АЯЛ (Ийгиликтүү аялдын сыноолорго толо тагдыры баяндалган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

– Коркуунун даамы кандай болот, билесиңби? Дайым оозуңда бир кермек даам бардай, дайым бир нерседен коркуп, өлүмүңдү күтүп жашап жаткандай сезим. Ал сезимден тырбалаңдап качасың, бирок болбойт. Мен Алмаздан так ошондой коркчумун. Ошол коркуума карабай андан качып чыгууну ойлодум. Кеч кирди. Жүрөгүм оозумда. Эптеп эле балам колума тийсе ушул жерден качып кетүүнү төрт көздөп күтүп жаттым. Кошуна жеңе байкуш бир маалда баланы бооруна кыса, менин документтеримди кошо алып кирип келди.

– Мына, эч ким жокто акырын кирип алып чыктым. Кайненең баланы таштап коюп ылдый баскандай болду. Коркконумдан ыйлап жибере жаздадым, бирок сенин бул жерде турганың болбойт.

– Рахмат сизге!- дедим да, уулумду кучагыма кысып жыттап алдым. Байкушум, мени тааныгандай күлмүңдөйт. Балапанымдын көздөрү азыр да көз алдымда. Ошентип караңгы түндө тагдырым менен күрөшкөнү аттанып чыктым. Алгач такси менен райондун борборуна келип, эң биринчи автобус менен Бишкекке жол алдым. Колумда жаш бала, өзүм эч кимди тааныбайм. Чоң шаар! Элейип эле эмне кыларымды билбей туруп калдым. Жанымдан эл шуу-шуу өтүп жатат. Мен шаарга барам деп ойлой берипмин, бул жакта кандай кылам, эмне кылам эч оюма келбеген экен. Коркуу шайымды кетирип боорума кыскан балам менен бир күн кечке вокзалда отура бердим. Караңгы кире баштаганда курсагы ачып балам ыйлай баштады. Баланын ыйлаганына эл көңүл бура баштады. Ансайын шаштым кетет. Ошол учурда узун бойлуу, сымбаттуу бир жигит жаныма келди.

– Карындашым, байкасам көп сааттан бери ушул жердесиң, бара турган жериң жокпу?

Мен үн ката албадым. Эмне дээримди билбей турганымды байкадыбы, ал мага тике карады. Эмнегедир анын жумшак үнү мага аябай жагымдуу сезилди. Же Алмаздын кыйкырып-өкүргөнүнө көнүп калган жаным биринчи жолу мага жумшак кайрылган адамга ийилдимби же ишендимби билбейм.

– Сен айт, жашырба, колдон келген жардамымды аябайм.

– Мен...- дедим мукактанып.

– Эмне болду сага?

– Менин бара турган жерим жок... биздин бара турган жерибиз жок,-дедим уулумду карап.

– Кайдан келе жатасыңар?

Жооп бергим келбей турганын байкадыбы, такып сураган жок.

– Атым Нурдан, сенин атың ким?

– Пери...

– Чын эле перидей кыз экенсиң, атыңды ким койсо да таап коюптур,- деди ал жылмайып. Адамга кээде эмне керек? Жөн гана жылуу сөз керек. Жанатан берки коркуум шамал айдаган булуттай жоголду. Дагы бир нерселерди сүйлөшүп турдук. Бир убакта ал мага батирине барууну сунуштады.

– Жүрү, биздикине барып жатып ал. Азыр кеч кирсе бул жерге кимдер гана толбойт. Сага да, балаңа да тынчыраак. Мен жалгыз жашайм. Соода-сатык жагында иштейм.

Ойлонуп туруп калдым. Чын эле мындан башка тандоом жок болчу.

– Коркпо, менин да сендей карындаштарым бар. Эч ким тийбейт сага.

Аргасыз макул болдум. Уулумду колумдан ала алдыга түштү. Мен сумкаларымды алып анын аркасынан бастым. Аттиң, ошо баскан кадамымды азыр бырчалап салгым келет. Ошол вокзалдагы мен ал адамга жолуккан күнгө каргыш канча айттым.

– Логикага салып карасаң, колунда жаш баласы бар 17 жаштагы кыздын аны ээрчип баспаганга аргасы бар беле?- деди Илим үшкүрүп.

– Чарасы жок болчу, бирок миллиондогон адамдардын арасынан дал ошол адамга жолукканыма арман кылып бүтпөйм. Ал болбогондо...

Айдай кайрадан көз жашын төгө ыйлап кирди. Илим өзүнчө ойлонуп жатты. “Мунун минтип ыйлап отурганын көргөндөр кандай абалда болмок? Дайым күчтүү турган, кандай абал болсо да чыгып кеткен бул аялды ким мындай абалга кыймак?”

Айдай бир топко ыйлап алып, анан баянын улантты.

– Нурдандын үйүнө бардык, чакан, жайлуу кичине батир экен. Шыпылдап бизди киргизип коюп тамак жасап кирди, тамак бышып жеп алып, бир топко сүйлөшүп отурдук. Алмаздай болуп качан кол салып баштайт деген коркуу жок эмес эле, бирок ал такыр андай кылган жок. Уулум экөөбүзгө төшөк салып берди да, өзү ары карап жатып алды. Бул жолуда ишеничиме кирди. Эки-үч жума аныкында турдук, уулум экөөбүз тең аябай көнүп калдык. Айрыкча уулум, эшик шак ачылганда аны көздөй талпына калат. Жылмайып бир нерселерди айткысы келгендей жалжылдайт. Мен дагы. Ошентип отуруп биздин ортобуз жакындап кетти. Ишенсең, мен өмүрүмдө биринчи жолу бир эркекке ашык болдум. Биринчи махабатым эле. Кээде ага жолуктурган бактыма ишене албай кетчүмүн, маданияттуу, ал кезде мен аны ошондой деп ойлоптурмун, сымбаттуу, жумшак сүйлөгөн адамга ашык болдум. Анын ичиндеги жыланды көрө албадым. Ал бир күнү кычыраган капкара костюм-шым кийип, экинчи күнү көзүнө кара көз айнек тагынып, спорттук күрмө менен кетчү. Кээде башка образдарга түшө берчү. Мен аны байкаганым менен, анча маани бербептирмин. Көрсө, кадимки эле афера менен акча тапчу тура. Мендей жаш кызды алдап коюш ага семичке чаккандай иш болчу экен.

– Сен экөөбүз үйлөнүп алып сонун үй салабыз. Сен анын кожойкеси болосуң. Баары жакшы болот,- дечү ал.

– Нурдан, сага жолукканыма кандай бактылуумун...- дейм мен.

– Балаңдын атасы бизди таппайт. Тапса да мен силерди эми ага бербейм. Андай адамдар сенин баркыңа жетпейт.

– Иши кылып кутулсам болду андан...

– Кутуласың, мага ишен!

Ишендим, күн өткөн сайын байланып, катуу ишенип баштадым. Бир жерге идиш жууганга жумушка кирмей болдум.

– Баланы ким карайт?- дедим мен.

– Баланы мен карайм,- деди ал көзүн ала кача.

– Сенин жумушуңчу.

– Мен бир аз чарчап жүрөм, эс алгым келди бир айча. Сен иштей бер беймарал. Мага жумуш качан кааласам табылат.

Баламды такыр таштагым келбей кыйылып жатып жумушка кетем. Күн бою эмне болду деп тынчсызданам. Бирок ага ишенбей жатканымды билдирсем мага таарынып калат деп ойлоп бир үн катпайм. Ошол күндөрдүн биринде баламдын каруусунда бир уколдун изи пайда болгонун көрдүм. Жүрөгүм шуу дей түштү.

– Балага эмне болгон?- дедим дароо.

– Эмне болуптур?

– Укол сайылгандай го.

– Ой, кайдагы укол? Бир нерсе чагып кеткен го.

– Жок,уколдун эле изи...

– Сен мага ишенбейсиңби? Эч нерсе болгон жок дедим го,- деп корс этти. Биринчи жолу мага катуу кыйкырды. Эмнегедир коркуп кеттим. Андан ары такып сурай албадым. Балам ойгонуп, күлүп калганда гана коркуум жоголуп кетти.

Айдай ушул жерге келгенде кыйналып бараткандай токтоп калды. Илим эч нерсе деген жок. Бүгүн бул баянды уланта албасын сезди. Жашоосундагы эң оор кысым ушу экенин ичинен сезди. Кучактап, чекесинен сүйдү.

– Сен бир аз эс аласыңбы?

– Макул, бирок сен менин жанымдан кетпечи...

– Мен кетпейм эч кайда, дайыма сенин жаныңдамын.

Кол кармаша көл аралап басып жүрүшүп үйгө келишти. Телефон толтура билдирүүлөр келип калыптыр. Баары Айдайды издеп жатышат. Илим мунун баарын билип туруп эле Айдайга айтпады. Анткени анын ичиндеги ууланган өтмүшүн агызып бүтүшү керек эле. Ал муну жакшы түшүнүп турду.

– Мен сени аябай кыйнадым, ээ,- деди Айдай ага аяп карап.

– Эмнеге?

– Байкап турам, мени менен кошо ошол азаптарды чегип жаткандайсың.

– Сен жакшы бол, мага ошол жетет. Эч нерсени ойлонбо, укта, эс ал, өзүңдү даяр сезгенде баяныңды улантасың. А мен сага азыр сонун балык бышырып турам.

– Рахмат сага, жаным!..

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1047, 30-декабрь, 2022-ж - 5-январь, 2023
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан