ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ-2023

Астрологдор келе жаткан Коён жылы калыптанган эски дүйнөнүн жаңы дүйнөгө, жаңы багытка өтүшүнүн чек арасы болот дешет. Дүйнөдө жаңы державалар пайда болуп, эскилерди сүрүп чыгарат, дүйнөнү башкаруу вазыйпасы такыр башка адамдардын колуна тийип, бүтүндөй бир доор алмашуу башталат деп божомолдошот. Ал эми жылдыз белгилери боюнча бизди 2023-жылы кандай окуялар, өзгөрүүлөр күтөт? Таанышып алыңыз.

КОЁН БАШКАРГАН ЖЫЛ КАНДАЙ БОЛОТ?

  • Коён жумшак жүндүү жаныбар. Бул жаныбар үчүн эң негизгиси – анын ыңгайлуу жашоосу, үй-бүлөсү. Андыктан 2023-жылы жеке мамилелерге көңүл буруп, үй-бүлө жана достор менен көбүрөөк убакыт өткөрүшүңүз керек.
  • Түгөйүн издегендерге жолдуу жыл болот.
  • Үй-бүлөнү бекем кармоо, көбөйүү Коён үчүн абдан маанилүү. Бул жылы балдар көп төрөлөт.
  • Коён турак жай маселесин чечүүдө да ийгилик алып келет. Жеке турак жайы жоктор 2023-жылдан жаңы конуш сураса тилеги орундалат.
  • Бул жыл саякат үчүн да ыңгайлуу. Башка шаарларда жашаган туугандарыңызга сөзсүз барыңыз. Коён сиздин жакын адамдарыңызга жакын болуу каалооңузду баалап, ийгилик тартуулайт.
  • 2023-жылдын символу күтүлбөгөн кесиптик секириктерди алып келбейт, бирок ал аракетке жана талыкпаган эмгекке жакшы жооп берет. Жылды Коён башкарганда юристтер, катчылар, соттор, менеджерлер жана беделдүү инсандардын жардамчылары өзгөчө бактылуу болушат.
  • Чыр-чатактарды күч менен чечем деп Коёнду коркутуп алышыңыз мүмкүн. Бардык маселени сүйлөшүү, компромисске баруу жолу менен гана чечиңиз.


КОЙ

Койлор үчүн келе жаткан жыл абдан маанилүү. Бардык тармакта так позиция жана пикириңизди аныктап алышыңыз керек. Глобалдуу нерселерди ойлонгонго аракет кылыңыз. Мүмкүнчүлүктөрүңүздү кеңейтиңиз, балким, буга чейин ачылбай жүргөн мүнөзүңүз, талантыңыз ачылат. Кошумча билим алып, инсандык өнүгүүгө аракет кыласыз. Кыймылсыз мүлккө байланышкан маселелериңиз оңой чечилет. 2023-жылда жашоо шартыңызды жакшыртууңуз керек болот, анткени үй-бүлөдө толуктоолор күтүлөт. Кесибиңизди алмаштыруу максаты болсо, бул чечимге акырындан келгениңиз туура. Жумушуңуз менен кошо кошумча бизнес ачып ишкерликти баштап көрүңүз. Каржылык абалыңыз туруктуу болот, бирок акчага муктаждык болбойт деген кепилдик жок. Жылдыздар кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюп акча албоону сунушташат. Бойдоктор сүйүүсүн табат, ал адам жашооңузда күтүлбөгөн, кокусунан болгон жолугушууда пайда болот. Кой айымдар мактоо сөздөрүнө муюп өздөрүн чыныгы айым сезишсе, мырзалар “жиндидей” сүйүүнү баштан өткөрүп көп маселеде курмандыкка барышат. Үй-бүлөлүү койлордо азгырык көп болот, айрыкча сезимдерди козгоп, жан дүйнөңүздү уйгу-туйгу кылган абалга кептелесиз. Бирок жылдыздар убактылуу азгырыкка моюн сунбоону сунушташат. Ошондой эле Коён көптөгөн досторду жана пикирлеш адамдарды алып келет, алар менен сизди жалпы кызыкчылыктар бириктирет. Коркуу сезимин, өзүңүзгө койгон чектерди алып салып, эркин болгонго аракет кыласыз. Эркиндик сизге болуп көрбөгөндөй ишеним берип, андан жашооңуздун бардык аспектисинде ийгилик артынан ийгилик ээрчип келет.

БУКАЧАР

Букачарлар көп убакыт мурун баштаган жумушунун үзүрүн келе жаткан жылы көрүшөт. Аталган жылды руханий изденүү жана ички күчтү топтоо менен өткөрөсүз. Сиздин эмоцияңызды текшерген көп окуялар болот, бирок сабырдуулук жеңишке алып келчү сапат экенин унутпаңыз. Ошондой эле жаңы мамилелерди баштоо жана чыныгы досторду табуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуз. Үй-бүлөлүү букачарларга түгөйү менен мамилесин бекемдеп, балалуу болуусу үчүн эң сонун мезгил. Каржы жаатында акча табуунун жаңы кызыктуу жолдорун издөө сунушталат: хоббиңизди, чыгармачылыкты монетизациялоо же бизнес жүгүртүүнү колго алсаңыз болот. Бирок каржылык бакубаттуулукка жетүү үчүн тынымсыз иштөөгө, өзгөрүүгө жана жаңычылдыкты кабыл алууга даяр болушуңуз керек. Сүйүү мамилесинде жумуштун жана жоопкерчиликтин көптүгүнө байланыштуу сезимдерди тыңшаганга такыр убакыт болбойт. Бирок сөз айтып, ашык болгондордун аягы тыйылбайт. Өзүңүздү жумуш менен гана чектебей, жеке жыргалчылыгыңызга да көңүл буруп туруңуз. Май айынын ортосуна чейин көпкө созулган иштерди бүтүрүүгө туура келет. Жай, күз айларында каржылык жетишкендиктер көбөйөт. Жумуш орун которсоңуз ал иш берүүчүлөр менен келечекте 10 жылдан ашык иш алып барасыз. Чөйрөңүз кыйла кеңейет, сизге жаңы пайдалуу байланыштар керек болот жана аларга күч жумшабастан ээ болосуз. Коён жылында тамак-аш азгырыгы көп болот, таттууларга болгон табитиңиз ачылат, бирок таттуу менен дос болуп кетсеңиз гардеробуңузду алмаштырууга туура келет.

ЭГИЗДЕР

Мурунку жылдарга салыштырмалуу алда канча тынч жана туруктуу жыл болот. Жашоодогу майда кыйынчылыктарды тынч жана салкын кандуу чече аласыз. Кыялдарыңызды ишке ашыруу үчүн аракет жасай бериңиз. Жаңы, жакшы адаттарды калыптандыруу керек, ден соолук менен мамилеңизди бекемдеңиз. Үй-бүлөлүү эгиздерде ажырашуулар, араздашуулар орун алышы мүмкүн. Андыктан ортодогу таарынычты узартууга, кек сактап өч алууга убакыт коротпоңуз. Буга чейин көпчүлүктөн жашырып жүргөн сырларыңыздын ачыкталып калышына даяр болуңуз. Бирок бул кырдаалдан аброюңузду жоготпой, тескерисинче кандайдыр бир моралдык сабак алып чыгасыз. Жалгыз бой эгиздерде жаңы таанышуулар, кыска убакытка сүйүү романы күтүлөт. Тилекке каршы, ал мамиле сиз каалаган натыйжаны бербейт. Акча маселесинде максимум үнөмдөп, минимум коротуп жашашыңыз керек болот. Ата-эне, бир туугандарыңыз менен мамилеңиз мурункудан да жакын болуп бир бүтүнгө айланасыз. Жумушта эгиздер ашыкча жоопкерчилигинен улам башка бирөөнүн жумушу үчүн да милдеттенме алып кыйналып калышат. Андыктан сиз үчүн керексиз жоопкерчиликтен оолак болгонуңуз оң.

БӨЙӨН

Коён жылы – жигердүү иштөө мезгили, бул жылы бөйөндөр өздөрүнүн дараметин толук ачып көрсөтө алышат. Кесиптик чөйрөдө, бизнесте жаңы идеялар жана пландарды ишке ашырышат. Буга чейин профессионалдык ишмердүүлүгүңүздө туруксуздук сезилсе, бул көйгөйдөн кутуласыз. Жумушта кесиптештер, жетекчилер менен мамилеңиз бир нукка түшүп кызматтык тепкичтен көтөрүлөсүз. Карьераңыздын өсүшү материалдык абалыңыздын жакшырышына шарт түзөт. Майдачыл, тилинен уу чачыраган адамдардан алыс болуңуз, алар жашооңузга оңой кирип, кыйынчылык менен чыгат. Олуттуу көйгөйдү чечүүдө майда-чүйдө көйгөйлөргө чачырабай, биринчи маанилүүсүн чечип алганга аракет кылыңыз. Майрамдарда өзүңүзгө кымбат буюм, кийим сатып алсаңыз болот. Үй-бүлөлүү бөйөндөрдүн түгөйү менен мамилеси жаңы нукка түшүп, буга чейин билинбеген мүнөздөрүн ача алышат. Бойдоктор кыялында сүрөттөп алган иллюзия менен жашап, реалдуулуктан такыр алыстап кетишет. Идеалдуулук адамда жок экенин, адам кемчилик, артыкчылыгы менен болорун эрте түшүнсөңүз сүйүктүүңүздү табууда кыйналбайсыз. 2023-жыл сизди татыктуу адам менен жолуктурат, олуттуу мамиле түзүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз.

АРСТАН

Чоң өзгөрүүлөргө кадам таштсаңыз ийгиликтүү болот. Өзүңүздү дүйнөгө жар салуу убактысы келди, бул мезгилди сиз көп күткөнсүз. Ошондой эле Коён жылы сизди ден соолук аркылуу сынайт, андыктан дарыгерлердин текшерүүсүнөн тез-тез өтүп турганыңыз туура. Айланаңыздагы адамдарды иргеп, сиз менен турмуш кыйынчылыгын чогуу өткөргөн адамдарды гана жаныңызда калтырасыз. Баарына жакшылык кылып көңүлүн алам деген иш-аракетиңизди токтотуп, жеке чегиңизди коргоону үйрөнөсүз. Атак-даңкка умтулуп, бизнесте ийгиликке жетүүнү каалагандардын иши оңунан чыгат. Бойдокторду жаңы таанышуулар күтөт. Сүйүү, үй-бүлө, чыгармачылык менен байланышкан бардык нерседе жолуңуз болуп, өзүңүздү толук кандуу бактылуу сезе аласыз. Каржы маселесинде кыйынчылык, чоң эмгек менен келген акча барктуу-баалуу, жугумдуу болоруна ынанасыз. Балаңыздын басып-турганына ашыкча кийлигишип, теңтуштарынын көзүнчө шагын сындырбаңыз. Жумушта жамаат ичиндеги лидерлик үчүн атаандаштык күч алып, жыйынтыгында сиз жеңүүчү болуп чыгасыз. Бойдоктор баш айланткан сезимдерге тушугат, бирок сүйүктүүңүздү сынайм деген тамашаңыз ага жакпай калышы мүмкүн. Каржы маселесинде кызыкчылыктар кагылышы орун алып, ири көлөмдөгү акчаны өнөктөшүңүз өзүнө ыйгарып алат.

БИЙКЕЧ

Бул жылы алдыга койгон максаттарыңызды ишке ашырууда көп эмгек сарптаганга туура келет. Каржылык туруктуулук болсо эле баары жайына келип калчудай сезим болот. Бирок кеп акчада эмес, акчаны жан дүйнөңүзгө киргизип албаңыз. Бактыңызды, бейпил турмушту материалдык байлык менен өлчөбөңүз. Коён жылында көптөн бери эңсеген батириңизди сатып аласыз. Шашылыш муктаждык болуп ири көлөмдө карыз алышыңыз мүмкүн, бирок жылдыздар аны өз убагында жабууну сунушташат. Болбосо карыз үстүнөн карыз алып кутулуп ири суммада банкротко кептелесиз. Үй-бүлөлүк мамиледе сүйүү жана гармония орун алып, түгөйүңүз менен кийинки балдарды пландоо тууралуу сүйлөшүүлөр жүрөт. Жашооңузда маанилүү, эсте калган окуялар жай, күз мезгилинде болушу күтүлөт. Башка мамлекетте окуусун улантып же расмий иштегиси келген бийкечтерге дүйнө эшигин ачат. Коён жылында өз кесибиңизди таап, жашоодон эмнени каалап жатканыңызды так, даана түшүнө аласыз. Бул жылы абитуриенттер мектепте окуусун ийгиликтүү аяктап, кыялданган жогорку окуу жайына тапшыра алышат. Бойдоктор убадасына турбаган, кайсы бир жыргалчылык үчүн гана мамиле куруп жүргөн адамдан жаа бою качып, мамилени үзүп чекит коюусу керек болот.

ТАРАЗА

Таразалар жыл бою көпчүлүктүн көңүл борборунда болушат, мындай абал өздөрүнө анча жага бербесе дагы элдин каалоосу менен эсептешкенге туура келет. Ойлонбостон тобокелчиликке барбаңыз, натыйжасы кейиштүү болгон окуяларга кириптер болуп каласыз. Бул жылы сынакка катышып өзүн сынагысы келген таразаларга ийгилик кушу жылмаят. Жакын тааныштарыңыздын сот иштерине күбө катары чакырылсаңыз, алардын көңүлүн кыя албай макул боло бербеңиз. Бул иштер сиздин көп убактыңызды алып убаракерчиликке салышы мүмкүн. Коён жылы сизге көптөгөн эшиктерди ачып, командада мамиле түзүүгө, өнөктөштөр менен байланышты чыңдоого жана керектүү таанышууларга жол ачат. 2023-жыл абдан энергиялуу атмосферада өтөт, окуялар тез өзгөрүп, андагы башкы каарман сиз болуп чыга келесиз. Каржылык туруктуулук таразалардын пайдалуу байланыштарды түзө алуу жана артыкчылыктарды туура аныктоо жөндөмүнөн көз каранды болот. Кесиптик ишмердүүлүктөгү ийгилик ири акчалай киреше алып келип, өз бизнесиңизди ачууга жетишесиз. Сүйүү жана романтикага бай жыл болот. Жылдыздар сизге сүйүктүүңүзгө болгон ишенимди күчөтүп, кызганыч сезимдерин азайтууну сунушташат. Бойдоктор жылдын экинчи жарымында олуттуу сүйүү мамилесин башташат. Дароо эле үйлөнөлү деп сүйүктүүңүздү чочутуп албаңыз, кыз-жигиттик мамиленин да өз ырахаты бар экенин түшүнүңүз.

ЧАЯН

Жашоо өжөрлөрдү жакшы көрөт, чаяндар өжөрлүгү, жоопкерчиликтүүлүгү менен келе жаткан жылда көп ийгиликтерге жетет. Кесиптик ишмердүүлүгү жемиштүү, бирок өтө тынчсыз болот, кээде жагымсыз окуялардын болушу жокко чыгарылбайт. 2023-жыл жаңы кесиптерди өздөштүрүүгө, окуу жана квалификацияны жогорулатуу үчүн абдан ыңгайлуу. Материалдык жактан алганда жыл абдан ийгиликтүү болот. Чаяндарга бизнесте ийгилик жылмаят, ишканада иштеген кызматкерлер көбүрөөк маяна алышып, бонус жана кызыктыруучу төлөмдөр түрүндөгү кирешелер мол болот. Сиздин негизги милдетиңиз каржы ресурстарын туура бөлүштүрүү. Сүйүү мамилесинде жаңы таанышуулар орун алат, бирок ал мамиле үй-бүлө курууга чейин жетпейт. Коён жылында чаяндар өздөрүнүн күчү, интуициясы, токтоолугу жана тез чечим кабыл алуу жөндөмүнө гана таянышы керек. Жылдыздар бул белгинин өкүлдөрүнө көздөгөн жолдон адашпоону, жаңы таанышууларга кылдат мамиле жасоону, терс жана агрессивдүү мүнөздөрүн тыйып сабырдуу болууну сунушташат. Шекший берүү, күмөн саноо сыяктуу сапаттарыңызды унутушуңуз керек, ишеним болбосо бизнестеги, үй-бүлөдөгү өнөктөшүңүз менен да мамиле өнүгүү жолуна түшпөйт.

Уландысы кийинки санда...

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1046, 23-29-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан