Анжелика: «ХЕЙТЕРЛЕРДИ ЧАРЧАТЫШ КЕРЕК ЭКЕН»

Дайыма изденип, жаңылык жаратууга умтулган ажарлуу ырчы, ийгиликтүү ишкер Анжелика Кайратова менен Жаңы жыл алдында маектештик. Ал ийгилик мээнеттин артынан гана келерин айгинелеген айым.

– Саламатсызбы, куш келипсиз?

– Саламатсыздарбы? Чоң рахмат, маектешебиз деп жүрүп, бүгүнкү күн бизге буюруптур.

– Ооба. Жыл башынан бери кеңири отуруп маектеше элек экенбиз. 2022-жыл сиздин жашооңузга кандай өзгөрүүлөрдү алып келди?

– 2022-жыл мен күткөндөн да берекелүү, мени алдыга жетелеген, билбеген нерселеримди үйрөткөн жакшы жыл болду. Мурдагы жылга салыштырмалуу сыноолордон да алыс болдук. Жашоо китебимдин барагында кызыл сыя менен белгилей турган өзгөчө унутулгус жылдардын болду десем жаңылышпайм. Өзүмдү анализдеп жатам, бул жылы Анжелика сабырдуу, оор басырыктуу адамга айланды. Жашоодо кээде шашып чечим чыгарып, кээде бирөөлөргө таарынып калабыз. Көрсө, адам өзүнө ыраазы болуп гана жашашы керек экен. Жоолук салынуу – бул менин кыялым болчу, кыялдарымдын бири орундалды. Башынан эле “толугу менен хиджап кийдим дебейм, болгону намаз окуганга ылайыктуу кийиндим” деп эле айтып келе жатам. Ар бир адам жүрөгүнө жаккан нерсени тандашы керек, башкалардын оюна көңүл бурбоону үйрөндүм.

– Жоолук демекчи, Анжелика жоолукту чечет экен деген кептер да чыкты. Негизи, ушундай ойлор болгонбу?

– Андай сөздөр күндө эле чыгып жатат. Жоолукту чечемби-чечпеймби... Ыйманымдын деңгээлин бул жашоодо ким таразага салып ченейт, билбейм. А мен Кудайдын алдында жөн эле бир жакшы пенде болгум келет. Ким кандай кийинет, ал адамдын жеке тандоосу. Башка эч нерсе дей албайм.

– Мурун социалдык тармакта хейтерлериңиз көп эле, акыркы мезгилде жок болуп кетишти окшойт...

– Хейтерлерди чарчатыш керек экен. Сени жамандап жатып акыры тажашат. “Муну канча жамандасам да чөкпөй койду” деп багытын башкаларды көздөй бурушат. Мен аларды жеңдим. Айтаарым, кимде негатив көбүрөөк болуп жатса, чыдап коюңуздар. Бул убактылуу нерсе.

– Кандай учурларда өзүңүзгө өзүңүз ыраазы болосуз?

– Ооруп калганда бир жакка барышым керек болот. Ошондо күчүмдү жыйнап, боёнуп, жакшынакай кийинип, концерт, иш-чараларга барганымда “азаматсың, Анжелика” дейм. Анткени абалым жакшы эмес деп отура берсең жылбайсың. Жетишем деген адам баарына жетишет. Бирөөгө жардам бергенимде, пайдамды тийгизгенде өзүмө ыраазы болом. Негизи, адам ар дайым өзүн мактап турушу керек.

– Бир карасак Түркия, бир карасак Монголия, айтор, бир жерде турбайсыз. Эмне иштер менен алексиз?

– Мен азыр “Кыргызстанга эс алганы эле келип калдым” деп тамашалап калам. Чет өлкөгө көбүнчө иш сапары менен чыгып жатабыз. Буга чейин Аланияда турак жай тармагында иштеп келе жаткам, ал ишим уланууда. Быйыл Малайзиянын компаниясы менен келишим түзүп, M international – дүйнөлүк компаниясынын Кыргызстандагы өкүлү болдум. Былтыр кыздарым менен кырсыктап калбадык беле. Ошондо наркоздон улам тырмак, кирпиктерим түштү, анан ушул компаниянын продукцияларын кыздарым менен чогуу ичтик, жакшы жыйынтыгын берди. Ушул себептүү бул компанияны жакшы көрүп жүрдүм. Негиздөөчүсү Кыргызстанга келгенде ыраазычылыгымды билдирип ырдап бергем. Ошондо мага өкүлчүлүктү сунушташты. Адегенде бул компания ишенимдүүбү, чын эле ошондой ийгиликтүү адамдар чыгып жатабы деп карап чыгып, ишендим. Бул компания боюнча лидер өлкө Монголия дешкенинен кызыгып, Монголияга эки ирет иш сапары менен барып келдим.

– Адамдарды бай болууга, бактылуулукка үндөгөн марафондорду да уюштуруп жүрөсүз...

– Умрага барып келгенден кийин ырдасамбы, ырдабасамбы деген ой жаралды. Кичинемде “оо, Кудай, мени ырчы кыла көр” деп суранчумун. Бул менин балалык кыялым эле. Ал кыялым орундалгандан кийин эми “элим бай болсо экен, элиме пайдам тийсин, элге балык эмес, кайырмак берсем, жумуш менен камсыздасам” деп тилек кылып жатам. Байлык десе эле корко беребиз го. Бай деген сөздөн коркпоңуздар, корккон сайын биз кедейликти көздөй качабыз. Монголиядан жапжаш миллионерлерди көрүп, байлыктын келишин жаш курак менен ченебеш керек экен, сөзсүз түрдө улгайып калганда эмес, жаш кезде деле бай болууга болот турбайбы деп келдим. Эми биздин жаштарга “жаш кезиңерде иштегиле, силерде мүмкүнчүлүк жогору” деп мотивация берип жатам. Адам адамды байытат. А бирок иштешүү үчүн адамдардын ортосунда ак ниет мамиле, ишеним зарыл. Муктаж болуп турган бирөөгө жардам берүү – бул байдын ой жүгүртүүсү. Кайрымдуулукту кимдер жасайт, байлар жасайт. Ошон үчүн байлык, акча деген сонун нерсе.

– Мурдагыдай ыр артынан ыр жаздырбай калдыңыз. Өзүңүздү ишкерликке арнайын деп жатасызбы?

– Клип тарттырып, ыр жаздырып жатам. 2023-жылга кирерибиз менен угармандарга ыр белек тартуулайм. Жаңы ырым “Сага гана” деп аталат.

– Кыздарыңыздын өзүңүз менен тең жарыша өсүп жатканын көрүп мезгилдин тез өтүп жатканына ичиңиз ачышабы?

– Убакыттын өткөнүн күзгүгө каранып деле байкаган жокмун. Балким, дагы 10 жылдан кийин байкайттырмын. Азырынча өзүмдү 22 жаштагы Анжеликадай эле сезем. Кыздарымдын чоңойгону мени бир гана кубандырат. Шүгүр, акылы, ыйманы, жакшы тарбиясы менен чоңоюп жатышат. Бирок балдар чоңойгон сайын сыноолор көбөйөт экен. Улуу кызым туулган күнгө барып келейин деп суранып калса мен мобилограф болуп аны ээрчип алам. Кыздар чоңойгон сайын кооптонуп, жан сакчы болуп калат экенсиң.

– Маегиңизге рахмат. Сөз соңунда сизге эркин микрофон...

– Сиздерге да рахмат. Элибизде бир гана береке, токчулук ийгиликтер орун алсын. Элим бай болсун. Дүйнөгө жакшы жагыбыз менен гана тааныла берели.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Luna15
2023-01-02 14:08:00
Анжелика боюмда бар деп атты беле,Назира мн айтышканда?
0
№ 1047, 30-декабрь, 2022-ж - 5-январь, 2023
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан