Айта кетсек, өлкөдө 2021-жылдын сентябрынан 2022-жылдын 31-декабрына чейин импорттолгон жана кайра иштетилген буудай кошумча нарк салыгынан бошотулган.
Ун комбинаттарында буудайдын запасы аз калганы айтылды. Орусиядан жана Казакстандан буудай ташып келүүдө тоскоолдуктар, чектөөлөр болуп жатканы айтылды.
– Азыркы учурда буудай жеткирүү 30-40 күнгө чейин кармалып калууда. Октябрдагы буюртма боюнча дагы деле чийки заттын керектүү өлчөмүн ала элекпиз. Бул ун комбинаттарында буудайдын жана ундун запасынын азайып кетишине таасир этти. Коңшу өлкөлөр чек арасын жапса же буудайды чыгарууга чектөө койгон окуялар кайталанчу болсо, анда биз элди ун менен 25-30 күнгө гана камсыздай алабыз,- деди Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын жетекчиси Рустам Жунушов.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев өлкөдө азык-түлүктүн запасы жетиштүү дейт. Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампасында керектүү өлчөмдө буудай, ун, май жана кумшекер бар деп айтылды.
– Эгер ун комбинаттарында буудайдын запасы түгөнчү болсо, материалдык резервдер фондунда буудай бар. Ал эми өсүмдүк майы жана кумшекер боюнча маселе жаралбайт, деди Төрөбаев.
Буудайды импорттоого каралган жеңилдиктин мөөнөтү узартылабы-жокпу, расмий маалымат бериле элек.