КОЁН ЖЫЛЫН КАНТИП ТОСУП АЛУУ КЕРЕК?

ҮЙДҮ ЖАСАЛГАЛОО

Коёнду үй жаныбары десек да болот, андыктан үйдүн жылуу, жайлуу болушу шарт. Коён жумшак нерсенин үстүндө боюн керип, мемиреп жатканды жакшы көрөт. Жылды башкаруу бийлиги али колунда турган Жолборс да эс алышы зарыл. Ошон үчүн жылдын өңү болгон боз, көк, жашыл түстөгү жумшак оюнчуктар жана килемчелер ылайыктуу. Дивандын жаздыкчалары менен килемчелердин өңү ак менен каранын айкалышынан турса эң сонун болот.

Үйдөгү балатынын жана үйдү кооздоого керектүү шар, гирляндалардын, дасторкондун өңү да көк, сыя-көк, көгүш, ак болсо талапка ылайык. Декорлордун формасынын шар, цилиндр түрдө болушу сонун шайкештик жаратат. Текчеде же столдо шамдардын турушу шарт.

Идишке сүт коюп койсоңуз Жолборско жагасыз. Бул үйдө гармониянын, молчулуктун болушун, үй-бүлөлүү жана балалуу болууну шарттайт.

Балатыга металлдан, таштан же жыгачтан коён оюнчук илип коюңуз. Металл – каржынын мол болушун шарттаса, жыгач энергияны көбөйтөт. Таш болсо үй-бүлөдөгү мамилени бекемдейт.

ДАСТОРКОН

Дасторконго узап бараткан Жолбоско арнап эт коюңуз. Коён үчүн жашылчалар же андан жасалган салаттардын мол болушу зарыл. Мисалы, кызылча, ашкабак, капуста, буурчак, жүгөрүдөн жасалып, үстүнө көк чөптөр себеленген салаттар жана ысык тамактар.

Жолборс балыкты да жактырат. Шпрот менен бутерброд жасап, балык бышырыңыз. Десертке пирогдор, сабиз кекси берилсе жакшы.

БЕЛЕК

Коён жумшак нерселерди жактыргандыктан плед, түктүү халат же сүлгү, кол кап, шарф, декоративдүү жаздык мыкты белек боло алат. Жумшак оюнчук, пижама, үй тапичкесин берем десеңиз да жакшы тандоо.

Аялзатына соус үчүн идиштер топтомун, гүл өстүрүүчү идиштерди, тирүү экзотикалык гүлдөрдү да берсе болот. Гүлдүн сабагы, жалбырагы жашыл болуп жылдын өңүнө туура келет.

Коёндун формасындагы акча топтогучтарды берүү да сунушталат.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1046, 23-29-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан