– Асан менен Үсөн. Булар эгиздер эмес, ага-ини. Алардын ортосунда 10 жаш айырма бар. Экөөнүн ата-энеси 2 уулдуу болууну, алардын өмүр бою бири-бирин жалгыз калтырбай ынтымактуу жашашын каалаган. Чынында эле тагдыр аларга эки уул берди. Экөө эгиздердей бири-бирине жакын, ынтымактуу болушту. Улуусу Асан иниси Үсөн төрөлгөндө аябай кубанган. Ошондон тарта аны абдан жакшы карап, баарынан коруп, коргоп жүрөт. Үсөн дагы дайыма жанында таянычы бар экенин билет, кээде мектептен атайын эле балдарга тийишип качканы, билип туруп тентектик кылганы да бар, анткени агасына жанындай ишенет. Үсөн да агасына жакшы мамиле кылчу. Ал эс тартканы агасынын бир буту жок, агасы кыла албаган жумуштарды өзү жасап көнүп калган. Ага жардам керек жерден дайыма чуркап барат. Бул экөөнүн гана эмес, бул үй-бүлөнүн ынтымагына айылдагылардын баары суктанчу. Бул үйдө баары бири-бирин сыйлашчу. Бул үй-бүлөнүн ичинде уруш-талаш, кыйкырык болгонун такыр угушкан эмес.
ххх
Түндө Асан уктап жатса телефону шыңгырады. Атасы экен. Көзү ачылып-ачылбаган бойдон телефонду алды.
– Алло.
– Алло, сиз Жекшен Кадыровдун уулусузбу?- башка бирөөнүн үнү экен.
– Ооба, ким бул? Атам кана?
– Айылга кире бериште жол кырсыгы болду. Келе калгыла.
Асан дароо Үсөндү ойготуп, экөө унаа менен айтылган жерге жетип барышты. Атасы айдап бараткан унааны айдоочусу мас КамАЗ тебелеп кетиптир. Бул күнү апасы ак көйнөк кийип алган эле. Эртең бир тойго кийип барам деп базардан сатып келген. Келгенден кийин кийип балдарына көрсөтүп, ары-бери басып бактылуу жылмайып жүргөнү көз алдына элестеди. Ошол ак көйнөгү канга боёлуп жерде жатты аял. Бир киши барып тамырынын сокконун текшерип көрүп, Үсөндү карап “кайрат кылгыла” деп койду. Экөө нес болуп калышты. Атасын “Тез жардам” алып кетти, абалы оор болчу. Ооруканага барышса, врач “кайрат кылгыла, сактап кала албадык. Бул жакка жеткенче эле жан бериптир” деди. Үсөн 9-класста окучу, Асан болсо банкта иштечү. Ата-энесин жерге берип экөө томсоруп отуруп калышты. Акырындан өздөрүнө келип, бири-бирине жөлөк-таяк болуп жашап жүрүштү. Экөө бири-бирине мурдагыдан да аяр мамиле кылып калышты. 11-классты аяктап, Үсөн Бишкекке окууга кетти. Кийин 3-курс болгондо “үйлөнөм” деп калды. Асандын кубанычы коюнуна батпай, колунан келгенин жасап той өткөрдү. Жубайы бир үйдүн жалгыз кызы экен. Атасы күтүрөтүп кыз узатуу тоюн да өткөрүп, септи дагы жакшы берди. Ошентип Үсөн жубайы менен Бишкекте батирде жашап калды. Асан айылда жалгыз калды.
ххх
– Баса, байкеңдин иши эмне болду?- деди бир жолу классташы Үсөн менен телефондон сүйлөшүп жатып.
– Кайсы иши?
– Апей, сен уккан жоксуңбу? Байкеңди камаганы жатышат окшойт. Туура эмес документке кол коюп койгон дейби, айтор, байкең сурактарда эле жүрүптүр.
– Эмне дейт? Мен ага чалайынчы.
Асан Үсөндү сарсанаа кылбайын деп окуяны айтпаптыр. Түшүндүргөнүнө караганда, чарчап турган маалда туура эмес документке кол коюп, мөөр басып алыптыр. Анын айынан банкка чоң суммадагы зыян келип, банк аны сотко бериптир. Ошентип Асан 3 жылга кесилип кетти.
– Үсөке, мен бир аз насыя алдым эле, ошону төлөш керек. Мындай болорун кайдан билиптирмин. Сага билдирбей эле жабам деп ойлогом.
– Жөн эле жашабаптырсыз да, байке. Мен өзүм араң оокат кылып жатканда кантип төлөйм эми аны?
Асан бул насыяны Үсөндүн үйлөнүү тоюна акча жетпей жатканда алганын айткан жок.
ххх
Жаза мөөнөтү бүтүп Асан абактан чыкты, Үсөн баягы насыяны төлөбөптүр. Күрөөгө Асан жашап жаткан, ата-энесинин үйү коюлган эле. Банк үйдү тартып алды. Асан үйсүз, жумушсуз жалгыз көчөдө калып инисине барды. Бул арада Үсөн 2 балалуу болуп калган, эл катары жакшынакай жашап жатканын көрүп кубанды. Бир күнү Асан ооруп калды. Жаш кезинде алган жаракаты олуттуу ооруга айланып, буту шишип, ириңдеп кетти. Ооруканага жатып чыкты, жакшы кароо керек болчу. Асан ушул маалда жардамга муктаж болуп жаткан.
– Эми байкеңди карап жүрө беребизби? Мынча дарыга айына канча акчабыз кетет? Өзүбүзгө деле жашоо керек да,- Үсөндүн аялы нааразы боло баштады.
– Эмне кылам анан, көчөгө таштап коёмбу?
– Эмнеге көчөгө? Атайын мындайларды карай турган жайлар бар экен го. Майыптар жана карыларды караган үй...
– Изилдеп да койгонсуң го, ушунчалык тажаптырсың да, ээ?
– Үсөн, түшүнсөң, экөөбүз жаш үй-бүлөбүз. Балдарды да багышыбыз керек. Каягына жетишебиз? Кийин бутубузга туруп алганда кайра алабыз да байкеңди,- күндө ар кандай сүйлөп жатып көндүрдү күйөөсүн. Асанды майыптар үйүнө алып барып ташташты.
ххх
– Үсөке, Асан байкең жөнүндө сүйлөбөйсүң го, кандай болуп калды, ооруп жатат дедиң эле,- кафеде сүйлөшүп отурганда сурап калды досу. Экөө кичинесинен бери дос. Булардын ата-энелери да дос болчу.
– Жакшы эле. Биз келинчегим экөөбүз жаш үй-бүлөбүз да, акчабыз тиги жакка тартсак да жетпейт, бул жакка тартсак да жетпейт. Убактылуу Асан байкемди майыптар үйүнө өткөрүп туралы дедик.
– Эмне дейт?- чочуп кетти досу. Эмнегедир бул эки бир туугандан мындайды күтпөптүр.
– Досум, кандай күн башыңа түшсө дагы мындай кылганың туура эмес болуп калыптыр. Кудайга шүгүр эле жашооң бар. Мен айылда жүрүп Асан байке менен да көп сүйлөшүп калчумун. Асан байке сенин жакшылыгыңдан башканы ойлочу эмес. Жашоосун сага байлап койгон. Ага кыйынчылыктар сен үчүн деп жасаган иштеринин артынан келип жатат. Насыяны сенин үйлөнүү тоюңа акча жетпей жатканда алган. А сен билесиңби эмнеге Асан байкенин бутун кесип салышкан?
– Жок.
– Мага атам айтып берген. Сен кичинекей кезиңде Асан байкенин бир классташы сен жөнүндө жаман сөз айтып коюптур. Асан байке жини келип аны менен мушташып кетиптир. Мушташ учурунда бир темир Асан байкенин бутун тилип кеткен болот. Ошол жери жарага айланып, врачтар “бутун кеспесе болбойт” дептир. Сени жаман сөздөн коруйм деп бутунан ажыраптыр. Сени өзүн күнөөлүү сезбесин деп сага айтпачу экен. Айтор, Асан байке сени башкалардан гана эмес, өзүңдөн дагы коругусу келчү экен, көрдүңбү? Кеч боло электе ойлон. Ал кишидей сага эч ким күйбөйт.
Бул сөздөрдөн кийин Үсөн көпкө ойлонду. Асан байкесинин кичинесинен бери ал үчүн жасагандары эсине түштү. Жүрөгү ооруп чыкты. Акыры Асанды таштаган жерге барды.
– Асан Кадыров? Аны бирөөлөр алып кетишкен. Сиз Үсөнсүзбү? Сизге кат таштап кеткен,- деп бир конверт сунду ошол жерде иштеген аял.
“Үсөке, иним. Мени издеп келесиң, билем. Бирок издебе. Мени жакшы карай турган адамдар алып кетишти. Бирок алардан мындай кадам күтпөптүрмүн. Анткени аларды анчалык деле жакын адам санабаптырмын. Жашоо кызык, күтпөгөн нерселерди берип, таң калтырып турат экен. Сенден деле мындай кадамды күткөн эмесмин. Аябай жүрөгүм ооруду. Бирок сен милдеттүү эмессиң да, өзүңдү күнөөлөбө. Сени жакшы көрөм”. Катка Үсөндүн көз жашы тамчылап жатты, кагаз көз жашка жуулду. Баары бир агасын издеп табууга белсенди ал...
Айзат Жума