Канат Жумагазиев Нарын ОИИБинин, Жеңиш Абитов Жалал-Абад ОИИБинин, Жеңиш Жоробеков Ош ОИИБинин, Орунбай Кочкоров Ысык-Көл ОИИБинин жетекчиси болуп дайындалды.
Маалыматтык база жаңыланып жатканы үчүн “балага сүйүнчү” жөлөкпулун берүү убактылуу токтотулганы айтылды.
Кыргыз-Өзбек чек арасын демаркациялоого даярдык башталды, 27-декабрда Ошто өлкөлөрдүн жумушчу топторунун жолугушуусу өттү.
Билим берүү жана илим министрлиги: Орусиянын ЖОЖдоруна абитуриенттерди кабыл алуу башталды.
Депутаттар “мал уурдагандарды 10 жылга эркинен ажыратыш керек” деп демилге көтөрүштү.
Сузакта кыздар окуган медреседен өрт чыгып, 2 кыз ооруканага жеткирилди.
УКМК Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевге издөө жарыялады.
Өлкөдө 20-24-декабрь күндөрү мас абалында унаа айдап жүргөн 258 айдоочу кармалганы маалымдалды.
Улуттук статистика комитети: 2021-жылы өлкөдө 96,9 миң тонна дизель майы өндүрүлгөн.
27-декабрда Панфилов районунда массалык мушташ болуп, 17 жаштагы жигит сабалганы маалымдалды.
Акылбек Жапаров: “Үчүнчү күчтөр бийликке келиш үчүн Кемпир-Абад маселесин пайдаланышты”.
Бишкекте учурда 590 авариялык абалдагы лифт бар экени маалымдалды.
Депутат Адахан Мадумаровдун сунушу менен Жогорку Кеңеш өлкөдө Конституция, мыйзамдар одоно бузулуп жатат деген дооматты иликтөө үчүн депутаттык комиссия түздү.
Экономика министрлиги: 2022-жылдын 11 айында республикалык бюджеттин кирешеси 235 миллиард сомду түздү.
28-декабрда Кыргыз-Кытай чек арасында күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды, жабыркагандар жок.
Быйыл Тажикстандын кол салуусунан каза тапкан аскер кызматкери Дастан Анарбековдун сөөгү "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине коюлду.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.