, тааныйм. Шариятта “ата-энең ыраазы болмоюнча бейиштин жытын жыттабайсың” дейт го. Ошого таянып атам менен жакшы мамиле курайын деп аракет кылдым. Акыркы жолугушууда туура эмес мамиле кылып көңүлүмдү оорутуп койду.

– Азыр апаңыз менен чогуу турасызбы? Кичинеңизде тойбой калган мээримдин ордун кийин толтура алдыңызбы?

– Ооба, 9-классты бүткөндөн бери апам менен чогуу турабыз. Психологдорго кайрылдым. Алар “кичинеңде албай калган мээримди азыр алганга аракет кылат экенсиң. Сыртыңдан өзүңдү коргоп сүр көргөзө бергениң менен жан дүйнөңдө кичинекей бойдон калып калган баласың” дешти. Азыр апама кадимкидей эркелейм.

– Сонун. Азыр жылдызыңыз жанып турат...

– Ооба. Тойго барсам көп киши сүрөткө түшөт. Кичинекей балдар мен ырдаган ырды жатка билишет, тартынбагандар келип мени туурап ырдап беришет. Негизи көп жыл болду минтип ырдап жүргөнүмө. Бирок ар нерсенин өз убагы болот тура. Тойдо отургандар мени мактап, суктанганы байкалчу. Бирок калың элге жетчү эмес экен. Бир ресторандын СММ кызматкери тартып алып баракчасына жүктөп, андан кийин бир сайтка чыгып эле тарап кетти. Анан арты-артынан мурунку видеолорум да чыга баштады. Тойго чакыруулар аябай көбөйдү бул трендден кийин, өзгөчө аймактарга. Баарына жетишпей калып жатам. “Башка тойго антракт берип, биздин тойго келип ошону ырдап берип кетчи” дегендер да көп. Тойду баштан-аяк башка тамадалар алып бара берсин. Эл суранып жаткандан кийин ошол ырымды эле ырдап, көбүрөөк кишиге жакшы маанай тартуулап, көбүрөөк акча тапсамбы деп да ойлонуп жатам (күлүп). Негизи иштей турган милдет моюнума жүктөлгөнүн сезип жатам. "Жаңы бир нерсе кылчы" деп жазгандар көп. Демек, элге шоу, кызыктуу нерсе керек болуп жатыптыр. Азыр топту жарып чыгып элге жаңы нерсе тартуулоочу аянт бош турат. Баары кайталанма, өзгөчөлүк жок, чыгармачылык жок, шоу-бизнесте кризис болуп кетти, менин оюмча.

– Бул ырды кайдан алдыңыз?

– Жашоо өзү плагиат экен (күлүп). Бири-бирибизди көрүп өсөт экенбиз. Идея казак элинен алынган.

– Мен ал ырды “Тамашоудо” Актан Рыскелдиев ырдаган видеону көрдүм...

– Актандын ырдаганын мен ырдаган видео тарап кеткенден кийин гана көрдүм. Казак элинде Галымжан Жолдасбай деген тамада бар, анан интернетке “Позитивный тамада” деп жүктөлгөн видео бар экен, мен идеяны ошол экөөнөн алгам.

– Мындан ары кандай бийиктиктерде көрөбүз сизди?

– Келечекте саясатка барам деген максатым бар. Маданият тармагында жакшы кызмат өтөгүм келет. Маданият министрлигинде иштеп калгандыктан бул тармактын ак-карасын түшүнүп турган кезим.

– Жакшы. Кыялдарыңыз орундала берсин.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Firdaus-Muslim
2022-12-28 15:45:00
Азаматсың Арген чыгармачылык ийгиликтерди каалайм.
0
№ 1046, 23-29-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан