Ырысбек Атажанов, Жогорку Кеңештин депутаты: “ПАХТА ЧЫГАРГАН ИШКАНА ТҮПТӨГӨМ”

Ырысбек Атажанов саясатта жаңы адам. “Депутат болуп шайланып келүү кыйын болду, ал эми иштеп кетүү андан да оор экен”,- дейт ал. Саясаттагы алгачкы таасирлери, максаттары тууралуу төмөнкү маектен окусаңыз болот.

– Саламатсызбы, Ырысбек мырза? Депутат болгуча эмне иш менен алектенгенсиз, көпчүлүктө сиз тууралуу маалымат дээрлик жок экен...

– Саламатчылык. Туура айттыңыз, мен саясатта жаңы адаммын. Саясатка аралашам деген оюм да жок эле. Турмуш, тагдыр агымы каякка сүйрөсө баш ийет экенсиң. Баткендин Айдаркен шаарынан болом, Бишкекке 1991-жылы жогорку окуу жайга тапшырганы келип, ошол бойдон шаарда калып калгам. Билесиңер, ал жылдары элдин турмушу оор эле. Баштан көп кыйынчылыктар өттү. Жеке ишкерлик менен алектенип, медициналык пахта чыгарган ишкана түптөдүм. 1995-жылы ата-энемди Бишкекке көчүрүп келгем. Атам дыйкан, апам Айдаркен шаарындагы ооруканада көп жыл акушер болуп иштеген. Азыркы учурда атам Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда багбан болуп иштейт. Саясатта болбосом да, мекенге күйгөн патриот саясатчылардын күйөрманы болчумун, андайлар бизде саналуу эле да. Саясатка келип калуума себепкер кишилер бар, ысымдарын атабай эле коёюн. Башкысы – таза жол менен келдим. Добуш сатып алган жокмун, чиновниктин жакыны же тууганы эмесмин, өлкө казынасына колумду салбадым, буга чейин такыр мамлекеттик кызматта иштеген жокмун. Карапайым катмардан чыккан депутатмын.

– Эл депутат кылып шайлаш үчүн адегенде талапкерди таанышы керек да. Сиз шайланган Кадамжай округунан суурулуп чыгуу кыйын болдубу?

– Депутат болуп шайлануу абдан кыйын, ал эми иштеп кетүү андан да оор экен. Көз алдыңда элге берген убадаларың турат, баарын аткарып үлгүрсөм дейсиң. 2018-жылы Бишкек шаарына 11 сотых жеримди белек катары бергем, бул окуяны көпчүлүк билет. Ошол кезде шаарда унаа тыгындарын азайтуу максатында Лев Толстой көчөсүн улантып Барпы Алыкулов көчөсүнө жеткиребиз деп жол салып башташкан. Менин 11 сотых жер тилкем дал ошол жолдун нугунда эле. Алгач мэриядан келишкенде түшүнбөстүк болгон, эмоцияга алдыргам. Кийин ата-энем менен кеңешсем, “балам, ошол жерден эл өтүп, элге пайдасы тийсе берип сал. Жол салгандын жолу ачылат” дешти. Ошондо жеримди мамлекетке бекер эле белек кылып берүүнү чечкем. Ал жерди сатып кайрымдуулукка жумшасак деле бир топ адамдын сообуна калмакпыз, бирок жол салынып калсын дедик. Бул окуядан кийин мени көптөр таанып калышты. Саясатка аттануума ушул окуя да кайсы бир деңгээлде түрткү берди. Ар бир кыргыз жараны мамлекет мага эмне кылып берди дебей, мен мамлекет үчүн эмне кылдым деп жашаса гана өнүгүүгө карай жол алабыз. Өзүм эле байышым керек, мамлекет эмне болсо ошол болсун деген өзүмчүлдүк жарабайт.

– Кадамжайда болуп өткөн окуя: 14 жаштагы мектеп окуучусунун өлүмү тууралуу сурагым келип турат. Өлүм жазасы киргизилсин деген да демилге көтөрүп чыктыңыз...

– Ооба, менин округумда ушундай жагымсыз окуялар болуп кетти. Каза болгон кыз да, аны жасаган кылмышкерлер да менин жердештерим. Жигиттер адашуу жолуна түштүбү, шайтан азгырдыбы, ким билсин, айтор, чырактай кыздын өмүрү кыйылды. Педофилдерге өлүм жазасын киргизели деп парламенттен демилге көтөрүп чыккам. Себеби мындай окуялар биринчи жолу болуп жаткан жок. Мигранттардын балдары кордолуп келе жатат, катуу жаза киргизбесек мындай окуялар улана берет.

– Президенттик шайлоодо Садыр Жапаровдун ишенимдүү адамы катары иштеген экенсиз? Ал киши менен мамилеңиз жакшыбы?

– Жогоруда айтканымдай, элди, мекенди сүйгөн патриот саясатчыларды ар дайым колдоп, коштоп келем. Ошондой саясатчылардын бири Садыр Жапаров. Ал азыркы күндөргө жетиш үчүн башынан көп кыйынчылык, азап-тозокту өткөрдү.

– Кесиптешиңиз Өмүрбек Бакировдун иш бөлмөсүнөн чыгарылышы боюнча депутаттык комиссия түзүлүп, ага сиз да мүчө болгонсуз. Ушул окуяда пикириңиз кандай?

– Ооба, кесиптешибиз Өмүрбек Бакировдун иш бөлмөсү боюнча “Мекенчил” депутаттык тобунан менин талапкерлигимди сунушташты. Биз депутаттар менен окуянын кандай болгонун, кандай максатта чыгарылганын териштирип чыгып, корутундуну укук коргоо органдарына бердик. Эми башкы прокуратура териштирип, бизге жообун берет.

– Кемпир-Абад маселеси караларга жакын кармалган активист айымдарды Жаңы жылдын алдында бошотуп, сот иштерин үй камагы шартында улантуу талаптары айтылууда. Кандай ойдосуз, ошол адамдарга карата бийликтин аракети адилеттүү элеби?

– Мамлекетти ойлобогон, анын өнүгүүсүн каалабаган, биздин аймакта ызы-чуу болуп, алдыга жылбай ушул бойдон өнүкпөй кала берсе, элдин жашоо турмушу оңолбосо деген саясий күчтөр бар. Мына ошолор Кемпир-Абад темасын көтөрүмүш болуп элдин башын айлантууга аракет кылышты. Эми мыйзам баарыбызга бирдей да, аялсыңбы, эркексиңби, мыйзам алдында жооп беришиң керек. “Кемпир-Абадды” коргоо комитетин түзөбүз деп чыгышты, төңкөрүш кылууга аракет жасайбыз дегенин баарыбыз эле интернеттен угуп-көрбөдүкпү. Качандыр бир мезгилде Кыргыз-Өзбек чек арасына чекит коюлушу керек эле да. Ошол такталбаган жерлердин айынан буга чейин канча жараныбыз окко учуп кайтыш болушту? Мамлекет үчүн адам өмүрү баарынан кымбат. “Кемпир-Абадды” алыш үчүн кайра СССРди түзүп, каза болгон мамлекет башчыларын тирилтип келиш керек. Бул маселеге чекит койгону үчүн Садыр Жапаровду баатыр деп эсептейм.

– Үй-бүлөңүз тууралуу сурагым келип турат, канча балаңыз бар?

– 4 балам бар, 2 кыз, 2 уул. Улуу балам Ханболот Ырысбеков спортчу, дзюдо менен машыгып, өспүрүмдөр арасында Азия чемпиону болгон. Экинчи балам Орусияда аскердик билим алып жатат, учурда 2-курста окуйт. Улуу кызым 9-класста “Сапат” түрк лицейинде билим алат, кичүү кызым бала бакчага барат. Кыздарымды күндө өзүм лицейге, бала бакчага ташыйм.

– Футбол темасы менен маекти жыйынтыктайлы. Дүйнө чемпиондугунда Мессиге күйөрмандык кылдыңызбы же Роналдугабы?

– Мен бала кезимде футболчу болом дечүмүн, бирок СССР жоюлгандан кийин ал максатымды унуттум. Дүйнөлүк чемпиондукта Мароккого күйөрмандык кылдым, кайсы өлкөдө жашабасын, мусулмандар баары бир жакын сезиле берет. Марокко чемпион болгондо тарых жөн эле астын-үстүн болуп өзгөрмөк да, каап. Бирок 4-оруну менен деле миллиондогон адамга үмүт, ишеним берип коюшту.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1046, 23-29-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан