КАТ ТУРМУШ (Орусиядагы Кыргыз мигранттарынын жашоосун баяндаган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

«Мен сага баратам» деп чалганда, Тилек дароо эле «келбе, бир жыл чыдап тур, мен өзүм барам» деген. Көнбөй койгон өзүм. Поюз Москвага качан, кайсы күнү келерин, вагондун номерин айтып туруп трубканы коюп салгам. Артынан ага этектей кылып кат жазып койгом. Эмне деп жазганым азыр эсимде жок, бирок каттын жарымы «сагындым, сүйөм» деген сөздөн турса, жарымы «өлөм» деген сөздөн турса керек эле. Ошол катты эстесем азыр деле бушайманмын. Ушул күнгө чейин байкушту мени тосуп алганга аргасыз эле кылдымбы, мүмкүн ошондо мени өлүп калбасын деп эле тосуп алганы келдиби деп ойлоно берем. Билбейм, айтор, келиптир. Келгенин артымдан келип бирөө кучактап калганда билдим. Өзгөрбөптүр. Ичим тыбырчылап кетти. Сүйлөйүн десем үнүм да чыккан жок, сөз да таппадым. Башымды Тилектин көкүрөгүнө каткандан башкага жарабадым. Бактылуу болуп жатып эле кир экенимди эстеп, уялып кеттим:

– Мен кирмин. Мен кирмин. Тер жыттанып турам.

Тилектин кучагынан бошонгону аракет кылдым. Коё берген жок. «Эч нерсе эмес» деп койду. Кир экениме маани деле берген жок. Мени кыйлада барып кучагынан бошотту. Чекемден, көзүмдөн, бетимден өөп, анан гана менин көзүмө тигилип:

– Келдиңби?- деп сурады. Өзү менден бетер бактылуу экен. Мен ошол бакытка, ошол бактылуу адамга ишендим. Сезимден өткөн баатыр нерсе жок. Сүйүүдөн өткөн баатыр сезим жок. Бекетте туруп эле алдыдагы жашоомду дароо элестетип койдум. Өмүр бою кудум ушинтип сагынып, сүйүп, жадырап жашайбыз, өмүр бою бири-бирибизди ушинтип узатып, ушинтип тосуп алып жашайбыз деп элестетип үлгүрдүм. Тилекти кайра кучактадым. Анан кымгуут элдин арасынан вагондон балдары, апасы менен түшүп жаткан эжени көрдүм. Мен шашып алдыда түшпөдүм беле. Уялып кеттим. Тилекти коё берип, жардам берейин деген ойдо эже тарапка чуркадым. Шляпачан киши анын балдарын тепкичтен көтөрүп түшүрүп, улам биринин алдына чөгөлөй калып өпкүлөп жатыптыр. Балдардын атасы экен. Кемпир айткандай деле шумпай көрүнбөйт, мага элдин атасындай эле ата көрүндү. Аларды тосуп алганы ал кишиден сырткары эки аял келиптир. Эженин сиңдилери болсо керек, буюмдарды бир жерге чогултуп, кемпирди жөлөп түшүрүп, кезектешип кучактап жатты. Эже поюздан эң акырында түштү. Мени көрүп «келдиби?» дегенсип, ээгин жаңсады. Башымды ийкедим. Анан жаныма келди.

– Эже, келди. Бул менин жигитим,- дедим. Ал Тилекти жаман көзү менен тиктеди. Анан менден:

– Ишеничтүүбү?- деп сурады. Тилек сөз кошту. Мен бир нерселерди божурадым. Ал маани деле берген жок. Ачык эле колун шилтеди. Анан Тилекти тиктетип туруп эле, мага:

– Менин телефон номурумду жазып ал, бир нерсе болсо, кыйналсаң, мобу жигит сени алдап кетсе, мага чаласың,- деди. Мендей кыздарды көп көрсө керек... Сумкасынан барак, калем алып чыгып, номурун жазды да, менин колума карматып, «жоготпой сактап ал» деп кошумчалады. Таанышканыбызга төрт эле күн болгон, ошого карабай жүзүмдөн өөп коштошту. Кемпир да ошентти. Мен ошол баракты көпкө чейин сактап жүрдүм. Барактарымды иреттеген сайын арасынан ошол барак чыга берчү. Керексиздерин ыргытып, ал баракты улам жаңы барактардын арасына кошуп сактай берчүмүн. Тытылып, саргайып кеткенче жүрдү. Бирок эжеге чалган жокмун. «Эмне деп чалат элем?» дедим. Мени эч ким алдап кеткен жок да. Тескерисинче, мен баарын алдап кетпедимби. Кийин ошол барак жоголду, өзүнөн-өзү эле жоголуп кетти. Бир жолу барактарымды иреттеп жатып таппай калдым. Таппай калгандан кийин өкүндүм. Эч болбосо бир жолу чалып койсом болмок экен. Чалып «эже, менде баары жакшы, кыйналган жокмун, мени эч ким алдап кеткен жок» деп бир ооз айтып койсом болмок экен. Эмнем кетмек эле? Бирок эжени унуткан жокмун.

Тилектин мени бекеттен тосуп алганын көп эстейм. Башымда бакыт тууралуу андан башка жакшы элес деле жок, сүрөт деле жок. Ошого көп эстейм. «Бакытты сүрөттө» десе эле ошол учурду айтмакмын, ошол учурду айткым келе берет, ошол учурду айтам. Ошончо кымгуут элдин ичинен мени таап кучактап калган адамды эстейм. Жөөлөп өткөн адамдардан калкалап турганын эстейм. Анан анын артынан мага бекетте телефон номурун берген эжени, анын көз карашын эстейм. Тилекти жаман көзү менен теше тиктеп турган, Тилекти шектенип карап турган, аны менен учурашкысы келбеген эже... Аны эстегенде менин башымдагы бакыттын сүрөтү дайым чачырап кетет. Кудум менин жашоомдой болуп чачырап, менин жашоомдой бүдөмүк боло түшөт. Эжени деле ошон үчүн унутпай жүрсөм керек дей берем. Чалбаганыма өкүнгөнүм деле ошондон болуш керек. Жашырганда эмне, мен ошол бекеттен кетерим менен андан аркы жашоом бүт эле чачырап кетти да...

ххх

– Мен болсо, сиз айткандай «турист» боло баштадым. Адабият институтуна барып келдим. Жаркыраган, жапжашыл Тверь бульвары менен баратып эле имараттары да эски, өзү да эски короого туш болдум. Качан жүрүп ал жерди ыйык көрүп калганымды билбейм. Ичкери кирип бара жатып аябай толкундандым. Өзүнчө бир улуу дүйнө, өткөн кылымдардагы алтын доорду, күмүш доорду ичине батырган күрөң түстүү жер экен. Кудум XXI кылымдан XX кылымга, анан XIX кылымга өтүп кеткенсидим. Адабият институтунун бир керемети ушул эскилигинде окшойт. Бир эле учурда мени эки-үч кылымдын ортосунда терметип турду. «Каалга болгон соң төрт дубал, дубал болгон соң чатыры болуш керек эле, а биз ачкан каалганын арты учу-кыйыры жок улуу дүйнө экен» деп жазган эмеспи Сагын эже. Ошону эстеп улам бир каалганы ачып, улам бир каалганы ачкан сайын ошону эстеп жаттым. Ар бир тепкичтен көтөрүлүп, ар бир аудиторияга кирип баратып, улуу адамдар тууралуу ойлодум. Эмне деген гана залкарлар ошол тепкичтерден көтөрүлүп, ошол жерде окуп, ошол жерде жашады.

Мен көрсөм деп көксөп таба албай жүргөн Москваны кайра таап алгансып кудуңдап кайттым. Көрсө, Ахмадулина, Евтушенко, Маяковский, Есениндер, биздин Айтматов, Сарногоев, Акматбекова, Мамытовдор жашап кеткен Москвада жашагым келип жүргөн экен. Мен кыялымда көксөп-эңсеген, бирок эчак өлүп калган Москва бүгүн тирилип келип, асманы бозоруп, шамалы ызырынып маңдайымда тургансыды... Бул зор калаа ушул бозоргон асманы, ызырынган шамалы менен Москва окшойт деп калдым. Анан сиз менен ушул кубанычымды бөлүшөйүн деп Фейсбукту ачсам, Аскат досуңуз мени кара тизмеден чыгарыптыр.

– «Алгалай бер, Аскатым, азаттыктын жолунда» болду же сени кечирди...

– Билбейм. Бир кара тизмеге тыгып, бир чыгарып эле жүрөт. Муну өзү эмес, аялы жасаса керек.

– Не дейт Аскат?

– «Мен азыр сен көргөн Аскат эмесмин. Улуу Аскат болуп калдым» деп жазды.

– Апе-е-ей... «Улуу болдум» деп өзү айтып жатса, бүтүптүр анда. Башкысы, мындан ары көптү күтпө. Өзүн-өзү «улуумун» деген адамды уккан элем, бирок биринчи жолу көрүп, таанышым. Сүрөткө түшүп алганым жакшы болгон экен.

– Ал эч нерсе эмес. Аскат мени «эртерээк турмушка чык» деди.

«Сенден сурабайм» дебедиңби? Миң кыл болуп кулжуңдабай, жөн эле келбейби эми.

– «Кам санаба, каалаган күнү жеке турмушумду куруп алам» дедим.

– Э-э-э... Туруп-туруп бул деле алжып калат да ушинтип.

– Аскат мага «уруксат» берди, эми мага күйөө издейли.

– Сен ага биринчи «уруксат» бергенсиң. Андан кийин эле «сүйөм» деп өзүң айтып жибербеген болсоң, Аскатты биринчи сен айдагансың.

– Ошонун өчүн алып жатат эми.

– Мен мындайларга көңүл да буруп койбойм. Өзүнөн-өзү жоголот. Маани бербе...


(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1046, 23-29-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан