УКМК ДЕПУТАТ БАКИРОВДУ “КАМЧЫ КӨЛБАЕВГЕ ЖОЛУКТУ” ДЕП КҮНӨӨЛӨДҮ

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров кримавторитет Камчы Көлбаевге жашыруун жолукту. 28-декабрда УКМК ушундай билдирүү таратты. 25-декабрда Бакиров Чолпон-Ата шаарындагы "Барс" спорттук-эс алуу комплексине атайын Камчы Асанбек (Көлбаев) менен жашыруун жолугушуу үчүн барганы айтылат маалыматта.

– Кылмышкерлер менен мындай байланыштар бир гана чиновниктер эмес, өзгөчө эл өкүлдөрү, бийликти дискредитациялоого, элдин ишенимине доо кетирүүгө, өлкөнүн жогорку жетекчилигинин экономиканы өнүктүрүүгө жана мамлекеттүүлүктү чыңдоого багытталган аракеттерин нейтралдаштыруу болуп саналат,- деп билдирген УКМК мамлекеттик кызматкерлерге кылмыштуу элементтер менен байланышууга жол берилбестигин белгиледи.

Депутат Өмүрбек Бакиров бул билдирүүдө айтылгандарды четке какты.

– Ал жерге коттедждерди көргөнү, орун караштырып келгени баргам. Жаңы жылдан кийин үй-бүлөм менен ошол жерде эс алсакпы деген пландар бар. “Барс” деген – коомдук жай, элдин баары эс алчу спорттук комплекс. Камчы Көлбаевге жолукту дегени калп, эгер фото-видео далилдери болсо чыгарсын. Көлбаев менен тааныштыгым да, эч кандай мамилем да жок,- деди Бакиров.

Мындан кийин УКМК кайрадан билдирүү жасап, “депутат Бакировго жолукканын Камчы Көлбаев тастыктады” деп жарыялады.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1047, 30-декабрь, 2022-ж - 5-январь, 2023
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан