“Стаканда кантың бар” десем эле сөз кайсы ырчы тууралуу экенин аңдасаңыз керек. “Кантың бар” ыры чекеме баскан мөөр болуп калды” деген ырчы, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, кыргыз эстрадасынын түптөөчүлөрүнүн бири Алтынбек Сапаралиев менен анын атактуу болуп турган мезгилин эстедик.
– Саламатсызбы, Алтынбек ага? Ден соолугуңуз жакшыбы?
– Саламатчылык. Жакшы, шүгүр. Кайсы жашта болсоң дагы, абалың кандай болсо дагы баарын кабыл алып жашаш керек экен.
– Жаш кезиңизди эстеп, ошол убакка бир кайрылып келбейлиби?
– Жаш кезимде сүйгөн жумушум менен алектенгениме кубанам. Биздин убакта кыргыз эстрадасы жаңы пайда болду да. Ыраматылык жетекчибиз Чоро Кожомжаров “ыр таппайсыңарбы” деп калчу. Ал убакта обончулар “менин ырымды ырдап берчи” деп артыбыздан ээрчип жүргөн убак, ырлардын баары бекер келчү. 10-12 ырды алып келсем, Чоро пианинодо ойноп көрүп, ичинен 4-5 ырды тандап алар эле. Анда эстрада жаатында 3-4 эле ырчы бар болчу. Композиторлор союзунда обончуларды жылына 2 жолу угуп, кайсы ырлары жакса архивге ала берчү.
– “Кантың барды” кандай кабыл алышты эле?
– “Кантың барды” адегенде анча түшүнгөн эмес. Элдин баары ырды комуз менен ырдаганга көнүп калган да. Шаршен Термечиков мен төрөлгөндө каза болуптур. Шакирти “Кантың барды” комуз менен ырдап жүрчү экен. Чоро ошол шакирти менен Воронцовкада эс алып калып, ырды ошол кишиден жазып алыптыр. Анан мага ырдатты. Эстрада менен ырдаганда эл түшүнгөн жок. 1974-жылы Кыргыз компартиясынын 50 жылдыгы болду, Спорт сарайы жаңы курулуп бүткөн убак. 50 жылдыкты ошол жерден өткөрүштү. Союз убагында чоң майрам, концерттерге эстраданы кошчу эмес. Мени Кыргыз ССРи Компартиясынын борбордук комитетинин катчысы Кеңеш Кулматов коштуруптур. Карамолдо Орозов атындагы оркестр менен ырдадым. Ал салтанатка СССРдин Министрлер кеңешинин төрагасы Алексей Косыгин жана биздин республиканын жетекчилери да катышкан. Акыркы куплетинен кийин кайырмасын ырдасам Косыгин кол чапты. Анан политбюронун мүчөлөрү да кол чаба башташты. Кайырмасын экинчи жолу кайталаганда Косыгин ордунан туруп кол чапты, баары ордунан турушту. Ошентип “Кантың бар” дүң дей түштү. Бул ыр менин чекеме басылган мөөр болуп калды. Алтынбек Сапаралиевмин десем тааныбай, “Кантың барды” ырдайм” десем тааныгандар болчу. Андан кийин “Стамбулдун кыздары” ырым чыкты. Түркияга бир көргөзмөгө барарда Чоро “түркчө ыр тапсаңчы” деп калды. Карамолдо Орозов атындагы оркестрде иштеген Алёша деген орус киши бар эле, фонотекасы укмуш болчу. Сурасак, ырларды коюп берди. Бир күн кечке сөздөрүн кагазга түшүргөм. Измирде 10 күн бою ушул ырды ырдадым. Бул түрктөрдүн элдик ыры болуп калыптыр, авторун эч ким билбейт экен. Түрк балдар бизден ноталарын, сөзүн жазып кетишти. Түркиядан кайтып келгенде жаздырып койдук, анан бул ыр да популярдуу болду.
– Ал кезде күйөрмандар кандай эле, белектерди беришчү беле?
– Ал кезде белек беришчү эмес, гүл беришчү. Анда бизди да бекем кармашчу. Сахнада кыйшаңдап койсоң парторг “эмне кыйшаңдайсың? Адамдай туруп ырдабайсыңбы” деп урушчу. Бир парторг багалегибизди көтөрүп байпагыбызды карачу. Көк, күрөң, кара түстөн башка байпак кийбеш керек болчу. Бир жолу бир кыз сахнага гүл алып чыкканда бетинен өөп койдум. Эртеси мени чакырып алышып “эмне кылганың бул? Колунан өөп койсоң эмне болот? Эмнеге бетинен өбөсүң? Экинчи кайталанбасын” деп урушуп, сөгүш беришкен.
– План аткарыш керек деген да нерсе бар болчу да, ээ?
– Ооба, кварталдык план аткарабыз деп бир жарым айлап гастролдо жүрчүбүз. Филармонияда 32 жыл иштедим. Анын акыркы 2 жылында “Кыргыз концерт” деген фирма уюштура коюп, концерт бөлүмүнүн башчысы, көркөм жетекчи болдум. 2 кызымды байбичем өзү эле өстүрдү. Уулум чоңоюп баштаганда “кой, гастроль жетиштүү эле болду” дедим. Тапкан акчамды байбичеме берип коюп эле кетип калчумун. Ал акча жетеби, жетпейби деле ишим жок эле. Гастролго чыкканда концерттин санын, акчанын көлөмүн, көрүүчүлөрдүн санын да карачу. Көрүүчүлөр аз болуп калса премия бербей коёт. Мен жаңы иштей баштаганда киреше салыгы менен кошо бойдокторго салынчу салык да бар болчу. Дагы бир жаман жери – квраталдык концерттин планын аткарбай калсаң, айлыгыңдын 25 пайызын мамлекет кармап калчу. Башында 69 рубль айлык алчумун. Ар 3 жылда көтөрүлүп турду. Кайра куруу мезгилинде айлыгым 220 сомго жетти. Кайкалап калгам анда. Ошол маалда эл сыяктуу эле мен деле кайда барарымды, эмне кыларымды билбей калдым. Мурун мени менен жүргөндөр өздөрү иш ача башташты. Барсам “азырынча жумушчу кереги жок” деп коюшту. Кээде мени алыстан көрүп, башка жол менен айланып өтүп кеткендерди байкап калчумун.
– Акчасы жок калып кыйналган учур болдубу?
– Болду. Ал учурда соода жагында иштеген 2 бир тууганым жардам беришти. Байбичем экөөбүз батирди ижарага берип, Ала-Тоо конушунан 4 бөлмөлүү үй сатып алып, огородго жер-жемиш өстүрүп жашап калдык. Байбичем иштечү анда, анын айлыгын карап отуруп калдык. Соода кылып да көрдүк. “Ош базарынан” контейнер алып, кийим саттык. Айланабыздын баары кийим болуп кетип, соода болбой калганда аны кайра саттык. Андан мурун “Дордойдон” контейнер алганбыз, аны да иштете албай саттык. Кийин бир фирмада менеджер болуп иштедим, айлыгым 100 доллардан ашпай койду. 2 жыл иштеп чыгып кеттим. Кийин эстрада ырларынын эл аралык фестивалын уюштуруп иштеп калдым.
1 жыл 2 ай болду, байбичем инсульт алып жатып калды. Ага күнүнө миң сомдон акча төлөп “сиделкага” каратып жатабыз. Байбичемди карашып ошол кыздарга жардам берем, неберелеримди карап азыр үйдөмүн.
– Пенсияңыз жетип жатабы?
– 13 миң сом пенсия алам. Өткөндө Жогорку Кеңеште депутаттар “персоналдык песионерлер канчадан алып жатышат?” десе, Соцфонддун жетекчиси “25 миң сомдон” деди. Барайын десем балдар болбой коюшту. Кыргыз эстрадасын түптөгөн кишилерден Сардарбек Жумалиев экөөбүз эле калдык. Кудайга рахмат, Ак үйгө жеткен экен, Жумалиевге “Даңк” медалын тагыптыр. Мага медаль керек эмес, пенсиямды көбөйтүп беришсе болот эле. Бирок “мага көңүл бурбай коюшту” деп наалыбайм. Кудай аманчылык берсин, бала-чакам аман болсун, байбичем сакаят деп ишенем. Наалый берсең өзүңдүн ден соолугуңа зыян экен.
– Балдарыңыз да таланттуу болсо керек?
– Улуу кызым Шубин жана Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайларды бүтүрдү. Турмушка чыгып, бала-чакалуу болуп үйдө отуруп калды. Экинчи кызым Абдраев, Күрөңкеев атындагы окуу жайларда, Улуттук консерваторияда окуду. Ал да турмушка чыккан, азыр Германияда жашап жатат. Уулум үй-бүлөсү менен биздин үйдө жашайт. Үнү жакшы, “аракет кылсаңчы” десек көңүлдөнбөй койду. 2 кыз неберем бийлейт, Айдар деген неберем эч жерде окубай эле интернеттен карап комуз, гитара, клавишаны үйрөнүп алды. Эми неберелерден чыкпаса, чөбүрөлөрдөн чыгат деп күтүп жатам. Азыр 5 чөбүрөбүз бар.
– Айылыңызга барып турасызбы?
– Байбичем ооругандан кийин машинемди саттым. Айылымдан 3 бөлмөлүү үй сатып алган элем, аны да саттым. Айылга аябай зарыл учурда гана барам.
– Байбичеңиз айыгып кетсин, оорубай аман-эсен жүрүңүздөр.
Перизат Музуратбекова