Рысбек Жантөрөев, куудул: “РАХМАН АГАЙ СЕНДЕ КУУЛУК-ШУМДУК ЖОК ДЕЧҮ”

Рысбек Жантөрөев – 1994-жылдан бери сахнадан түшпөй, элдин көңүлүн сатира, интермедиялар менен көтөрүп келе жаткан куудул. Рысбек мырза менен чыгармачылыктагы жаңылыктары, жашоо-турмушу тууралуу баарлаштык.

– Рысбек мырза, келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен куттуктайбыз!

– Рахмат, силерди да Жаңы жылыңар менен куттуктайм! Жаңы жыл сиздердин редакцияга ийгиликтерди алып келсин.

– Рахмат. Маекти чыгармачылыктагы жаңылыктарыңдан баштасак...

– Чынын айтсам, концерт берүү, концерттерге катышуу дегендер арткы пландарга жылып кетти. Эмнеге дебейсизби? Анткени билинбей кыз берип, келин ала турган куракка келип калыппыз, 48ге чыктым. Жеке карым-катыштардан убакыт артса гана концерттерге катышып жатам.

– Сатира жазып жүрчү элең...

– Ыраматылык устатыбыз Рахман Разыков илгери эле “өй, балдар, мен түркүк болуп түбөлүккө тура бербейм, сатира жазганды үйрөнгүлө” дечү. Ошол акыл-кебинен улам сатира жазганды үйрөнө баштагам. Учурда мен жазган бир топ сатиралар бар, алардын бири – “Тиктокер аял” деп аталат. Ал Тиктоктогу бир аялдын күлкүлүү сүйлөгөнү, кыймыл-аракетинен улам жаралган.

Рахман агай күчтүү сатирик эле, көзү өткөндөн кийин орду абдан билинип жатат. Сатира жааты аксагансып турат. Куудулдар колунан келишинче иштеп жатабыз, бирок агай бардагыдай эмес. Устатыбыз сатираларды даярдап берип, анын маани-маңызына да жоопкерчилик алчу. Тигил же бул саясатчы менен соттошуп калбайбызбы деп биздин башыбыз ооручу эмес. Сатираларды коркпой ойночубуз. Кыскасы, Рахман агай бизге чеп, тирөөч эле.

Азыр ар кимибиз өзүбүз жазган, аткарган сатиралардын маани-маңызына өзүбүз жоопкербиз. Саясий сатира жазайын десең кокус бирөө-жарым менен соттошуп калсам кантип акталып чыгам дейсиң. Негизи сатира, интермедия жазыш кыйын. Идея таап, жазып, анан аны кайра оңдоп-түзөп, бышырасың. Эл алдына алып чыккан соң кайсы жерине эл күлсө ошол бөлүгүн калтырып, калганын кыскартасың.

– Өзүң теңдүү куудулдардын кимисин мыкты деп эсептейсиң?

– Мунусу мыкты дей албайм, баары таланттуу. Тынар (ред.: Курбаналиев) жанында өнөктөшү болсо да, болбосо да мыкты ойнойт. Талант Анарбаев да куудулдукту катырчу, кийин сахнадан алыстап кетти. Санжар Бердибеков атасынын көчүрмөсү. Рахман агай мага “сенде такыр куулук-шумдук жок, эгер болсо мындан да жакшы кетмексиң” деп калчу.

– Айрымдар “сахнада Рысбектин мимикалары көп билинбейт” деп калышат...

– Экинчи пландагы ролду ойногондо мимикаларым көп билинбейт, кабак-кашты бүркөп, ооз-мурунду кыйшаңдатпайм. Антсең ролуң башкы планга чыгып кетет. Убагында Манас Бердибеков агай менен чогуу иштешип, устатым болуп калган. Анын мимика, жесттери менде калыптанган, аны сахнада керек учурда пайдаланам.

Манас агай “өзүңөргө ылайыктуу кийим кийгиле” деп калчу. Бул анын “өзүңдүн жөндөмүңө карап ойно” дегени болчу.Азыр өзүмдүн жөндөмүмө карап ойноп жүрөм.

– Манас Бердибеков демекчи, анын интермедия, азил-тамаша, анекдоттору абдан кызыктуу эле. Эсиңде калгандары кайсылар?

– Көп эле, бирөөсүн айтып берейин. Эки эркек жолугуп калат. Бири “кечинде үйгө 100 миң сом алып бардым” дейт. Анда беркиси “стерва аялың кандай абалда калды?” деп сураса, “сүйүнгөнүнөн жүрөгү жарылып өлүп калды” дейт. Тигиниси “анда сага 2 бакыт бир келиптир да” деп коёт имиш.

Манас аке жөнөкөй, бирөөдөн жардамын аябаган, өзү кыйналып турса да биздин көңүлдү көтөргөн адам эле. Биздин кыял-жоругубузду, баскан-турганыбызды ашыра туурап күлдүрчү. Манас аке, Рахман агай эрте кетишти. Ушундай залкар адамдар менен иштешип, алардын таалимин алып, шакирти болуп калганыма Кудайга ыраазы болом.

– Сендеги куудулдуктун башаты эмне болду деп эсептейсиң?

– Негизи мен 1994-жылдан бери сахнада жүрөм. Студент кезде КВНдерге катышып, ойноп жүрдүм. 1994-жылдары эстрадалык топтордун концерттеринде алып баруучу болуп жүрүп, 1996-жылдан тарта “Мыскыл жана тамашага” катышып ойноп баштагам. Кийин Рахман агай “Бешиликти” түзүп, ошого кабыл алындым. “Аралашта” иштедим... Кыскасы, өмүрүмдүн жарымы сахнада өтүп келе жатат. Кыргызстанда гастролдоп көп жүрдүк. Кир көтөрүмдүү жаным, ысык-суукта жолдо жүрө берип, биротоло буудай ыраңдуу өңгө ээ болдум да калдым. Гастролдо жүргөндө караңгыда эшикке бирөө жарым менен чыгып калсам аны “сен алдыга баштап жүр” дейм. “Анткени мен алдыга жүрсөм мени көрбөй каласың” деп тамашалайм.

– Тамада болуп тойду башкарып калганда ырдайсыңбы? Анткени буга чейин ырдап чыкканыңды да билебиз...

– Ооба, 2 ыр ырдап чыккам. Бирок үнүм мактанарлык эмес. Кээде ылайыгы келген жерде ырдап коём. Ырларымдын бири “Сулууга”, экинчиси “Кызганбачы” деп аталат. Бир кезде “Ар бир айдын алтысы” долбоору токтоп, куудулдар тарап кеттик. Ошол кезде үйгө Бек Борбиев келип “бош болсоң мени менен гастролго чыгып келбейсиңби” деп калды. Макул болдум. Жолдо баратканда “куудулдарга ылайык ыр жазып берсеңиз ырдайт элем” дедим. Ал “эмне, сен да ырдайсыңбы?” деп таң кала карады. Анан Ошко кирип бара жатканда кыңылдап, бат эле “Сулууга” деген ыр чыгарды. Аны мен ырдап чыгып, маанисине жараша кыз ала качууга каршы тамашалуу клип тарттырганбыз.

– Эми үй-бүлөң тууралуу сөз кылсак...

– Келинчегим үй кожойкеси. Түшүнүктүү, жогорку билимдүү жан. “Кайда жүрдүң, кимдин колун кармадың” дей бербейт, тигини-муну алып бер деп кыялын көрсөтпөйт. Бирок бардык аялдардай эле акчаны санаганды жакшы көрөт, акчаны ошол кармайт. Балдар, Кудайга шүгүр, чоңоюп жатышат. Алардан жакшы адамдар чыгат деп ишенем.

– Өзүңө кайсы мүнөзүң жакпайт?

– Жашың өйдөлөгөн сайын токтолот экенсиң. Баарына топук кылып жашап, ким эмне десе да түшүнүү менен кабыл алып калдым. Мурункудай нерв кетирбейм. Келинчегим мени “элпек” деп коёт. Ушул ашыкча элпектигим, анан ичиме көп нерсени катып чыгарбай жүрө берген ичим таптыгым жакпайт. Жөнөкөймүн, сезимталмын. Бирөөнүн сөзүн дароо илип алып өнүктүрүп, тамашага айлантып сүйлөмөй жагым бар.

– Кандай автоунаа жагат, учурдагы унааңыздын үлгүсү кандай?

– Жакшы унаам бар эле, каражат керек болуп сатып жибергем. Эски Жигулим бар болчу, азыр ошону айдап жүрөм. Кокус “крутой” тойго чакырып калышса, жол тандабастардын жанына токтотуп, шек алдырбай тойго кирип кетем.

– Маегиңе рахмат! Чыгармачылыгың өркүндөй берсин!

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1046, 23-29-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан