КЫШЫНДА АВТОУНААНЫ КАНЧА УБАКЫТ ЖЫЛЫТЫШ КЕРЕК?

Кыш мезгили автоунаа ээлери үчүн бир кыйла кыйынчылыкты жаратат. Алардын бири машинаны жылытуу. Эмнеге унааны жылытыш керек? Жылытпай эле айдап кетсе эмне болот? Канча убакыт жылытыш керек? Эгер бул суроолордун жообун билбесеңиз, колуңузда сонун шпаргалка турат.

ЖЫЛЫТПАЙ ЭЛЕ АЙДАП КЕТСЕ ЭМНЕ БОЛОТ?

Кыймылдаткыч – ар бир машинанын “жүрөгү”. Ал күйүүчү майдын керектелүүсүн жана транспорттун ылдамдыгын жөнгө салып турат. Андыктан айдоочу унаасынын кыймылдаткычына да аяр мамиле жасоосу шарт. Машинаны жылытпай туруп айдоо кыймылдаткычка күч келтирип, бул тетиктин “өмүрүн” кыскартат.

КАНЧА УБАКЫТ ЖЫЛЫТУУ КЕРЕК?

Жыл мезгилине жана абанын температурасына жараша ар түрдүү убакыт талап кылынат. Анан да тажрыйбалуу айдоочу автоунаасы жылыш үчүн канча убакыт сарпталарын билип калат.

• +5тен 0 градуска чейин. Мындай температурада унааны жылытууга 1 мүнөт эле сарптасаңыз болот. Анткени металл элементтер температуранын бул көрсөткүчүндө тоңбойт. Андыктан кыймылдаткычты узак убакыт жылытуу талап кылынбайт.

• 0дөн -10 градуска чейин. Кыймылдаткыч толук кандуу ишке кириш үчүн 2 мүнөт жылытуу жетет. 2 мүнөт өткөндөн кийин дароо жогорку ылдамдыкта айдап кетпей, 1 чакырымдай аралыкты жай ылдамдыкта айдаңыз.

• –10дон –20 градуска чейин. Жылытуу мөөнөтү 5 мүнөт. Бул аралыкта унаанын айнегиндеги муздар эрип бүтпөсө дагы 1-2 мүнөт кошсоңуз болот. Дароо катуу ылдамдыкты албай, жай айдаңыз.

• –20дан төмөнкү градус. Мындай суук аба ырайында кыймылдаткычты жылытуу 10-15 мүнөттү түзөт. Катуу ылдамдыкта айдабаңыз.

• Күз, жаз, жай мезгилинде. Абанын температурасы минуска түшпөй турганда кыймылдаткычты жылытуу үчүн 1 мүнөт убакыт бериңиз. Жай мезгили, аптап болсо дагы машинаны 1 мүнөттөн кийин гана айдаңыз.

КӨП УБАКЫТ ЖЫЛЫТСА ЭМНЕ БОЛОТ?

1. Кышкысын машинаны жылытууга 20-30 мүнөттөн ашык убакыт коротуу күйүүчү майдын ашыкча сарпталышына алып келет.

2. Жарым сааттан ашык жылытуу унаанын газ чыгаруу системинин (выхлопная система) жана свечалардын иштен чыгышына алып келет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1046, 23-29-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан