Мас абалында унаа башкарып баратып кармалганы үчүн чиновниктер моралдык жоопкерчилик сезип кызматтан кеткен учур көп кездешет. Айрыкча мыйзам жакшы иштеген өлкөлөрдө. Кыргыз жеринде моралдык жоопкерчилик сезип кызматты тапшырып кетүү көрүнүшү сейрек учурайт. Өлкөдө жыл сайын мас айдоочулардын айынан көптөгөн өмүрлөр кыйылары маалым. Ошондуктан мас айдоочуларга жазаны катуулатуу талаптары да тынбай айтылып келе жатат.