КАТАР-2022: АРГЕНТИНА ЧЕМПИОН, МЕССИ ЛЕГЕНДА!

Бир айга созулган дүйнөлүк футбол майрамы бүттү. 18-декабрь күнү көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан Дүйнө чемпиондугунун финалы – Аргентина–Франция беттеши орун алды. Бул финалдык оюнга эксперттер “фантастикалык беттеш” деп баа беришти. Ооба, акыркы мүнөттөргө чейин интрига сакталган, эсте каларлык, эмоцияга бай укмуштуудай беттеш болду. Атактуу Мбаппенин 2 мүнөттө 2 гол киргизиши, пенальтилер сериясы, оюн соңундагы футболчулардын эмоция, көз жаштары...

МЕССИ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ ЧЕМПИОНДУК БОЛЧУ...

Бул жолку Дүйнө чемпиондугу Аргентина улуттук курамынын лидери айтылуу Лионель Мессинин атын кошо алып жүрөрү бышык. Анткени Месси тарых жаратты, болгон күчүн Катар-2022де көрсөттү. Көпчүлүк “Роналду же Месси, кимиси кыйын?” деген суроого ушул чемпиондуктан жооп алды окшойт. Жеңиштен кийин Роналду Мессини куттуктап, анын оюну тууралуу “Дүйнө чемпиондугунун жылдызы эле эмес, бүтүндөй доордун капитаны боло алган генийге татыктуу коштошуу” деди. Месси бул жолкусунда чыныгы лидер боло алды. Маанилүү голдорду киргизип, команданы алдыга сүрөгөн голдук пастарды жаратты. Финалдагы 3 голдун экөөсүн киргизди. Экстра-тайм, пенальтилер сериясы, айтор, психикалык оор сыноолорго карабай салкын кандуу оюн көрсөттү. Албетте, Аргентина курамасынын башка оюнчуларынын эмгегин да сөз кылбай өтүү мүмкүн эмес. Мисалы, оюнчулар Хулиан Альварес, Анхель Ди Мария, дарбазачы Эмилиано Мартинес Аргентина курамасын жеңишке жеткирүүдө абдан чоң эмгек жасашты. Месси улуттук курамдагы карьерасы ушундай сценарий менен аякташын кыялданчу. Антсе да Месси улуттук курамдан кетүү планы жоктугун, мындан ары чемпион катары оюн көрсөткүсү келерин билдирди. Ошентип Аргентина тарыхта 3-жолу Дүйнө чемпиону болду. Viva Аргентина! Viva Месси!

МАРОККО КУРАМАСЫ ДҮЙНӨНҮН ООЗУН АЧЫРДЫ

Бул чемпиондук өзгөчө болду, эксперттер “алсыз” деп капарга албай жүргөн айрым командалар Катарда сенсация жаратышты. Сиз кайсы чемпиондукта сауд арабиялыктар Аргентинаны, тунистиктер Францияны, түштүк кореялыктар Португалияны утканын көрдүңүз эле? Ал эми Марокконун улуттук курамына сөз жок, чынында мыкты ойноду. Бул команда фавориттер деп саналган Бельгия, Испания, Португалия курамасын утуп, дүйнөнүн оозун ачырды. Криштиану Роналдуну ыйлаткан бойдон үйүнө узатты. Жарым финалга чейин жетип токтоду. Немис футбол комментатору марокколуктардын оюнуна комментарий берип жатып: “Биз адеп, үй-бүлөлүк баалуулуктарды мусулмандардан үйрөнүшүбүз керек экен. Биз буларга футбол ойногонду үйрөттүк, бирок булар бизден ашып кетишти. Качандыр бир күнү биздин оюнчулар да ата-энесинин жүзүнөн сүйүп, кубанычын бөлүшүп жатканын көрө алар бекенбиз”,- деди. Анткени Марокко курамынын айрым жылдыздары гол киргизген соң стадиондо беттешти көрүп отурган апаларына чуркап жетип, аларды кучактап ыраазычылык айтып, кубанып голун “майрамдап” жатышты. Марокконун ийгилиги командага эч тиешеси жок адамдарды да бириктирди. Өзгөчө араб, мусулман дүйнөсүндөгү футбол сүйүүчүлөрдү. Шакира “this time for Africa” деп ырдагандай, Африка өлкөлөрүнүн убактысы, доору эми келди сыягы.

ФУТБОЛДУН ЖАРЫК ЖЫЛДЫЗЫ – КИЛИАН МБАППЕ

Белгилүү машыктыруучуга “футболчу карьерасын жыйынтыкташ керек экенин кантип түшүнүшү керек?” деген суроо беришкенде, “жаңы келген футболчулар айтышат” дегени бар. Анын сыңарындай, Месси менен Роналдунун доору бүтүп баратканын Франция улуттук курамынын лидери Килиан Мбаппенин укмуштуудай оюну туюнтуп жаткандай. 23 жаштагы Мбаппе командасы финалда 2:0 эсебинде жеңилип жатканда 2 мүнөттө 2 гол киргизип франциялыктардын үзүлүп бараткан үмүтүн жандырды. Дүйнө чемпиондугунун финалында хет-трик жасаган экинчи футболчу болуп калды. Биринчи жолу англиялык Жефф Херст 1966-жылкы Дүйнө чемпиондугунун финалында хет-трик жасаган. Жаштыгы, курчтугу, таланты менен алдыда далай ийгилик жаратары турган иш. Катардагы чемпиондуктан кийинки анын “биз дагы кайрылып келебиз” деген сөзү да көп нерседен кабар берет. Ал Дүйнө чемпиондугунда дагы 5 гол киргизсе, буга чейинки рекордчу Мирослав Клозеден (16 голу бар) ашканы турат. “ПСЖ” клубунун футболчусу Мбаппе буга чейин “Түштүк Америкада футбол Европадагыдай өнүккөн эмес” деген пикири үчүн көпчүлүктөн жеме уккан жайы бар. Ага аргентиналык дарбазачы Мартинес “Мбаппе жаш, футболду жетиштүү түшүнбөйт. Ал эч качан Түштүк Америкада ойногон эмес. Эгер сенде андай тажрыйба жок болсо, унчукпай эле койгонуң жакшы болчу” деп жооп кайтарган. Катардагы финалдык беттештен кийин ушул Мартинес командалаштары менен кийим алмаштыруучу бөлмөдө жеңишин майрамдап жатып “Килиан Мбаппени эскерүү үчүн” бир мүнөттүк аза күтүү сураган тамашасынын видеосу интернет желесине тарап кетти.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1046, 23-29-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан