Эрмек Керимбаев, Акмарал Турдуева, бийчилер: “ОРТОБУЗДАГЫ ЖАШ АЙЫРМАЧЫЛЫК КӨПТӨРГӨ КЫЗЫК БОЛУУДА”

Концерттерди, клиптерди бийи менен көркүнө чыгарып келе жаткан белгилүү бийчи Эрмек Керимбаев жакында өзүнүн окуучусу, бийчи Акмарал Турдуевага баш кошту. Жаңыдан түндүк көтөрүп үй-бүлөлүк турмушка кадам таштаган таттуу түгөйлөр менен маектештик. “Тойдон кийин эле жумушубуз башталган. Ишибиз көп болгондуктан “жашаганга” жетишпей жатабыз” дешет алар.

– Саламатсыздарбы? Куш келипсиздер!

Эрмек Керимбаев: – Саламатсыздарбы? Куш келдик.

– Түтүн булатып чогуу жашап баштаганыңыздарга бир айга чукулдап калды. Үй-бүлөлүк жашоого көнүп калдыңыздарбы?

Акмарал Турдуева: – Буюрса, акырындан көнүп бара жатабыз.

Э.: – Ооба, көнүп жатабыз. Бирок “жашап” баштай элекпиз, “жашаганга” жетише элекпиз. Заманбап тоюбуздан кийин Ысык-Көлгө – үйгө барып той бердик. Эртеси эле Бишкекке келдик. Келерибиз менен ишке чыктык, съёмкалар башталды. Анан эле жаңы жылдык кечелерге тартылып баштадык. Айтор, ишибиз көп болгондуктан үйгө барып эле уктап жатабыз.

– Кыз-жигиттик сезимдер менен үй-бүлө кургандан кийинки сезимдерде айырма бар бекен? Кимиңиздерде өзгөрүүлөр бар?

Э.: – Өлө өзгөрүлдүң дебейсиңби (күлүп).

А.: – Ооба, 360 градуска, тамаша (күлүп). Кыз-жигит кезде деле ишенимдүү адам болчу. Баш кошкондон кийин бир бүтүн нерсеге айланып каласың да. Мурдагыдан да ишенимим артып, андан бетер сүйүп, жакын болуп калдым. Үлпөт тойдон кийин жаман жагын көргөн жокмун.

Э.: – Үйлөнгөнгө чейин эки жылдай жумушубуз, съёмкаларыбыз, сапарларыбыз бир болду. Ошол учурда эле ысык-суукка урунуп, бири-бирибиздин мүнөзүбүздү билип, ошондо эле кимди тандап, кайда бара жатканыбызды түшүнгөнбүз.

А.: – Баарына даяр болчубуз.

– Сиздерди табыштырган жол кандай башталды?

Э.: – “Мисс Кыргызстан” долбоорунда иштечүмүн. Акмарал долбоорго катышуучу болгон, анын программаларын мен даярдап калдым. Ошентип экөөбүз жакындаша түштүк. Эң биринчи сезимдер ошол жактан башталган.

– Бир көрүп сүйүп калуу десек болобу?

Э.: – Болот. Чынын айтканда, мен көп убакытка жалгыз жүрүп калдым. Жаман арыма кыздарды тандап, көбүн жактырбай жүрдүм. Анан Акмаралды биринчи көргөндө эле “буюрса, ушул” деп койдум. Көргөн күнү эле жакшы таасир калтырган. Ошол оюм ишке ашып, Акмарал менин жубайым болуп калды.

– Акмарал, айтсаңыз, Эрмек мырза жүрөгүңүздү кантип багындырып алды?

А.: – Айта берсем жакшы сапаттары абдан көп.

Э.: – Макта да, мен төш кагып отурайын (күлүп).

А.: – Анда 2 саат отурабыз го (күлүп). Башында эле мындан боорукерликти, жөнөкөйлүктү сезгем. Башка жакшы сапаттары да абдан көп. Анан экөөбүз тең бир чөйрөнүн өкүлдөрү болуп жатпайбызбы. Башынан эле көз карашыбыз, дүйнө таанымыбыз төп келишип жатты. Ушинтип эле табышып калат экенсиң.

– Бий чөйрөсүнө кантип келип калганыңыздар тууралуу дагы сөз кыла кетели.

Э.: – Бул тармакка кызыгуум бала кезден эле башталган. Ал кезде бий мектептери деле жок болчу. Азыркыдай даяр көнүгүүлөр, бий боюнча маалыматтар аз, интернет жокко эсе эле. Эптеп Майкл Жексондун видеолорунун дисктерин таап, ошол кездеги хит ырлардын клиптеринен бийлерди жаттачубуз. Мектепте концерттерди, дискотекаларды уюштуруп калчумун. Ал кезде хобби катары болчу, кийин Бишкекке келгенде деле ошол хоббимди уланттым. Жакшы бир бий тобуна кошулуп, ал жактан тажрыйба топтодум. Бара-бара хоббим негизги жумушка айланып, билим алып жаткан тармагымдан алыстап кеттим. Кудайга шүгүр, бийдин аркасы менен көптөгөн ийгиликтерге жеттим, көп нерсени көрдүм. Сүйүктүү жарымды да ушул жактан таптым.

А.: – Мен 5 жашымдан бери эле бийлейм. Башында k-pop бийлеп баштагам, эч кандай ийримдерге барбай эле өз алдымча үйрөнгөм. Мектепте кыздарга да үйрөтүп, иш-чараларда бийлечүбүз. Үйдүн жер төлөсүндө күзгүлөр коюлган зал бар. Ошол жакта интернеттен бий коюп алып бийлечүмүн. Бир бий тобунун 365 бийин жаттап чыккам. Мектепти бүткөндөн кийин бийди таштап салган элем. Бирок сулуулар сынагына катышкандан кийин Эрмектин командасына кирип, ошону менен улантып кеттим.

– Эрмек мырза, ошол долбоордон кийин коё бербей кармап калыптырсыз да, ээ?

– Ооба да, менин торума түштү (күлүп). Башында эле таланты, бийге кызыгуусу бар экенин байкадым. Негизи, бийди алып кетүү үчүн талант жетишсиз. Адам аракет кылып атайын убакыт арнаганда гана өсөт. Акмарал окуусу болобу, ооруйбу, үйүндө маселе болобу, машина сүзүп кетсе деле бийди көздөй жүгүрчү. Бийге болгон кызыгуусуна аябай баа бергем. Ушундай окуучуну бийчи кылып таптап чыгыш керек болду.

– Эрлан Андашевдин концертинде сүйүктүүңүздүн колун сурадыңыз. Ошол учурга токтолсоңуз.

Э.: – Колуңду сурайм деп айтып калчумун, бирок качан экенин билчү эмес. Ошончо элдин алдында колун сурайм деген деле ой болгон эмес. Бирок учурду туура колдонуп кеттим. Эрлан Андашевдин “Коё бербейм” деген ырына экөөбүз бийлеп чыкмакпыз. Концерт эки күн болду да. Биринчи күнү кадимкидей бийледик. Ошол бийдин аркасы менен экинчи күнгө сценарий түзүп, баарын сүйлөшүп койгонбуз.

А.: – Мен такыр күткөн эмесмин. Анткени биз Жаңы жылдан кийин баш кошобуз деп жүргөнбүз да. Экөөбүз сахнада бийлеп жатканда эле аркабызга башка бийчилер чыгып, бөбөктөр бийлеп программада жок нерселер боло баштады. Ошондо дароо түшүндүм. Өзүмдү жоготуп, бийимди унутуп калдым. Бул отуруп алып мага көп сөздөрдү айтыптыр, аны кийин видеодон көрдүм. Ал жерден бирин уксам, бирин укпай жаттым. Бул отуруп алып жообумду күтүп жатат. Мен микрофонду мындан алып жооп берсем да туура эмес болот деп тура бердим.

Э.: – Баарын ойлонуштуруп, бирок буга микрофон бердиргенди унутуп калыптырмын. Анан түшүнүп, өзүм туруп барып микрофонду бербедимби.

– Ортоңуздардагы жаш айырмачылыкты эмне себептен жашырууга туура келди?

Э.: – Кайда барбайлы ушул нерсе көпчүлүктү кызыктырып жатат. Анткени биздикиндей жаш айырмачылык менен үйлөнгөндөр чанда кездешет. Көбү жаш кыз алгысы келеби же улууларга турмушка чыккысы келеби, билбейм, сурагандар көп. Биз дагы каадаланып аны айтпай келебиз. Бул биздин “фишкабыз”.

А.: – Бирок ортобуздагы жаш айырмачылыктын артыкчылыктары көп. Ортодо сый болот. Биз такыр уруша элекпиз.

– Маегиңиздерге рахмат. Бактылуу болуңуздар.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1046, 23-29-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан