Краш: ПАК ЖИН ЁН

Бул жигит жаштардын тили менен айтканда – краш. Ырдайт десе ырдайт, бийлейт десе бийлейт, актёрдук таланты да бар, ыр жазат, обон чыгарат, керекпи алып баруучу да болуп берет. Келбети болсо кыялдагыдай. K-pop ааламынын дагы бир көрүнүктүү өкүлү Пак Жин Ён төмөндөгү макалабыздын башкы каарманы.

Аты-жөнү: Пак Жин Ён

Туулган жери: Түштүк Корея, Чинхэ

Туулган жылы: 1994-жыл, 22-сентябрь

Жылдыз белгиси: бийкеч

Бою: 185 сантиметр

Кесиби: ырчы, актёр, алпаруучу “JJ Project” дуэтинин жана “GOT7” тобунун ырчысы

Белгилүү сериалдары: “Бул психометрикалык жигит”, “Шайтан сот”, “Юминин клеткалары”, “Рождество ыры” жана башка

Жактырган ырчылары: Жастин Тимберлейк, Ашер, Майкл Бубле

Жин Ён + Жейби

Жин Ён ырчы болорун эрте жашында эле чечип койгон. Музыканын түрдүү жанрларын таанып, берилип уккан жигит көчө бийине да кызыкчу. “JYP” агенттиги жакын арада жаш таланттарга кастинг жарыялайт деп укканда атайын бий ийримине жазылып, бийчилик талантын өнүктүрө баштаган. 2009-жыл, компания уюштурган кастингде 15 жаштагы Жин Ён менен бирге Жейби аттуу бала жеңишке жетишкен. Буга чейин бир орунга эки адам алынган учур боло элек эле. “Жейби экөөбүздү тагдыр табыштырды окшойт. Анткени ошол кастингден бери киндигибиз байлангандай эле чогуу жүрөбүз” дейт Жин Ён. Чынында эле эки таланттын жолу биригип, стажировкада да чогуу жүрүштү, чогуу окушту, чогуу жашашты, керекпи дебюттук дорамага да бирге тартылышты. 2012-жылы “Бийик кыялдан” дорамасынын экинчи бөлүгү тартылып, Жейби менен Жин Ён да актёрдук курамга кирген. Сериал биринчи бөлүгүндөй жогорку рейтингге жетпесе да, Жин Ёндо актёрдук талант бар экенин көрсөткөн. Айрыкча анын бийчилик өнөрү көпчүлүктүн жогорку баасына арзыган.

Ошол эле жылы “JYP” компаниясы “JJ Project” дуэти түзүлгөнү тууралуу маалымат тараткан. Дуэтте баягы эле Жейби менен Жин Ён. Бирок Жин Ёндун аты компаниянын негиздөөчүсүнүкүнө окшош болгондуктан Жуниор каймана аты тандалган. Дуэттин алгачкы «Bounce» музыкалык альбому өз угармандарын таап, клиби ТОП-10дукка кирген. “GOT7”

Музыка сахнасына дебюттук альбом менен кадам жасагандан кийин дуэт негедир тынчып калды. 2013–жылы гана “Эркек сүйүп калганда” сериалына тартылары маалым болду, кайрадан эки жигит бир тасмада. Тасмадан кийин деле дуэттен музыкалык жаатта кабар жок болду. 2014-жылы гана компания жаңы музыкалык топ түзүлгөнүн, анда 7 бала, арасында баягы эки жигит да бар экенин жарыялады. Ошентип биз жакшы тааныган “GOT7” тобу сахнага чыкты. Буга чейин “GOT7” тууралуу кенен макала жазганбыз, андыктан топтун дүйнөнү багындырганы тууралуу кабарыңыз бардыр.

Ал эми “GOT7’деги” Жин Ёндун салымы тууралуу сөз кылбай кетсек болбостур. Топтун бир топ ырларына коюлган бийлер Жин Ёндун жетекчилиги алдында өткөн. Анан да каарманыбыз ырлардын сөзүн, обонун жазууга чоң салым кошкон. Топтун жүзү катары көптөгөн жарнамалык келишимдер менен компаниянын капчыгын кампайтууга да жардам берген.

2021-жылы топтун келишим боюнча компания менен иштешүү мөөнөтү аягына чыгып, ырчы мырзалар андан ары “JYP” менен иштешкенден баш тартып, ар кимиси бактысын ар башка жактан издей турганын билдиришкен. Топтун лидери JB “GOT7” топ катары тарабаганын, кайсы бир учурда сөзсүз биргеликте сахнага ырдап чыгышарын айткан. Бирок азырынча “GOT7’дин” камбэги тууралуу кабар уга элекпиз.

Кино–тизмек

А биздин “красавчик” болсо “JYP’ден” кеткенден кийин тыпыйган боюнча “BH Entertainment” актёрдук агенттиги менен келишим түзүп, иштешип жатат. Актёрдук демекчи, каарманыбыз 2016-жылдан бери Жуниор каймана атынан баш тартып, өз аты-жөнү менен чыгармачылык жолун улантууда. Аны актёр катары тааныткан тасмаларга да токтоло кетели. Жин Ёндун чыгармачылыгына кызыксаңыз көрүп калаттырсыз.

2017-жылы “Үйсүз улак” көркөм тасмасы чыгып, Пак Жин Ён алгачкы жолу баш каармандын ролун аткарган. Балалыгы оор өткөн мектеп окуучусунун ролунан кийин жаш актёрго колдоо сөздөрү эле айтылбастан, башка тасмаларга да чакыруулар түшө баштаган.

2019-жылы кезектеги башкы роль менен “Бул психометрикалык жигит” фантастикалык дорамасы жарык көрдү. Мурда Жин Ёнду ырчы-айдол катары таанып жүргөндөргө актёр катары күйөрман болгондор кошулган.

2022-жылы чыккан актриса Ким Го Ын экөө башкы ролдогу “Юминин клеткалары-2” сериалы актёрдун атын дагы бир нече мамлекетке таанытты окшойт.

Пак Жин Ёнду боевик жанрында байкагыңыз келсе, 2022-жылы чыккан “Якша: Катаал ыкмалар” көркөм тасмасын көрүңүз.

Келерки жылы Жин Ён тартылган бир нече долбоор катары менен экранга чыгары маалым болду. Буюрса, актёрдун таланты, тажрыйбасы барган сайын такшалат деп ойлойм.

Бойдок

Жин Ёндун үй-бүлөсүнө кайрылсак, ата-энеси жөнөкөй адамдар. Эки эжеси бар. Баласы Жуниор каймана аты менен чыкканда ата-эне кабатыр болуп, адам өз атынан баш тартпашы керектигин айтышкан. Ата-энесинин суранычы менен Жин Ён өз аты менен чыга баштаган. Таланттуу мырза өзү үй-бүлө күтүүгө эрте экенин, алдыда аны көптөгөн жаңы долбоорлор, эмгектер күтүп жатканын айтат. Азырынча жигит кайсы бир сулууну жетелеп папараццинин кылтагына түшө элек. Андыктан жүрөгү бош же бош эмес экени сыр бойдон. Ошентсе да ал айымдарга болгон талабын ачык эле айтат. Ага жага турган кыз татынакай, чачы узун, тамашаны жакшы түшүнгөн, өзү да тамашалай алган, негизгиси Жин Ёнду, анын кесибин кабыл ала турган адам болушу керек.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1046, 23-29-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан