ЭЛЕС НАМАЗАЛИЕВА– АВСТРИЯНЫ БАГЫНТКАН 11 ЖАШТАГЫ КЫРГЫЗ КЫЗЫ

Чет өлкөгө бакыт издеп кеткен мекендештерибиздин айрымдары мекенине кайтып келсе, айрымдары барган өлкөсүндө биротоло отурукташып калышат. Бүгүнкү каарманыбыз Капар Намазалиев мындан 19 жыл мурун Австрияга көчүп кеткен. Анын 11 жаштагы кызы Элес Намазалиева муз үстүндө бийлөө спорту боюнча Австриянын эки жолку чемпиону болуп, учурда спорттук карьерасын ийгиликтүү улантып жаткан чагы. Кызынын ийгиликтери тууралуу Капар мырза төмөнкүлөрдү айтып берди.


– Саламатсызбы, Капар мырза? Алгач маегибизди кантип Австрияга барып калганыңыздардан баштасак...

– Саламатчылык. Биз Сокулук районунун Кызыл-Туу айылынан болобуз. 2003-жылы үй-бүлөбүз менен Чехияда жашаган эжемдикине конокко барган элек. Алардыкында бир топ убакытка жашап калдык, бизге аябай жакты. Чехия менен Австрия бири-бирине жакын эмеспи, туугандарыбыздын кеңеши менен Австрияга барып иштеп, жашап көрүүнү туура көрдүк. Австрия аябай жакты, жаратылышы суусу, тоолору, жадакалса Дүйнөлүк картада жайгашкан сызыгын көрсөңүз Кыргызстанга окшош. Биз Австрияны экинчи Кыргызстан деп коёбуз. Эли абдан сабырдуу, токтоо, улутчул эмес, “сен башка өлкөдөн келгенсиң” деп кемсинтпейт, ичинен жаман көрсө да сыртынан билдиришпейт (күлүп). Албетте, менталитети кыргыздарга окшобойт, австриялыктар көбүнчө немистердин маданиятын алышкан, тактыкты сүйүшөт. Мына, 19 жылдан бери ушул кут даарыган өлкөнүн суусун ичип, балдарды тарбиялап келебиз.

– Кызыңыз муз үстүндө бийлөө боюнча Австриянын эки жолку чемпиону болуптур, жараткан ийгилиги тууралуу кенен айтып берсеңиз?

– Кызым Элес 2011-жылы Австрияда төрөлгөн. Апасы бир күнү автобуста баратса бирөө муз үстүндө бийлөө курсуна катышууга чакыруу кагазын бериптир, анда Элес үч жашта эле. Бир жылдан кийин ошол чакыруу кагазын кышкы күрмөсүнүн чөнтөгүнөн таап алып, мага “кызыбызды ушул бий курсуна алып барып көрбөйлүбү” деп калды. Анда кызым 4кө чыккан эле. Апасы экөөбүз ошол курска алып бардык, дароо эле коньки кийип бутуна туруп кетти. Машыктыруучулар да кызыбыздын жөндөмүн байкап “кааласаңар биздин спорт клубда машыккыла” дешти. Ошентип Элес 4 жашынан муз үстүндө бийлөө ийримине барып калды. Алгачкы ийгилиги көп күттүргөн жок, 5 жашында биринчи жолу чоң мелдешке катышып 1-орунду алган. 7 жашынан тарта эл аралык мелдештерге катышып Европа өлкөлөрүнө бара баштады. 2020-жылы биринчи жолу Австриянын чемпиону болгон, жакында эле дагы бир жолу өлкө чемпиондугун жеңип алды. Максатыбыз – Элес 14 жашка толгондо өспүрүмдөр арасында Универсиадага катыштыруу. Быйыл Универсиада Сеул шаарында өтөт.

– Муз үстүндө бийлөө боюнча Орусиянын мектеби күчтүү, Этери Тутберидзе, Алексей Мишин сыяктуу тажрыйбалуу машыктыруучулардын колуна бергенге аракет кылып көрбөйсүзбү?

– Ооба, андай максаттар бар, бирок негизги планыбызда Канаданы карап жатабыз. Бул спорт түрүнөн Канаданын мектеби да күчтүү. Анан үй-бүлөбүз менен көчүп барып жашаганга ыңгайлуу, бир тууган эжем Канаданын Торонто шаарында жашайт.

– Кыргызстандан кетип башка өлкөдө жашап калган мигранттардын балдарынын келечеги кызыктырат, балдар төрөлгөн жериндеги өлкөнү мекен тутуп, жуурулушуп өз мекенине болгон патриоттук сезимдери өчүп калат дешет?

– Көп нерсе ата-эненин тарбиясынан көз каранды. Бирок бала губка сыяктуу да, кичине кезинде кандай руханий баалуулуктар менен азыктанса, ошону өзүнө сиңирип алат. Эгер бала кичинесинен мекенинен алыста болсо, ата-энеси өз ата-теги, мекени тууралуу үй-бүлөсүндө такай айтып турушу керек. Эң жакшысы – шарты болсо убак-убагы менен өз мекенине жиберип турганы оң. Элес Кыргызстанга 3 жолу барып келди, таенесин жакшы көрөт. Учурда абдан аракет кылып кыргыз тилин үйрөнүп жатат, биз үйдө жубайым менен орусча, кыргызча сүйлөшсөк, балдар немисче сүйлөшөт. Мен Вотсаптан Элеске орусча жазсам, ал мага кыргызча жооп берип коёт. Бул кыргызчаны кайдан жакшы билет десем, көрсө, интернеттеги которуу кызматын колдонот экен. Мелдештерге кийип чыккан формаларын Кыргызстандан тиктиребиз, аябай сапаттуу жана жарашыктуу тигишет биздикилер. 2 жыл мурун Кыргызстандан тиктирип кийген форма менен муз үстүнө чыгып чемпион болду эле, быйыл да мекенибизден тиктирип келген форма менен чыгып жеңишке жетти. Буюрса, кийинки жылы бул салтыбызды улантабыз.

– Австрияда кыргыздар көппү, алар кандай жумуштарда иштешет?

– Биз жашаган Линц шаарында 50 чакты кыргыз жашайт. Бири-бирибиз менен тыгыз катташып, той-кечелерди өткөрүп, алыс жерде ынтымактуу болууга аракет кылабыз. Мен мамлекеттик объекттерди кайтарган ишканада күзөтчү, жубайым балык саткан кафеде кассир болуп иштейбиз. 4 балам бар, улуу кызым турмушка чыгып Кыргызстанда жашайт, калган балдарым Австрияда.

– Элестин келечекке койгон пландары, максаттары, кыялдары тууралуу билгибиз келет...

– Элестин кыялдарынын баары муз үстүндө бийлөө спортуна байланган, ал ушуну менен жашайт. Бөлмөсүнө белгилүү муз үстүндө бийлөө спортунун жылдыздары Алина Загитова, Александра Трусова, Камила Валиева, Нейтон Чэн, Юдзуру Ханю сыяктуу белгилүүлөрдүн плакаттарын чаптап алган. Учурда спорттук олимпиадалык гимназияда 5-класста окуп жатат. Ата-эне катары кызыбызды колдоп, анын спортто ийгилик жаратуусуна салымыбызды кошсок дейм. Келечекте Элес Кыргызстандын атынан эл аралык мелдештерге чыгып, өлкө намысын коргойт деген ишенимим бар.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1047, 30-декабрь, 2022-ж - 5-январь, 2023
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан