2023-ЖЫЛЫ БИЗДИ ЭМНЕЛЕР КҮТӨТ?

Жолборс жылы Коён жылына орун бошотту. Жаңырган жыл дүйнөгө, анын ичинде Кыргызстанга эмнелерди алып келет? Эмнелери менен сүйүндүрөт жана кооптондурат? Астрологдордун, эксперттердин байкоосуна көз жүгүртөлү.

Андрей Рязанцев, астролог: «23-марттан тартып бардык тармакта өзгөрүүлөр башталат»

– 2023-жылдын 23-мартында Плутон планетасы Суу куяр жылдызында болот. Плутон акыркы ирет Суу куярда 18-кылымда 1777-1797-жылдары болгон. Плутон трансформация жана өзгөрүүлөргө, ал эми Суу куяр новаторлукка жооп берет. Андыктан 18-кылымда саясатта, экономика тармагында эски түзүлүштөр кыйрап, жаңы жаралуулар болгон. Франция революциясы болуп өтүп, орто кылымдык феодалдык түзүлүш, монархия кыйрап, капитализмдин өнүгүшүнө жол ачылган.

2023-жылы Плутон Суу куярда 23-марттан 12-июнга чейин болот. Ошол аралыкта жашоонун бардык чөйрөсүндө өзгөрүүлөр башталып, 2043-жылга чейин уланат. Саясий жаңы союздар түзүлөт, технология өсөт. Бардык өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда экономика, искусство, илим жаңыча өнүгүү жолуна түшүп, коомдук аң-сезим мындан да оң жакка өзгөрө баштайт.

Каржылык ийгиликтер коштоочу айлар: февраль, май, июнь, июль, ноябрь жана декабрь.

Жанар Кадыралиев, астролог: «Саясатта, коомдо чыңалуулар күтүлөт»

– 2023-жылдагы кооптуу айлар төмөнкүлөр:

Январдын 1-15ине чейин, 20-февралдан 25-мартка чейин (эң кооптуу күндөр: 23-24-февраль, 1-март, 15-март);

Майдын 15-31ине чейин (эң кооптуу күндөр: 17-18-22-23-май);

Июлдун 15-30уна чейин;

Августтун 1-15ине чейин;

Октябрь, ноябрь айлары толук.

Калган айлардын баары бир калыпта өтөт.

Кооптуу делген айларда:

Саясатта, коомдо, жеке жашоодо чыңалуулар күтүлөт. Саясатта өзгөрүүлөр менен куугунтуктоолордун жана камоолордун, айрым чиновниктердин кызмат орундарынан кол жуушу да кооптуу айларга туш келет. Элдик толкундоолор пайда болушу ыктымал.

Коңшу мамлекеттер менен мамилелер курчуп, чек арада аскердик кагылышуулар чыгышы мүмкүн.

Каржынын тартыштыгы, товарлардын баасынын көтөрүлүшү күтүлөт. Эл унаа же башка кымбат нерселерди сатып албай акчасын сактабаса, кыйналып калат.

Жаратылыш жана жол кырсыктарынын болуу ыктымалдыгы жогору.

Жугуштуу оорулар менен ооругандар көп болот.

Жыл мезгилине жараша аба ырайынын кескин өзгөрүшү, суук же ысык болуп кетиши, мөндүр, кардын калың жаашы, катуу шамалдын болушу, көчкү түшүү да кооптуу айларга туура келет.

Айылчы Сарыбаев, экономист: «Элди мындан да кымбатчылык күтөт»

– Кыргызстандын экономикасында эч кандай жылыштар болбойт. “Өгүз өлбө, араба сынба” болуп эле кете беребиз. Өлкөнүн рыногунда сатылып жаткандардын дээрлик баары сырттан келет. Андыктан тамак-ашка, электр энергиясына болгон баалар өсөт. Эл мындан да кымбатчылыкка кептелет, бул элде толкундоолорду жаратышы ыктымал.

Ванганын божомолу

• 2023-жылы Жердин орбитасы бир аз өзгөрүлөт.

• Ракты айыктыруучу дары табылат. Анын курамында темир көп болот.

• Дүйнөдө өзгөрүүлөр жүрөт, ал өзгөчө Орусия менен АКШга таасирин тийгизет. Орусия чыр-чатактардын, чукул бурулуштардын кучагында калат, андан кийин аны жаркын келечек күтөт. Орусия жана анын касташкандары (Польша, Румыния жана Венгрия) чоочун жерлерге барып, тарыхый жактан өздөрүнө таандык жерлерди тартып алышат.

Нострадамустун божомолу

• Асмандан от (астериод же метеорит) түшүп Жердин орбитасын өзгөртөт. Жер титирөөлөр болуп, океан чайпалып, цунами күтүлөт. Англия жана АКШнын жээктерин суу каптайт.

• Көптөгөн өлкөлөрдө ичүүчү суу, тамак-аш тартыштыгы жаралат.

• Ислам өлкөлөрү жаңы аймактарды басып алууга аракет кылышат. Түркия мусулман дүйнөсүнүн кызыкчылыгына көлөкө түшүрөт, араб-түрк чыр-чатагынын чыгышы мүмкүн.

• Европада согуштун чыгышы, көп адамдардын каза табышы ыктымал. Анан дүйнөлүк жаңы тартип орнойт.

• АКШда атуулдук согуш башталышы мүмкүн. АКШнын ажосуна “белгисиз оору” жармашат, үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири жол кырсыгынан каза табат.

• Үчүнчү дүйнөлүк согуштун башталып кетүү коркунучу 2024-жылга чейин сакталат.

• Аскерий куралдуу кагылышуулар, экономикалык хаос, күчтүү кризис элде миграциялык агымды күчөтөт.

• Дүйнөдө бир канча чыгыш өлкөлөрү, Орусия кирген жаңы союз түзүлөт. 2023-жыл Орусия ажосуна “чакырык” таштайт. Анын чечиминен орус элинин тагдыры көз каранды болот. Орусиянын аймагы кеңейет.

• Жогорудагылардын баары адамзат жашоосунун жаңы эрасынын башталышына түрткү болот.

Павел Глоба эмне дейт?

• Айрым өлкөлөрдө жазында аскердик кагылышуулар болот.

• Жаңы пандемия күтүлөт.

• Жай, күз мезгили Орусиянын бийлигинде, башкаруусунда өзгөрүүлөрдү алып келүүсү ыктымал.

Былтыр эмнелер болжолдонгон? Эмнелер дал келди?

Астролог Бермет Сапарованын айткандарына кайрылалы:

Божомол: “Октябрь-декабрь айларында бийликтегилер, жарандар ойлонулбаган кадамдар менен келишимдерди түзүүдөн качуулары зарыл. Болбосо терс таасири узак убакытка чейин сакталат”.

Дал келүү: Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилиши коомчулукта нааразычылык жаратты. Бул окуядан кийин 21 адам өлкөдө "бийликти басып алууга даярдануу" беренеси боюнча айыпталып камакка алынды.

Негизи, Кемпир-Абад маселеси боюнча башталган талкуу, чырлар азыркыга чейин уланып келүүдө. Ушундан улам кайсы бир олуттуу чечимдин таасири узакка сакталат деген жоромолду дал келүү катары караса болот.

Андрей Рязанцевдин божомолу

Божомол: “Сентябрда эл аралык жолугушуулар болуп, Кыргызстандын маанилүү маселелери каралышы мүмкүн”.

Дал келүү: 20-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөп, Тажикстанды агрессор атады. Чындыкты дүйнө коомчулугуна ачык айтып, Тажикстандын куралдуу кол салууларын айыптады. “Тажик кошунабыз менен кандай гана форматта болбосун, эл аралык эрежелердин негизинде цивилизациялуу юридикалык жолдор менен сүйлөшүү процессин улантууга даярбыз” деп да билдирди.

Коён жылында болуп өткөн окуялар

Дүйнөдө:

1915-жылы 24-апрелде Осмон империясы армяндарды кырууну баштаган. 3 жылда 1,5 миллион армян геноцидге кабылган.

1927-жылы Кытайда Наньчан көтөрүлүшү башталган. Бул дата Кытайда Экинчи жарандык согуштун башталашы катары саналат.

1939-жылы 1-сентябрда Дүйнөлүк экинчи согуш башталган. Германия Польшага кол салган. 1-апрелде Испанияда жарандык согуш аяктаган. 30-ноябрда Совет-Фин согушу башталган.

Кыргызстанда:

1999-жылы 30-июлда Баткен аймагына куралдуу согушчандар басып кирген. Аларды жок кылуу операциясы 21-августка чейин созулган.

Коён жылында туулган белгилүүлөр

Алыкул Осмонов, Дооронбек Садырбаев, Сүймөнкул Чокморов, Нариман Түлеев, Дэвид Бекхэм, Энрике Иглесиас, Мария Шарапова жана башкалар.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1047, 30-декабрь, 2022-ж - 5-январь, 2023
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан