(Башы өткөн сандарда)
– Эң жаманы эмне дебейсизби? Ушунун баарын карап туруп «кантип эле Аскат ушундай кылып жатат?» деп таң калып жатам.
– Таң калбай эле кой. Мен таң калган жокмун. Уялбаганы жаман экен. Жөн эле жашооңдон чийип сал.
– Ошенттим. "Кара тизмеге" тыгып койдум...
– Акбермет экөөбүз дагы «майрамдап» келдик. Күн алыс иштен кийин кафеге кирип, паркка барып өз көңүлүбүздү өзүбүз көтөрмөй адат таптык. Мындай учурларда болор-болбос сөзгө каткырып, бири-бирибизди жөнсүз тамашалап, өйдө-төмөн сүйлөп калабыз. Таңкы жетиде бир мекемеге кирип кетип, кечте чыксаң, колуңдан кечке швабра менен чака түшпөсө... Ал аз келгенсип, ар кимиси бир келип жөөлөп кетсе... Окшош, кызыксыз күндөр тажатат. Менин го келгениме аз эле болду. Бирок Акберметчи? Он жылдан бери ушинтип жашайт экен. Аны карап отуруп чыдамына, кайратына таң калам. Кантип 10 жылдан бери ушундай жашоо менен жашап келе жатат? Кантип ушул турмушунан жинди болуп кетпеди? Мен жинди болоюн деп калдым. Күндөрүбүз, жаштыгыбыз өтүп жатканын түшүнөм. Жашообуздун, дүйнөбүздүн кызыктуу, кооз, бай болушун каалайм. Бирок адамдын дүйнөсү, жашоосу кызыктуу болуш үчүн кызыктуу нерселерди, сулуулукту көрүп жашаш керек экен. Дем алыш күндөрү музейлерге, театрларга барып жатабыз. Өткөн дем алышта Третьяков галереясына барып келдик. Москвага келген күндөн тартып эле барам-барам деп, бирок ар кандай себептер менен жетпей жүргөм... Керемет дүйнө экен.
Ошончо казынаны бир күндө көрүп, таанып, өзүңө сиңирип кете алчудай эмессиң. Бул сапар жөн эле таанышып келдик. Мен тигил залдан бул залга, бул залдан тигил залга өтүп, чуркап жүрүп көрдүм. Акбермет ар бир сүрөткө токтоп, тигилип жатып көрдү. Тигилген сайын катып калып жатты. Мен улам алдыга кетип калам, кайра анын жанына кайтып келем. Бир келсем, ал Врубелдин сүрөттөрүнүн алдында телмирип туруптур... Боёктун таасириненби, Врубелдин таасириненби, билбейм, мен жанына барганда үшкүрүндү да: «Сүрөтчү эле болбой», – деп койду. Мен Врубелдин «Сирень» деген сүрөтүн көрүп, дароо сирень багын эстедим. Москвада сирень бак бар деп уктум эле. Ошону издеп табалы деп чечтик. Бир дем алыш бүтө электе, кийинки дем алышты пландап үлгүрдүк. Бара элекпиз, бирок план түзүп алып эле кудуңдап, кубанып жатабыз. Сирень бакка эмес, бир аз болсо да адамга окшоп жашап жатканыбызга көбүрөөк кубанып жатсак керек. Айтор, бизде ушундай. Бозоргон жашообузга акырындык менен боёк киргизе баштадык. Жөнөкөй күндөрү болсо жумуштан келатып кафеге барабыз же паркка барып сейилдеп кеч келебиз. Жигиттер менен таанышабыз. Акбермет көзүмө жаш кыздардай көрүнө баштады. Жаңы келгенимде аны күлбөйт, улуу көрүнөт дей берчүмүн, эсиңиздеби? Азыр шайыр, күлкүчү кыз болуп баратат. Бирок биздин бул өзгөрүүлөрүбүз Муратка такыр жакпады.
Мен булардын жашоолорунда пайда боло электе Акбермет жакшы кыз эле да. Ишке түз барып, түз келет. Иштен келип, кечкиге тамак жасайт, кир жууйт, үй жыйнайт. Качан болбосун, качан келбесин, Мураттын тамагы даяр, кири жуулган. А азыр ал үйгө келсе, үй чачылып, тамак жок, кир жуулбаган. Мындай көрүнүш кимге жаксын? Муратка жакпайт. Жакпаганын кабак-башын бүркөп, каалга-терезелерди тарсылдатып, ачык эле билдирет. Анын үстүнө вино ичкен, жигит менен сүйлөшкөн, үйгө кеч келген кыз ага дароо эле бузук көрүнөт экен. Бул жолу да биз босогону аттаганыбызда эле күңкүлдөп-мыңкылдап уруш чыгарды. «Дагы ушинтип үйгө ичип келчү болсоң, капа болбогун!» деп Акберметти демитти. Ал минтип демиткидей ким? Жигитиби, эриби? Ага мындай укукту ким берди?
Экөө дагы уруша кетишти. Мурат ага сөөмөй кезеди, кыйкырды. "Мындай кыласың, мындай кылбайсың" деп шарт койду. Акбермет чыдабады окшойт: «Мен көчөм, кетем, тажадым» деп жулунду. Көпкө тартышты. Аягында Акбермет үйдөн чыгып кетти. Кудум күйөөсүн коркуткан аялдай болуп чыгып кетти. Мурат болсо мага сүйлөбөйт. Эгер сүйлөчү болсо: «Аны сен буздуң, ага сен ичкенди үйрөттүң, сен басканды үйрөттүң. Аны да бузбай, биздин жашообузду да бузбай көчүп кет!» – демек болуш керек. Бирок дебейт. Сүйлөбөйт.
Акберметти болсо алып алган аялындай эле башкарып, айтканын жасатып, айдаган жагына бастырып көнүп алыптыр. Ошол эрежеси бузулду да. Акыры чыдабай Муратка өзүм сүйлөдүм.
– Неге Акберметти тарбиялай бересиң?
– Мен аны жакшы болсун дейм. Ичпесин, ашыкча баспасын, бир эрден чыккан неме сөзгө калат деп корком.
– Коркуштун кереги жок. Ал тарбияга деле, акылга деле муктаж эмес, экөөбүздөн акылдуу. Адамга жашаганга мүмкүндүк бер, кайната-кайненеси деле жетет. Бул жакта алардын ордун сен басып алдың, биротоло. Ал чарчады, кыйналды, бук болду. Мунун баарын сен менден жакшы билесиң, баарына күбөсүң. Ичкенде – ичсин, басканда – бассын да, – дедим. Бир чети Муратты тыйып «Сен кимсиң?» деп жаттым, бир чети уруксат да сурап жаттым. Өзүмдөн кичүү, чоочун эле баладан өзүмө да, Акберметке да жашаганга уруксат сурап жаттым.
– Ичкен аялдардын эмне болгонун көрүп эле жүрөм го,– деди Мурат. Ушул сөзүн угуп жиним келди.
– Эмне, сен болбосоң, Акбермет эмгиче бузулуп кетет беле? Ошону айткың келип жатабы? Биз эмне, ичип талаада калып же сага зыян келтирип жатабызбы?! – дедим.
– Талаада калбаса, зыян келтирбесе, кана эми, жок го? – деп туталанды ал. Мен Акберметти эшикте ары-бери басып келет го деп кенебей эле отургам. Мураттын сөзүнөн улам ар нерсени ойлоп коркуп кеттим. Экөөбүз аны үйдүн алдындагы паркка барып издеп келдик. Таппай койдук. Телефон чалсак, жооп бербейт.
Эже, ал Мурат үйлөнөм дегенге да ушинтип кыжалат болуп жаткан жокпу? Аялдар кичине эле жылт эткен нерседен үмүт этип, кыялыбызда аны ишке ашырып, бактылуу-таалайлуу болуп кетебиз го. Ушунча жылдан бери экөө бири-бирине арка-жөлөк болуп, жардам берип, бир бүлөдөй жашап жатса, анан ал үйлөнөм десе, катуу тийдиби дейм да. Муратты биз жаман көрүп жатканыбыз менен, Акберметти чын жүрөгүнөн аяган биринчи киши ушул – Мурат болуш керек. Туура эмес аяп, туура эмес коргоп жатканы башка кеп, бирок аяды да. Жөлөк болду. Анан Мураттын: «Кыргызстанга кетем, барып өзүмө ылайык кыз караштырып, үйлөнөм», – деп жатканы оор тийип жатпасын. Ушул мээме шак эле дей түштү. Менин айымдан урушуп жатса го мейли, ушунун айынан урушуп жатсачы? Экөө тез-тез эле уруша берчү болду. Айлам кетип Мураттан: «Акбермет сени сүйөбү?» – деп сурадым. Мурат күлүп койду. Күлүп эле: «Эми ошондой болгондо деле, мен ал деп үйлөнбөй коёт белем, акыры кетүүгө туура келет, үйлөнүшкө туура келет», – деп жооп берди. «Кыз издеп убара болбой, Акберметке эле үйлөнүп албайсыңбы?» – дедим. Башын жерге салып унчукпай калды. Мурат деле аны жакшы көрөт окшойт. Анын жакшы аял экенин да билет. Андан жакшы аял таба албасын да билет. Болгону «Эки кызы менен ага кантип үйлөнөм, ата-энеме, ага-туугандарга эмне дейм, эл эмне дейт?» деп коркот болуш керек. Жүрөгү түтпөй эми аны издеп жатат. Өзүнүн тааныштарына, анын тааныштарына чалып сураштырып жатат. Акберметтин жоголуп кеткенин бүт Москва билди...
– Менин алдымда өзүн-өзү союп салган кылмышкер менен таанышканыма көп эле болду. Бир тергөөчү:
– Үч кылмыш иши бириктирилип, биздин колубузга түштү. Эң биринчи козголгон кылмыш иши бизде болчу. Кылмышкер кыргыз. Котормочу керек, – деп чакырган. Бардым. Тергөөчүнүн бөлмөсүндө килейген эки опер кызматкер менен үңүрөйгөн кыргыз жигит отуруптур...
(Уландысы кийинки санда)