26 жаштагы эне: “КЫЗЫМДЫН БИР БӨЙРӨГҮ ЖОК ЭКЕНИН ООРУКАНАДАН БИЛДИК”

“Элден жардам сурап кайрылгандардын сезимдерин эми түшүнүп отурам. Алардын абалы оор болот тура”,- деген Айзуура Молдобекованын 7 жашар кызы Нурайым Нуржигитова бөйрөгүн алмаштырууга муктаж. Жалгыз бой эне кызынын бөйрөгүн алмаштыруу үчүн 25 миң доллар керектелерин айтып, элден жардам сурайт.

“СУУК ТИЙИП КАЛГАН ОКШОЙТ ДЕП ОЙЛОГОМ”

– Кызым мындан 1 ай мурун жөтөлүп ооруп калды, дене табы көтөрүлүп түшпөй жатканынан бейтапканага бардык. Алар кан менен заарадан анализ алышкан, жыйынтыгында көп өлчөмдө белок чыгыптыр. Ооруканага көрүнүп келгиле деп жиберген. Суук тийип калган окшойт деп гана ойлогом. Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна барсак, креатининге анализ тапшыртып, бөйрөктү УЗИге, андан соң томографияга тартышты. Нормасы 3-8 боло турган креатинин кызымда 400гө чыгып кетиптир. Томография бир бөйрөгү тубаса жок экенин, бир бөйрөгү 9 пайыз эле иштеп жатканын чыгарып берди. Врач “бөйрөгүн алмаштыруу керек, болбосо өмүр бою гемодиализ аласыңар” деди. Ошону менен ооруканада калдык.

“КҮНҮГӨ ГЕМОДИАЛИЗ АЛЫП ЖАТАТ”

– Ооруканада жатканыбызда кызым шишип, тамак ичпей, шалдырап өз алдынча баса албай калды. Бөйрөгүндөгү креатинин 800гө чыгып кетиптир, ошондон тартып күрөө тамырынан гемодиализге кошушту. Гемодиализди күнүгө алып жатат. Гемодиализ канды тазалаганы менен, терс таасирлери көп экен, кызымдын кан басымы көтөрүлүп, баш оору менен коштолот. Мурун бир жерим ооруп жатат деп эч бир даттанбаган кызымдын ооруп калганына да ишене албай кетем. Чоң адам чыдай албаган азапка туруштук берип жатат. Кызыма билгизбей ыйлап алам, бирок анын чыдамкайлыгын көрүп, буюрса, баарын жеңебиз деп жакшылыкка үмүт артам.

“АТАСЫ ДОНОР БОЛУУГА МАКУЛ БОЛДУ”

– Өзүм тигүүчү болуп иштечүмүн, апам, 7 жана 4 жаштагы кыздарым менен батирде турабыз. Апам кичүү кызымды карап үйдө. Жолдошум менен эки жолго түшкөнбүз. Ошентсе да атасы кызым менен канынын группасы бир болгондуктан донор болуп берүүгө макул болуп, жардам бере баштады. Бөйрөк алмаштыруу операциясы Түркияда жасаларын, акчасы 25 миң доллар турарын дарыгерибиз айтты. Аны уккандан кийин ордума отура албай, аракет кылып жатам. Керектүү сумма чогулуп калса экен деп тиленип, Инстаграм аркылуу жардам сурап баштадым. Кудайга шүгүр, жакындар, эл-журт карап турбайт экен, кол сунгандар болууда.



ЖАРДАМ БЕРҮҮ ҮЧҮН РЕКВИЗИТТЕР:

Мбанк, MegaPay – 0553 022 888, 0553 091 094

РСК24 – 996703 344 351

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1047, 30-декабрь, 2022-ж - 5-январь, 2023
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан