УХ-ИЙ, ИЧИКИЙ... КЫШЫНДА КАНДАЙ КИЙИНҮҮ ТУУРА?

Сыртта кышкы суук. Коомдук унаага түшсөң элдин көптүгүнөн унааны ичи өзүнчө эле “Ташкент”. Албетте, бүгүнкү күндө соода борборлору, дүкөндөр, мекемелердин дээрлик көпчүлүгү жылытылат. Мындан улам температуралык балансты сактоо чындыгында кыйын: же көчөдө тоңуу керек же имараттын ичинде тердеп жүрүүгө аргасыз болуу шарт. Кантип балансты сактоо керек? “Супер-Инфо” сиздерге бул боюнча мыкты кеңештерди даярдады.

КАБАТТАНЫП КИЙИНИҢИЗ

Сууктан коргоном деп сиз супер жылуу свитериңизди кийип алдыңыз дейли. Бир убакта ысып, тердеп чыктыңыз. Чечип салайын десеңиз жылаңач калчудайсыз. Мындай абалга кабылбайын десеңиз, кийимдерди туура тандаңыз. Майка, водолазка жана свитерден турган топтом эң ылайыктуу. Ысыган кезде кайсы бирин чечип койсоңуз болот.

Мындай кабаттап кийүү башка дене мүчөлөрүнө да тиешелүү. Алсак, бутка кабаттап байпак кийүү, бут кийимге кошумча батек салуу, баш кийимдин сыртынан капюшон кийүү.

1. ИЧКИ КАТМАР

Ички катмарга кийүүгө кийим тандоодо пахтадан тигилген кийимдерден качыңыз. Анткени мындай кездемеден тигилген кийимдер тердеген учурда нымды тез өзүнө сиңирип алат да, чечип жаймайынча кургабайт. Мындан улам ным кийимчен жүргөн сиз бат үшүп, суук сөөккө чейин өтүшү толук мүмкүн. Мындай кийимдердин ордун жогорку технология менен жасалган синтетикалык, жылуулукту сактоочу ич кийимдер гана алмаштыра алат. Жылуулукту сактоочу ич кийимдер денедеги жылуулукту мыкты сактайт, аны менен катар кийим кургак боюнча калат жана керектүү температураны сактап жүрө алат. Ооба, синтетикалык кийимдердин бир терс жагы – жагымсыз жытты бат сиңире алгандыгында. Мындан улам бат-бат жууп турууга туура келет.

2. ОРТОҢКУ КАТМАР

Ортоңку катмарга водолазка, флис кездемесинен тигилген кофта, жүндөн согулган свитер, жука, жакасыз, тик жакалуу жилет же куртка жетиштүү. Мындай жука кийимдерди пальтонун же сырт кийимдин ичинен кийип алсаңыз ыңгайлуу жана сууктан сактайт. Ички катмар менен ортоңку катмардын ортосунда сөзсүз боштук, вакуум болушу шарт. Эки кийимдин ортосундагы жылуу аба адамды жылытып турат.

3. СЫРТКЫ КАТМАР

Эгер сейилдөөгө чыксаңыз, шуба же калың түктүү териден тигилген сырткы кийимдер ыңгайлуу. Ал эми спорт менен машыккан, бат кыймылдаган адамдар үчүн мембрана, аба алмашып туруучу кездеме коюлуп тигилген курткалар ыңгайлуу. Мындай сырт кийимдер терди чыгарып, кийимдерди кургак сактайт. Жамбашты жапкан сырт кийим кийиңиз. Анткени заара бөлүп чыгаруу системи жана бөйрөк суукка өтө сезимтал органдар экенин дарыгерлер эскертишет!

БУТ КИЙИМ ЖАНА БАЙПАК ТАНДОО

Кышкы суукта пахтадан согулган байпак күйүүдөн качыңыз. Анын ордун полипропилен, жогорку сапаттагы синтетикалык же болбосо жүндөн согулган байпактар менен алмаштырыңыз.

Ал эми бут кийимдин таманы калыңын тандаңыз. Таманы желимден (резина) болбошу керек. Анткени желим тамандуу бут кийим суукту жана нымды өзүнө бат тартат. Бут кийимдин ички материалы жана батеги нукура түктүү булгаарыдан болсо андан жакшы.

Тандалган бут кийим бир аз бош болгону дурус. Анткени бош кийим кийген учурда кан айлануу процесси жакшы иштеп, бут көп үшүбөйт. Ал эми такалуу бут кийим ызгаардуу күндөрдө шкафта эс алып турганы оң. Мындай бут кийимдер болжогон жерге жетүүдө бутту оорутканы аз келгенсип, көбүрөөк убакытты да талап кылары талашсыз.

БАШ КИЙИМ ТАНДОО

Пахтадан согулган эмес, жүндөн согулган же флис кездемеси менен ичтелген акриль, түктүү булгаарыдан тигилген баш кийимдер туура тандоо болуп саналат. Ошондой эле капор баш кийими кулагыңыздан бери жаап турат. Баса, моюн орогучтун узунун жана мамыктай жумшагын тандасаңыз, дем алуу органдарын орогонго да жетиштүү болмокчу.

Дамира Арстанова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1047, 30-декабрь, 2022-ж - 5-январь, 2023
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан