«УЭНЗДЕЙДИН» ЖЫЛДЫЗЫ ЖЕННА ОРТЕГА

Жаңы чыккан кинолорду кууп көргөндөр “Уэнздей” сериалын сөзсүз көз алдынан өткөрсө керек. Учурда Netflix платформасында популярдуу болуп жаткан бул сериал кыргыз көрөрмандарына да жакканын байкадык. Тасмадагы башкы каарман Уэнздейдин бийин челлендж кылып бийлеген кыргыз атактууларын интернет желесинен көп көрдүк. А биз адаттагыдай эле кызыгуу жараткан сериал жана анын башкы каарманы актриса Женна Ортега тууралуу маалымат берели дедик.

“УЭНЗДЕЙ” СЕРИАЛЫ

Тарткан өлкө: АКШ

Чыккан жылы: 2022-жыл, 31-октябрь

Режиссёрлору: Тим Бёртон, Жеймс Маршалл, Ганджа Монтейру

Жанры: фэнтези, ужас, комедия, детектив

Башкы ролдордо: Женна Ортега, Гвендолин Кристи, Рики Линдхоум, Жейми МакШейн, Хантер Дуэн жана башкалар

“АДДАМСТАРДЫН ҮЙ-БҮЛӨСҮ”

“Уэнздей” тууралуу сөз кылардан мурун бул долбоордун башатына кайрылуу керек. “Аддамстардын үй-бүлөсү” аталышы менен франшизага айланган тасма тээ 1964-жылдардан баштап тартыла баштаган. Кызыгы, бул долбоордун авторунун аты Чарльз Аддамс. Америкалык сүрөтчү-карикатурист Чарльз комиксинин аталышын алыс кетпей өз фамилиясынан атап, “Аддамстардын үй-бүлөсү” чыгармасы жаралган. Комикстин негизинде көркөм тасмалар, сериалдар, мультфильмдер, мюзикл жана видеооюндар жаралды.

Канча жылдан бери актуалдуулугун жоготпой келе жаткан долбоордун сюжети шумдуктуудай татаал эмес. Аддамстардын үй-бүлөсү сырттан караган адамга кызыктай сезилет. Жөнөкөй адам корккон, иренжиген, алыс качкан окуялар бул үй-бүлө үчүн кадимки эле көрүнүш. Башкалар өгөйлөгөн үй-бүлөнүн ичинде ынтымак, сүйүү жашайт. Аддамстардын башына сыноо түшкөндө баарылап душман менен күрөшүүгө бел байлашат.

2022-жылы режиссёр, продюсер Тим Бёртон “Уэнздей” сериалын жарыкка чыгарды. Уэнздей биз жогоруда сөз кылган Аддамстардын улуу кызы. Өзүнүн кызыктай жоруктары менен айланасындагылардын үшүн алган кыз 5 жылда 8 мектеп алмаштырат. Кезектеги ызы-чуудан кийин Уэнздей өзүнө окшоп тагдырдын өгөй балдары окуган Невермор академиясына келет. Бул академиядан учурунда ата-энеси да билим алган эле. Окуу жайдан өзүнүн экстрасенсордук жөндөмдүүлүгүн ачкан кыздын алдында изин таптырбай жаткан киши өлтүргүч маньяк ким экенин табуу маселеси турат.

СЕРИАЛ ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР

  • Netflix платформасында англис тилдүү тасмалардын арасынан бир жума ичинде эң көп көрүлгөн сериал болуп рекорд жаратты. Тагыраагы, бир жумада сериал 341,2 миллион саат көрүлгөн.
  • Интернет желесинде вирустай тараган Уэнздейдин бийин актриса Женна Ортега өзү жараткан. Буга чейин ал хореографиядан сабак алган эмес. Бийди жаратуу үчүн 1980-жылдардагы бий кыймылдарын карап чыккан.
  • Сериалдын тартуу иштери 70 локацияда жана 6 киностудияда жүргөн. Айрым эпизоддор “Вампирдин күндөлүгү” сериалынын локациясында тартылган.
  • “Уэнздей” сериалы тартылардан 2-3 ай мурун эле актриса Женна Ортега олуттуу даярдык көрүп баштаган: виолончель черткенди үйрөнгөн, фехтование, жаа атуу боюнча сабак алган, тил курстарына барган.
  • Сериалда Уэнздей гана ак-кара түстө кийинет. Калган каармандарды түрдүү өңдөгү кийимдер менен көрөсүз.
  • Уэнздейдин жардамчысы болгон кол компьютердик графика эмес, адамдын эле колу. Көптөгөн кол жаңсоолорду компьютердик графика жакшы ачып бере албайт деген кино жаратуучулар адамдын колун тартып, билектен жогору жагын монтаждап жок кылып коюшкан.
  • Тасмада Уэнздей такыр көз ирмебейт. Каармандын образын терең ачыш үчүн болгон режиссёрдун бул талабын аткаруу Женна Ортегага кыйынчылык жараткан.
  • Ырчы Леди Гаганын 2011-жылы эле чыккан "Bloody Mary" ыры “Уэнздей” сериалында жаңыргандан кийин “экинчи өмүр” алып, iTunes, Apple Music жана башка музыкалык чарттарда лидерлик сапка чыккан.

Аты-жөнү: Женна Мари Ортега

Туулган жери: АКШ, Калифорния

Туулган жылы: 2002-жыл, 27-сентябрь

Жылдыз белгиси: тараза

Бою: 155 сантиметр

Кесиби: актриса

Белгилүү сериал жана тасмалары: «Фиона менен качуу», «Сен», «Харлинин жашоосу», «Ооба күнү», «Кыйкырык-5», «Уэнздей» жана башка

ЧОҢ ҮЙ-БҮЛӨНҮН КЫЗЫ

Эми Уэнздейдин ролу аркылуу 2022-жылдын декабрь айында эң көп талкууга алынган актриса Женна Ортега тууралуу сөз кылалы. Бир нече улуттун канын алып жүргөн Женна көп балалуу үй-бүлөнүн мүчөсү. Эрте жашында эле баш кошушкан ата-энеси экөө тең көп балалуу болгулары келчү. Түгөйлөрдүн кыялы ишке ашып, 6 балалуу болушту. Женнанын кино дүйнөсүнө аралашуусуна апасынын кошкон салымы чоң. Кичинесинен эле кызынын талантын байкаган эне видео тартып, тааныштарына жөнөтөт. Алар өз кезегинде киночуларга көрсөтүп “алгач майда жарнамалык роликтерге тартып көрөлү, таланты болсо андан ары өнүктүрүп кетет” деген жооп алышкан. Кыздын кинодогу дебюту 10 жашында башталып, түрдүү жанрда, түрдүү образдарды аткарганга жетишти. Азыр 20 жаштагы актрисанын артында 20дан ашык тасма-сериалдар бар.

САКАДАЙ БОЮ САРЫ АЛТЫН КЫЗ

Сакадай бою сары алтын кыз үй-бүлө курууга 20 жаш эртелик кылат деп эсептейт. Ал эми сүйүү романдарын курууга эч ким тоскоолдук кылбайт. Женна Ортеганы жандаган мырзалардын тизмесине ырчы Жейкоб Сарториус жана Эшер Энжел кирет.

Башка жаштардай болуп интернет, социалдык тармактардын күйөрманы эмес. Телефон тиктеп отурганга караганда жаратылыш коюнунда эс алып, сейилдегенди жактырат. Анан да Женна үчүн стрессти жазуунун дагы бир булагы – жазуучулук. “Көп жазам. Ар кайсы темада ойлорумду кагаз бетине түшүрө берем. Кээде киного сценарий да жазып коём. Ойлорум толугу менен кагаз бетине түшкөндө кадимкидей жыргап эс алып калам” дейт актриса.

2022-жылы эле Женна Ортега тартылган 3 долбоор экранга чыкты: мистикалык “Х”, ужас жанрындагы “Америкалык кыргын” тасмасы жана “Уэнздей” сериалы. Акыркы “Уэнздей” сериалы актрисаны бүткүл дүйнөгө таанытты. Бул Женна Ортега үчүн чек эмес, алдыда актрисаны кең келечек күтүп турат.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1047, 30-декабрь, 2022-ж - 5-январь, 2023
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан