ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ-2023

Коён жылында бизди жылдыз белгилер боюнча кандай окуялар, өзгөрүүлөр күтөт? Астрологдордун өткөн сандагы божомолун улантабыз...

ЖААЧЫ

2023-жыл окуяларга бай, жаркын, ийгиликтүү күндөрдү убада кылат. Жылдын биринчи жарымы бир калыпта өтүп, экинчи жарымында чоң өзгөрүүлөр орун алат. Жаачылар болуп жаткан окуяларга тез көнүүгө аргасыз болушат. Чыгармачылык өнөр ээлерине, соода-сатык менен алектенгендерге, спортчуларга ийгилик жылмайып жеңишти камсыздашат. Жумуш ордун которуп жаңы жамаат менен иш баштасаңыз, кесиптештер менен бат тил табышып сиңишип кетесиз. Ошондой эле сизге жогорку кызматтагы жетекчинин же ал жетекчинин айрым функцияларын аткаруу милдети жүктөлөт. Бул учурда сизде мыкты лидерлик, жетекчилик сапатты көрсөтүүгө шарт түзүлөт. Жаз айынын соңунда өтмүшүңүздө кабыл алган чечимдериңиз, жетишкендиктериңиз үчүн алдыдагы маанилүү иштериңизди жеңил бүтүрө аласыз. Мурда сиз керексиз деп эсептеген буюмдарга ээ болгуңуз келет. Жайында көптөгөн таанышуулар болот, ал жолугушууларда өмүрлүк түгөйүңүздү жолуктуруп калышыңыз толук мүмкүн. Ошондой эле жылдыздар жаачыга жакшы тажрыйба жана чоң киреше алып келе турган долбоорлор болорун убада кылат. Максаттарга жетүү үчүн “улуу күч” талап кылынса да, ал сиздин колдон келет, коркуунун кереги жок. “Көз коркок, кол баатыр” экенин эске алып олуттуу ишке жоопкерчилик алуудан тайманбаңыз. Жеке жашоодо бактылуу болууга толук мүмкүнчүлүк бар, сүйүү мамилеси өзгөчө көңүл бурууну талап кылбайт жана ал өзүнөн-өзү өнүгөт. Сүйүктүүңүздү башкаруу талантыңыз ойгонуп кетип, ал чыр-чатакка жана ажырашууга алып келиши мүмкүн. Андыктан анын эркиндигине тийишпегениңиз оң. Ал эми ден соолук жаатында ашказан жарасы, ичеги ооруларынан сак болуңуз. Кеңеш: өзүңүзгө көбүрөөк ишениңиз, өзүңүзгө ашкере сын көз менен карабаңыз, кыялданууну токтотуп иш-аракетке өтүңүз.

ТЕКЕЧЕР

Коён башкарган жылда текечерлер көп карама-каршылыктарга тушугушат. Айрыкча жетекчилик менен пикир келишпестиктер от алып, окуя же сиздин, же анын жумуштан кетиши менен аякташы ыктымал. Бул учурда өчөшүүгө, бирөөнүн айыбын чукуп чырды ырбатууга жол бербешиңиз керек. Кайсы бир деңгээлде бийликке жетем деген максатыңыз орундалат, бирок баары убактылуу. Жай, күз мезгилинде бардык иш-аракеттериңизден жыйынтык чыгат. Окуяларга жана адамдардын сиздин пландарыңызга, ниеттериңизге, каалоолоруңуздун аткарылышына таасир этишине жол бербейсиз. Ал эми күз айынын ортосунда ишиңиз дагы жакшырат, айлык маянаңызды көтөрүү аркылуу кирешеңизди көбөйтүп, же керексиз чыгымдарды жок кылып, материалдык абалыңызды чыңдайсыз. Таасирдүү болосуз жана коомдогу статусуңуз жогорулайт. Бизнес баштап жеке ишкердикти жөнгө салып кетсеңиз болот, бирок дароо киреше агылып келбейт. Баштаган бизнесиңиз 2-3 жылда жемишин берет. Кыймылсыз мүлк, курулуш жана дизайн тармагында иштегендер өзгөчө ийгиликтүү болушат. Ошондой эле Коён жылы масштабдуу өзгөрүүлөргө жана стереотиптерден баш тартууга ылайыктуу. Бул ички өзөгүңүздү бекемдеп, өзүңүзгө болгон ишенимди арттырат. Сүйүү мамилесинде сүйүктүүңүздүн көзүнө чөп салбаңыз, кесепети сиз үчүн абдан оор болот. Анткени сезимдериңиз канчалык бекем болбосун азгырык да ошондой бекем жабышып жүрөт. Эркиңизди тизгиндеп, чыныгы сезим менен убактылуунун айырмасын сезе билсеңиз баары жакшы болот. Гастрономиялык кеңеш: Май айынын ортосуна чейин катуу диеталар менен эксперимент жасабаңыз. Оору ашырып алышыңыз ыктымал.

СУУ КУЯР

2023-жылдын кыш, жаз айлары сизге стимул берип, алдыга сүрөгөн окуяларга бай болот. Жашооңуздагы эң маанилүү окуялар дал ушул мезгилге туура келет. Бул жылда жетишкен ийгиликтериңиз жаңы жашоого багыт алууга түртөт. Профессионалдык деңгээлде өсөсүз. Пикирлеш адамдардын командасында, жеке чыгармачыл илимий иштерде да мыкты болосуз. Каржы маселесине келсек, убактылуу эч бир тармакка акча салбай турганыңыз оң, айрыкча чет элдик валюталарга жана шектүү ишканаларга. Өзгөчө кесип ээлеринин эмгек акысы жогорулап кыймылсыз-мүлк маселеси чечилет. Жылдын экинчи жарымында суу куярлар узакка эс алып, иммунитетин бекемдеп, көбүрөөк үй-бүлөсү менен убакыт өткөрүшү керектигин жылдыздар сунушташат. Сүйүү майданында көп каармандар болот, бирин тандоо сиз үчүн кыйынчылык туудурат. “Көңүл миңди, жүрөк бирди сүйөт” деген кепти эске алып тандоо жасасаңыз туура болот. Ден соолук маселесинде сууктан эмес, ысык аба ырайынан көбүрөөк коргонушуңуз керек. Буга чейин оор илдет менен алышып, күрөшүп келген суу куярлар толук айыгып чыгышат. Чет элде иштөөгө, саякатка чыгууга жана чет өлкөдө иштеген жакындарыңыздыкына конокко барып эс алып келүүгө мыкты шарт түзүлөт.

БАЛЫКТАР

Бул жыл сиз үчүн билим алуу, өзүңүздү өстүрүү үчүн көп мүмкүнчүлүк түзүп берет. Жакындарыңыздын бири чет өлкөдө билим алуу үчүн окуу акыңызды төлөп берем деши ыктымал. Азыркы жумушуңуздан кирешелүү, келечектүү компанияга кеткенге аракет кыласыз. Бирок баары дароо болбойт, мында сиз идеянын өзүнө караганда аны ишке ашыруу жолу абдан татаал экенин түшүнөсүз. Сиздин пикириңиз менен макул болбогондорду алыстатпаңыз, жаныңызда реалдуулукту көрө билген адамдын болгону деле жакшы. Жай айларында каржылык тартыштык байкалат. Андан чыгууга жакындарыңыз жардам колун сунушат. Күз айларына жакын өзүңүздү ыңгайлуу жана коопсуз сезип, артка кылчайып карабай жаңы нерсени баштоого, каалаган буюмуңузду сатып алууга, киреше алып келген жумушту жасоого мүмкүндүк берген каржылык туруктуулукка ээ болосуз. Туура эмес тамактанууну токтотуп, көбүнчө жашылча-жемиштерди жеңиз. Коён сиздин жеке жашооңузга олуттуу өзгөрүүлөрдү алып келет. Коомдо статусу жогору, абройлуу адам менен мамиле түзүшүңүз ыктымал. Ал адам сиздин материалдык көйгөйлөрүңүздү чечүүгө жардам берет дешет жылдыздар. Бул жылда үй-бүлө куруп калсаңыз, анда үйүңүздө толуктоолор болот. Кеңеш: айланадагы кооздукту, адамдын жакшылыктарын көргөндү үйрөнүү зарыл. Өзүңүзгө атайын убакыт бөлүңүз, эс алыңыз, жетиштүү уктаңыз жана бүгүнкү күнүңүзгө ыраазы болуңуз!

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1047, 30-декабрь, 2022-ж - 5-январь, 2023
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан