ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 26-декабрдан 1-январга чейин

КОЙ (21.03-20.04)

Таасирдүү адамдар менен таанышасыз, ал таанышууну пайдалуу иштерге колдонуу өзүңүздөн көз каранды. Алдыдагы иштерди шашпай пландаштырыңыз. Сүйүү мамилесинде буга чейин сизди теңине албай жүргөн адамдын көңүл буруусуна арзыйсыз. Тапкан кирешеңизди үнөмдүү иштетиңиз, болбосо акчаңыз заматта жок болуп кетиши мүмкүн. Чыгармачыл адамдар өзүндөгү башка катылуу таланттарын ачууга аракет кылса болот.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Жеке ишкерликти баштоону пландап жатсаңыз бул апта коё туруңуз. Кызматтык романга кабыласыз, бирок мындай мамиле сизге көңүл калуу жана өкүнүчтөн башка эч бир пайда алып келбейт. Үй-бүлөлүү букачарлар өзүн кыйнап иштеп, жумуштагы түйшүктөрдөн депрессияга кабылышы мүмкүн. Балалуу болууну пландап жаткандардын тилеги ушул аптада ишке ашат. Эс алуу күндөрү каржылык абалыңыз жакшырып, үйүңүзгө буюм сатып аласыз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Убактыңыздын көбү жаңы жылга даярдануу менен өтөт. Балдарыңызга, жакындарыңызга белек камдап, майрам күнү эмне тамак жасайм деген суроолор менен баш катырасыз. Аптанын экинчи жарымында мырзаларга майрамдык шаан–шөкөттөн тыныгуу сунушталат. Сүйүү мамилесинде сезимдериңизди ачык айтуудан карманып туруңуз, убактысы келе элек. Балалуу эгиздер алардын ийгиликтерине кубанган учур орун алат.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Аптада буга чейин калтыра албай жүргөн жаман адаттардан арыла аласыз. Мисалы, чылым чегүүнү таштоо аракетин баштасаңыз болот. Буга чейин айыккыс дарт менен күрөшүп келген бөйөндөр ооруну жеңип, оорусуз жашоо доорун башташат. Үй-бүлөлүк мамиледе бири-бирин кемчилик, артыкчылыгы менен кошо кабыл алганга аракет кылышканы жакшы. Чакырган жерге “макул, барам” деп убада берип койсоңуз, сөзсүз барыңыз.


АРСТАН (23.07-23.08)

Үй-бүлөлүү түгөйлөр мамилелеринде олуттуу жакшырууну байкашат. Ортодогу ишеним, сүйүү мамилени жаңы тепкичке көтөрүүгө жардам берет. Сүйүүсүн издеген бойдоктор жан шеригин алыстан эмес, тегерегинен карап көргөнү туура. Ашыкча тамактанып алуудан качыңыз, болбосо тамак сиңирүү органдарына күч келип кыйналасыз. Алыска сапарга чыгуу сунушталбайт, зарыл болбосо иш сапарларын кийинки аптага жылдырып турганыңыз оң.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Жаңы жылга чейин жумуштагы милдеттерди толук аткарып, үйүңүздү иретке келтиргенге жетишем десеңиз шашылышыңыз керек болот. Ошондой эле бул апта сергек жашоого, туура тамактанууга байланыштуу жакшы адаттарды калыптандырууга ыңгайлуу. Айланаңыздагы адамдардын жакшы маанайы сизге да оң таасирин тийгизип, чарчасаңыз да өзүңүздү көңүлдүү алып жүрөсүз. Сүйүү мамилесинде түгөйүңүздүн эркиндигин чектебегенге аракет кылыңыз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Апта таразалар үчүн жагымдуу окуяларга бай болот. Үй-бүлө курууну пландап жаткандардын ою ишке ашып, Жаңы жылды түгөйүңүз менен тососуз. Жылды жакшы ойлор, оптимизм, ишеним менен тосуп алсаңыз, сизге ийгилик жылмаярын эскертишет жылдыздар. Жумушта эмгегиңиз бааланып, жетекчиликтин акчалай сыйлыгына татыйсыз. Жашоосунда өзгөрүүнү каалаган таразалар биринчи өзүн, башкаларга болгон мамилесин өзгөрткөнү туура.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Үй-бүлөдөгү ынтымак, биримдик менен жакындарыңыздын колдоосу гана сизди көп ийгиликтерге жеткирет. Олуттуу чечим кабыл алуу алдында турсаңыз тайманбай ички туюмуңузга ишениңиз. Алыскы туугандар менен кайсы бир маселеде келишпестик жаралат. Бул учурда маселени курчутпай, унчукпай кутулганыңыз туура. Үйүңүздү иреттеп, керексиз буюмдарды ыргытып, тазалоо иштерин жүргүзөсүз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Буга чейин тил табыша албай жүргөн атаандаштарыңыз менен бир пикирге келип, мамилеңиздерди жөнгө саласыз. Максаттарыңыз ишке ашпай жатса ошол жаатта тажрыйбалуу адистен кеңеш сурагандан уялбаңыз. Карызга акча алуу жана берүү сунушталбайт. Документ иштеринде көйгөй жаралып, кичинекей ката сизди көп убарага салат. Андыктан документтердеги майда-чүйдө көрүнгөн пункттарды аттап өтүп кетпеңиз.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Канчалык кыйын болбосун жакын адамыңыздын олуттуу катасын кечирүүгө туура келет. Тапкан акчаңызды үй-бүлөңүзгө гана коротпой, өзүңүзгө да иштеткенди унутпаңыз. Жумушта кесиптештер менен мамиле жакшырып, аларга болгон бир туугандык сезим ойгонот. Соода менен алектенгендер интернетте көз боёмочулардын кылтагына илинип калышы мүмкүн. Ишенимдүү адамдарга гана товар сатыңыз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Аптада оригиналдуу сюрприз жасап балдарыңызды кубантыңыз. Алардын кубаныч, күлкүсү сизге укмуштай бакыт тартуулайт. Кокустан пайда боло калган жагдайлар тынчыңызды алат, бул учурда тез чечим кабыл алуу жөндөмүңүздү иштетишиңиз керек болот. Чала тааныш же жаңы таанышкан адамдар менен сырдашпаңыз, айткан сөздөрүңүз кийин сизге каршы колдонулушу мүмкүн.


БАЛЫК (20.02-20.03

Жаңы жыл алдында иштен, түйшүктөрдөн тажап, толук эс алууну каалайсыз. Чыдап туруңуз жалкоолукка эрк берген күн да келет. Инсандык өнүгүү, изденүүнүн үстүндө жүргөндөрдүн көптөн күткөн кыялы орундалат. Балык айымдар майрамда көп конок күтөсүз, андыктан дасторконду кенен жайганга даярдана бериңиз. Эс алуу күндөрү үй-бүлөңүз менен туугандардыкына конокко барууга ылайыктуу.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1046, 23-29-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан