ЖОЛБОРС ЖЫЛЫНДА ЭМНЕ ИШ ЖАСАДЫҢЫЗ?

Жыл аяктаарда Жогорку Кеңештин депутаттарына суроо узаттык. 2022-жылы кайсы депутат кандай демилге көтөрүп, кандай мыйзам жазды? Шайлоочуларга берген убадалар аткарылчудайбы?

Динара Ашимова: “Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы мыйзам жаздым”

– Быйылкы жыл мен үчүн жемиштүү болду. Жыл башында депутаттык мандат алып, Жогорку Кеңеште тажрыйба топтодум, эң башкы жетишкендигим – үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы мыйзам долбоорун жаздым. 14 мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизгенге жетиштим. Зордук-зомбулукка, ыдык көрсөтүүгө каршы мыйзамдарды жазуу менен мамлекеттик системди түздөөгө чоң салым коштум деп ойлойм. Коён жылында ишке ашырчу көп пландар бар. Учурда жашыл экономиканы, айлана-чөйрөнү коргой турган долбоорлордун үстүнөн иштеп жатам. Буюрса, 2023-жылы чоң кадамдарды жасайбыз. Эң башкысы элибиз тынчтыкта, бейпилдикте, ынтымак-биримдикте болсун.

Элмурза Сатыбалдиев: “Кыргыз-Өзбек чек арасынын такталып бүткөнү чоң жетишкендик”

– Жолборс жылында ири жетишкендиктердин бири катары Кыргыз-Өзбек чек арасынын такталганы дейт элем. Чек араны тактоодо, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө менин да салымым бар. Буюрса, Коён жылында Тажикстан менен чек араны такташып алышыбыз керек. Ушул маселелерди чечип алсак, көп адамдын сообуна калмакпыз. Ал эми Жаңы жылды мекенимде эле үй-бүлөм менен тосом. Жолборс жылына рахмат, үй-бүлөмдө көп жагымдуу окуялар болду.

Айгүл Айдарова: “Убадаларымды четинен аткарып келе жатам”

– Шайлоочуларыма берген убадаларымды четинен аткарып келе жатам. Парламентте бир топ социалдык көйгөйлөрдү көтөрдүм, анын ичинде мамлекетибизге кызмат өтөп кеткен аскерлерибиз, ардактуу пенсионерлерге тиешелүү маселелер бар. Учурда бул сунуштарым боюнча мыйзамдарга өзгөртүү киргизилүү алдында турат.

Мектеп окуучуларынын тамак-ашына бөлүнгөн акчанын суммасы бир нече жыл бою өзгөрбөй келген экен. Балдардын ден соолугуна мамлекеттин камкордугу зарыл экенин белгилеп, 1-4-класстын окуучуларынын тамак-ашына бөлүнгөн базалык сумманы 7-20 сомго көбөйтүүнү сунуштадым. Бул демилгем комитеттен өтүп, аткаруу бийлигине жиберилген. Мындан тышкары ушул жылдын декабрь айында Баткен коогалаңынан жабыркап Бишкек шаарына баш калкалап келген жарандарыбызга жана алардын балдарына көмүр, тамак-аш, кийим-кече алып берип, 1000ден ашык жаранга жаңы жылдык балаты уюштуруп бердим. Ал эми үй-бүлөмдө баары тынч, жеке жашоо өз нугунда.

Медер Алиев:
“Комитет жетекчиси катары туугандарды кызматка койбой иштедим”

– Саясатчынын турмушу жеңил эмес. Депутат деле жөнөкөй турмуштук нерселерден бактылуу болот. Былтыр балалуу болуп кубансам, быйыл ал балам там-туң басып сүйүнтүүдө. Жумуштан чарчап барсам аталап чуркап келгени чарчоомду жазып, аталык бакытты сездирди.

Айрым өлкөлөрдүн бүтүндүгүнө, көз карандысыздыгына доо кетип, дүйнөлүк картадан жок болуп кетүү коркунучунда турат. Кудайга шүгүр, Кыргызстаныбызды түгөл сактап, аталарыбыз кураган мамлекетти урпактарга татыктуу калтырып кетели деп иштеп жатабыз. Саясий карьерамда бир жылдай парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитетин жетектедим. Иш абдан татаал болду. Ошол иште мыйзамдарды бузбай, туугандарды кызматка койбой татыктуу иштедим деп ойлойм. Кандай жагдай болсо да ниетибизди түз коюп, оптимисттик маанайда бололу. Бардык кыргызстандыктарды Жаңы жыл майрамы менен куттуктайм!

Камила Талиева: “Шайлоочуларымдын үнүн бийликке жеткирип турдум”

– Жолборс жылы чын эле өзүнүн айбатын көрсөттү. Бирок биз жакшы окуяларга ыраазычылык айтып, сыноо катары келген окуялардан сабак, тажрыйба алып жашаганды үйрөнөлү. Кыргызстанда эле эмес, дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө бейпил турмуш болгон жок. Баткендеги каргашалуу окуя Лейлектин кызы катары жүрөгүмдү тилип өттү, стресске кабылдым, баарыбыз үчүн оор жоготуу болду. Коён эч кимге зыяны жок, элдин баары жакшы көргөн жаныбар, өзүнө окшоп келе жаткан жыл бейпил жыл болсун. Калкыбыздын саны 8 миллионго жетсин. Элибизде токчулук, аманчылык, бейпилдик турмуш орун алсын. Өзүм жасаган иштер боюнча айтсам, шайлоочуларымдын көйгөйлөрүн парламенттен көтөрүп, жол, мектеп курдуруп берип жатабыз. Албетте, бул иштерди мамлекет жасаса да, мен эл өкүлү катары шайлоочуларымдын үнүн өз учурунда бийликтегилерге жеткирип жаттым.

Жанар Акаев: “Этникалык кыргыздарга документ берүүнү жеңилдеттик”

– Негизи, ар бир жыл артыкчылык-кемчилиги менен болот. Анын сыңарындай, быйыл жакшы окуялар менен бирге кейиштүү окуялар да орун алды. Мени калкыбыздын саны 7 миллионго жеткени сүйүндүрдү. Чет өлкөдө Кыргыз желегин желбиреткен спортчуларыбыздын ийгилигине кубандым. Ал эми Баткендеги чек ара окуясындагы кагылышуулардын болгону аябай өкүндүрдү.

Жеке өзүмдүн ийгилигим тууралуу айтсам, 20дан ашуун мыйзам долбоорлоруна авторлош болдум. Жеке өзүм билим берүү боюнча өзөктүү демилгелерди көтөрүп, 2 демилгем ишке ашты. Этникалык кыргыздарга документ берүүнү жеңилдетүү маселесин көтөрүп ишке ашырдык. “Альянс” фракциясы аймактарды кыдырып эл сунуш кылган социалдык долбоорлор менен алек болду. 2023-жыл Кыргыз бийлиги саясий күчтөр менен диалогго барган, активисттер, саясатчылар, журналисттер камалбай, чектелбей аларга айкөлдүк, гумандуулук кылган, өлкөбүз экономикалык өнүгүүгө багыт алган жылдардан болсо дейм.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1047, 30-декабрь, 2022-ж - 5-январь, 2023
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан