– Сузак РИИБинин кызматкерлери шектүүлөрдү издөө жана кармоо чараларын көрүшкөн эмес, алардын жакындары менен бир нече жолу жолугушуп, жекече сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Кылмышты жаап-жашыруу үчүн паранын суммасы да айтылган,- деп билдирет УКМКнын маалымат кызматы. Азыркы учурда кылмышка шектүү 5 адам кармалып, калганы изделип жатканы маалымдалды.
27-декабрда ИИМ Сузакта милиция кызматкерлери тарабынан кылмышты жашыруу фактысы аныкталганын, бир катар кызматкерлер жоопкерчиликке тартылганын кабарлады. Жалал-Абад ОИИБинин жетекчиси Ашим Тагаев, Сузак РИИБинин жетекчиси, анын орун басары, Сузак РИИБинин бөлүм башчысынын орун басары кызматтан алынганы белгилүү болду. Мындан тышкары бир катар милиция кызматкерлерине катуу сөгүш, сөгүш жарыяланды.
Айта кетсек, буга чейин Кочкор районунда да ушул сыяктуу факт катталып, Кочкор РИИБинин жетекчиси жана анын орун басары кылмышты жашырууга шектелип кармалган.