Сапар Сайназаров, режиссёр: “ТАСМА ТАРТЫП БАНКРОТ БОЛГОНДО КАТУУ СЫНГАМ”

Бул жолу “1+1=3”, “Бунт”, “Кайнене” тасмаларын тарткан режиссёр, актёр Сапар Сайназаровду маекке чакырдык. “Үкү” тобунун уясынан учкан Сапар мырза менен чыгармачылыкка кантип аралашып калганы, кино тартам деп карызга батканы, Орусиянын тасма талаасында иштегени тууралуу кеп кылдык.

– Кандайсыз, Сапар мырза? Жакында “Адам болчу” деген тасма тарттыңыз, алгач ушул тууралуу кеп баштасак...

– Буга чейин үй-бүлөлүк комедияларды тартып келгем. Көптөр “башкача өңүттө да тасма тартып көрбөйсүңбү” дешкенинен, “Love is” деген тасма тартканбыз. Ал тасма кинотеатрларга чыгары менен өлкөдө карантин башталып кетип, үзгүлтүккө учурап, элге тарабай калды. Андан кийин комедиялык “Кайнене-2” тасмасын элге тартууладык. Артынан “Адам болчу” комедиясын тарттык, тасманын идеясы актёр Эркин Парпиевге таандык. Тасма 3 айда даяр болду. Эл кандай кабыл алат, көрө жатарбыз.

– Тасма талаасына кантип аралашып калдыңыз?

– 2014-жылы өзүм продюсер, актёр, режиссёр болуп “1+1=3” деген тасма тарткам. Ошол учурда ага катарлаш абдан көп тасма “прокатка” чыгып калды. Ошондо мен эле эмес, бир топ режиссёрлор банкрот болушкан. Анда азыркыдай кезектешип чыгаруу деген жок болчу. Азыр продюсерлер тобу бар, алардан 1 жыл мурун убакыт алып, тасмаларды кезек менен элге чыгарабыз. “1+1” тасмасын унаамды сатып, кредитке жана дагы карызга акча алып тарткан элем. Кино ийгиликсиз болуп, тартуучу топтун акчаларын бере албай калдым. Карызга батып калдым, ошондо катуу сындым.

– Бул окуя чыгармачылыктан көңүл калууга алып келдиби? Кантип калыпка келдиңиз?

– Болду, чыгармачылыкка такыр аралашпайм деп ата-энеме сөз берип, Орусияга иштегени кеттим. Ал жакта документтерим маселе жаратып туруп алды. Анан бөлөмдүн паспорту менен бир ресторанга ашпозчулук жумушка кирдим. Иштеп баштаган күнү жетекчим “атың ким, таанышып алалы?” десе, “Сапар, ой, Стал” деп шашып калдым. Ошондо “билип калышса бөлөмө залакам тийип калбасын” деп жумуштан чыгып кеттим. Интернеттен видеомонтажга жумуш таап, үйдөн монтаж жасап жаттым. 5 видеону монтаждап алпарып бергем. Кийин эмгек акымды алганы барсам, баягылар жок, көчүп кетишиптир. Кыргызстандан монтаж жасоочу компьютеримди алдырган элем, ошентип мээнеттин баары текке кетти. Документтерим даяр болгуча бош отурбаш керек болду. Актёрлорду кастингден өткөрчү бир сайтка сүрөтүмдү жүктөп, маалымат калтырып койгом. Бир күнү чалуу келди. “Бир ролго сени ылайык көрүп жатабыз, режиссёр сени тандады, эртең сага унаа жиберебиз” деди. Бир чети кубанып турам, бир чети көңүлүм калган. Эртеси үйгө келип алып кетишти. Биздин өлкөдө кино тартуучу топто саналуу гана киши иштейт да, алар алпарган жерге барсам 12 спринтер турат. Кийинүүчү, гримдөөчү, эс алуучу жери өз-өзүнчө, шарты укмуш экен. Режиссёр, оператор, айтор, мага улам бири келип таанышып кетет. Андай мамиле кылган сайын мен ого бетер ыңгайсыз болом. Голливуд актёру Марк Дакаскостун баласынын ролун ойнойсуң деди, аны укканда эмоциямды ичиме жашыра албайм десеңиз. Кичинебизде Дакаскостун тасмаларын кызыгып көрчүбүз да. Ошентип “Дело Батагами” деген сериалда Марк Дакаскостун баласынын ролун жараттым. Ошол жактан бир оператор менен таанышып, кино жаатына кайра аралашып кеттим. Телеканалдарда оператордун жардамчысы болуп иштедим. Америкалыктар менен “Инсомния” деген сериалда иштештим. “Побег из Москвабада” жана башка көптөгөн тасмаларга тартылдым. Эпизоддук ролдор болгондуктан аттарын деле эстей албай калдым. Бир күнү полиция кармап, “200 рубль бер да, кетип кал” деди. Бербей койсом, алпарып 3 күнгө камап салды. Ошондо Кыргызстанга кетем деп чечтим, ал жактан чыгарым менен келе бердим.

– Анан карыздан кантип кутулдуңуз?

– 2016-жылы Кыргызстанга келип авто мектепте иштеп баштадым. Банктагы кредитти 2017-жылы араң төлөп бүттүм. Карызга алган акчамдын үстөк пайызы да бар экен, аны билген эмесмин. “Биринчи банктагы кредитти төлөп анан берем” дегем. Себеби төлөгөнгө башка вариант жок болчу. Айла жок Москвага кетип жатканда бул жактагы байланыштын баарын үзгөм да. Акчаны алпаруучу Максат Давранов аркылуу алган элем. Мага байланыша албай коюп, өзү төлөп коюптур. Ага кийин кайтарып бердим. Максаттын ал жакшылыгы ар дайым жүрөктө. Ушул күнгө чейин абдан ыраазы болом.

– Тасма тартууга кайра киришүүдө чочулоолор болдубу?

– “No name” КВН командасындагы досторум “тасма тарталы” деп туруп алышты. Абдан коркуп калыптырмын. Алар демөөрчү аркылуу тартабыз дешкенде, кандай кино элге өтөт деп изилдеп чыктым. Анан Ош шаарында “Бунт” тасмасын тарттык. Тасма жакшы кабыл алынды. Досторум “жүрө бересиңби, болду эми, чыгармачылыкка кайт” дешти. Өзүм дагы Кудай мага ырыскыны ушул тармактан бергенин түшүндүм. Изденип отуруп “Кайнене” комедиясын тарттык. Ошону менен ишим кайра уланып кетти.

– Бул жаатта билим алдыңыз беле?

– Негизи, чыгармачылык жаатта билимим жок. Ушул жаатта АКШдан билим алууну пландап, тил үйрөнүп жүрөм. Колледжде дене тарбия факультетин бүтүргөм. Студент кезде машыктыруучум менен чогуу жашап калдым. Графигим абдан жыш болчу, эртең мененки саат 5тен түнкү 11-12ге чейин окуу-машыгуу болуп жаным тынчу эмес. Бир мезгилде абдан кыйналып кеттим. Бир күнү агайым “Сапар, бул жерде бир секунд турба, кет, өсө турган баласың” деди. Үйдөн “Кызыкча” деген теле берүүнү күтүп көрчүмүн. Бир күнү ошону көрүп отурсам апам “жат, эртең менен сабакка барасың” деп урушту. “Апа, көрүп алайынчы, мен дагы ушуларга кошулуп актёр болгум келет” деген сөз оозумдан чыгып кетти. “Эй, сени булар эмне кылмак эле” деп кагып койду. Ошондо “мен баары бир актёр болом” деп ыйлагам. Ошондон бир жума өтпөй Бишкекке кеттим. “Үкү” тобуна барып “силердей актёр болгум келет, Оштон атайын силер үчүн келдим” деп ачык эле айттым. Эч нерседен тартынбаган бала элем. Эмне кааласам ошону кылчумун. “Үкү” тобундагы байкелер мага абдан чоң жардам беришти, алардын жанында жүрдүм, чыгармачылыкка жол салып беришти. Көп нерсени ошолордон үйрөндүм.

– Маегиңизге рахмат. Чыгармачылыгыңызда ийгилик гана болуп турсун!

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1047, 30-декабрь, 2022-ж - 5-январь, 2023
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан