КӨП КЫЗМАТ АТКАРГАН ТИШ ПАСТАСЫ

Тиш пастасы тиш жуугандан сырткары да бир катар кызматтарды аткарып, тиричиликте мыкты жардамчы болуп бере алат. Тиш пастасын көп тармактуу колдонуу үчүн лайфхак.

ИДИШТИ ЖАЛТЫРАТАТ

Тиш пастасы өзгөчө кол батпаган, оозу кууш идиш-аяктарды тазалаганга жардам берет. Мисалы, термос, балдардын сүт ичкен бөтөлкөсү, кружка, ваза жана башка. Тиш щёткасына пастадан сыгып аласыз да идиштин ичин сүртүп чыгасыз. Андан соң жакшылап суу менен 2-3 жолу чайкап коюңуз, идишиңиз жаңы эле сатып алгандай болуп жалтырап калат.

ЖАГЫМСЫЗ ЖЫТТАРДЫ КЕТИРЕТ

Эгер кайсы бир тамак-аш жасагандан кийин колуңуз сарымсак, пияз жыттанып, самын менен жуусаңыз да кетпей жатса, тиш пастасын колдонуңуз. Жыйынтыгына ыраазы болосуз.

КҮМҮШ ТАЗАЛАЙТ

Күмүш асем буюмдарыңыз карарып кирдеп кетсе тиш пастасын тегиз кылып сүйкөп, тиш щёткасы менен жакшылап сүртүп чыгыңыз. Андан кийин 5-10 мүнөт коюп коюңуз. Таза чүпүрөк менен сүртүп, сууга жууп коңуз.

КҮЗГҮНҮ ТАЗАЛАЙТ

Күзгүдө колдун издери калып, сүртсөңүз бозоруп калган учурда губкага тиш пастасын сыгып алып, сүртүп чыгыңыз. Күзгүңүз жаркырап эле калат.

ТЕРИДЕГИ МАЙДА ЖАРАКАТТАРГА ЖАРДАМ БЕРЕТ

Майда жаракат дегенде, мисалы, курт-кумурскалар чаккан учурду алалы. Теридеги жабыркаган аймакка тиш пастасын сүйкөп коюңуз. Бул учурда паста микробдорду өлтүрүүчү кызматты аркалайт. Ошондой эле теринин кычышканын токтотконго жардам берет.

Эскертүү! Жогорудагы ыкмаларды колдонууда гель тиш пастасын эмес, кадимки ак тиш пастаны колдонуңуз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1047, 30-декабрь, 2022-ж - 5-январь, 2023
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан