Майрамбек Осмонов, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «АЛ ЭЖЕМ ДЫГДЫҢДАП АЗЫР ДЕЛЕ КҮЧТҮҮ»

Белгилүү ырчы, обончу Майрамбек Осмонов менен маектешүү ары кызыктуу, ары жугумдуу дагы. Сөздүн баркын, салмагын сезе билет, суроодон качып тайсалдап, ар кайсыны айтып “талаалап” кетпейт. Бул жолу жашоосундагы аялзат темасында кеңири маектештик.

«Апам дүйнөдөгү эң кыйын, көппөгөн, чөкпөгөн адам»

– Бул жашоодо эненин, дегеле аялзатынын орду абдан бийик. Аялзаты эркекке караганда жоопкерчиликтүү, намыскөй, өжөр, аз уктаган, ошол эле учурда боорукер, жароокер, баласына бирөө катылса, ага душман да боло алган жан. Жашоомдогу аялзат тууралуу кепти энемден баштагым келип жатат. Апам абдан кайраттуу, көзүндө жалыны бар аял. Атадан эрте ажырап, таенемдин курсагында үч айлык калган экен. Таятам согушта каза болуптур. Жетимдиктин, жокчулуктун азабын тартып, анын үстүнө согуш мезгили, баягы кемип турган замандын учурунда аябай кыйналышыптыр. Ошентсе да атам экөө баш кошкондо көп балалуу болобуз дешип, 14 балалуу болушат. Азыр бешөө жер астында, тогузубуз барбыз. Мен билгенден апам дайыма кош бойлуу жүрчү, көрсө, 14 баланы ошентип жарыкка алып келиптир да. Бирөөсүн жетелеп, бирөөсүн таптап уктатып, бирөөсүнө тамак берип жаткан, баарына жетишип, башкача бир камкор эне. Аты Толкун, азыр 84 жашта. 3-класстык эле билими болсо да бизди мыкты тарбиялап, бапестеп өстүргөн аял. Дүйнөдөгү эң кыйын, мыкты, анан кыйынчылыкты көтөрө билген, ооруга чыдамкай, жокчулукка сабыр кылган, көппөгөн, чөкпөгөн эне деп апамды билем.

«Эжелерим мени ысык-суукка, турмушка бышырды»

– Эжелерим Гүлшайыр, Гүлзада, Нарынкан, үчөө тең Оштон окушту, үчөө тең мугалим. Улуу эжем кыйын ашпоз да эле, Токтогулдун борборунда кафе иштетчү. Таңкы саат 5те барып, 12ге чейин тамагын жасап, баарын сатып бүтүп, саат 3төрдө үйүнө келип калчу. Ал айланада кафе иштеткендер “Гүлшайыр тамагын сатып бүтүптүрбү?” деп карап отурушчу, эжемдин тамагы түгөнгөндөн кийин гана алардын иши жүрүшүп баштачу экен. Улуубуз эле, жакшылык-жамандыкта баш-көз болуп жүрчү. Өмүрү кыска экен, мындан 2 жыл мурун 59 жашында ковидден каза болуп калды.

Гүлзада эжем 30 жылдай мугалим болуп иштеди, 1 уул, 3 небереси бар. Мени кичинекейимде ушул эжем көп сабаптыр. Азыр тамашалап “мени кичинекейимде сабаганыңыз үчүн сизди сотко берейин дедим эле” десем, “мен ошондо сени чапкылап жатып башыңды иштеткем, болбосо сен мындай өнөрлүү болбойт болчусуң” деп күлүп калат. Кышында колума эки чака карматып, өтүктү кийгизип суу ташытчу. Кар малтатып ар кандай жумуштарга жумшачу, ошентип бизди бир жагынан ата-энебиз кой жайдырып, чөп чаптырып, меш жасатып, ар кандай иштер менен бышырса, бир жагынан эжелерибиз ар кандай жумуштарга жумшап ысык-суукка, турмушка бышырды.

Андан кийинкиси Нарынкан эжем, айылда мугалим. Аны “апамдын “Тез жардамы” деп коёбуз, анткени апам ооруп калса дароо Нарынкан эжемди чакыртат. Эсимде, бир жолу мени тандырга от жак десе унутуп калып эжем мени кууп жүрүп сабаган. Мүнөзү токтоо, боорукер, бирөөнүн турмушуна кийлигишпеген, өтө карапайым, жөнөкөй, бирөөдөн бир нерсе сурабаган адам, балдар-кыздары да мыкты чыкты.

Андан кийинкиси Анаркан эжем 1970-жылкы. Тең чамалаш болгондуктан кичинебизде экөөбүз күрөшүп кетчүбүз. Аябай күчтүү болчу, азыр деле дыгдыңдап күчтүү (күлүп). Тең жарыша чөп чапчубуз, талаш-тартышыбыз да көп болчу. Азыр да экөөбүз жакынбыз. Бишкекте турат, башка бир туугандарга караганда аласа-бересебиз көп, сурашып-билишип турабыз.

«Колдору бошобойт, өзүң барып учурашпасаң алар келишпейт»

– Менден кийин Акылай деген карындашым бар. Учурда Баатыр эне, Таласта жашайт, 7 баланын энеси, 4-5 небереси бар. Ал дагы аябай бир тууганга күйүмдүү, боорукер, тың. Бир жолу Бишкекте концерт берсем, белекке 94 гүл түшүптүр, ошонун баарын Таласка бир машине жалдап жүктөп кеткен. Туура эле да, гүлдүн баркын билбей кууратмакпыз биз. Алып барып баарын сатыптыр. Азыр “ошондо аябай байыгам” деп тамашалап калат.

Андан кийинкиси Толгонай, 3 баласы бар, Бишкекте турат. Ал да алган билими боюнча иштебей, бизнесмен болуп кетти. Оренбург шаарында көп жыл иштеп, бутка туруп келген. Азыр шаарда дүкөндөрү бар, колдору бошобойт. Барып өзүң учурашпасаң, келип учурашпайт алар. Апама жакын, апамды жакшы карайт. Эже-карындаштарымдын баары күйөөнү сыйлаган аялдар, “жездең келсин, күйөө балаңыз келсин, ошол чечет” деп эле турушат.

«Жубайым үйдү абдан таза кармаган аял»

– Келинчегим Кара-Суудан, аты Рахима, элдин баары билет. Экөөбүз гезит аркылуу аябай “таанылганбыз”, соттошконбуз, чоттошконбуз, турмуш ушундай экен, тагдыр кандай жазылса, адам ошону көрөт тура. Экөөбүз элдешкенден кийин эки уулдуу болдук. Турмуш, убакыт баарын өз ордуна коюп, азыр жакшы эле жубай болуп калдык.

Үйдү, бала-чаканы абдан таза кармаган аял, тамакты жакшы жасайт. Күндө эртең мененки саат 6да футболго кетем, майда-чүйдөмдү түндө даярдап, эртең менен жакшына узатып коёт. Дарбазаны азыркыга чейин ачып берет, кээ бир ырчылардын аялдары “дарбазаны өзүң ачып ал” дешет экен. Үйдө “мени аздектегиле, мени кол чаап тосуп алгыла” деп тамашалап калам. Ошко 4-5 күнгө кетсем аябай жаман болушат, “сен жок үй аңгырап калды” деп калышат.

«Кызым куудулданып сүйлөйт, сөзгө чечен»

– Кызым 9-класста окуйт, азыр Борбордук Азиядагы Америка университетинин колледжинде билим алууда. Биринчи чейректе жакшы окуп, мыкты бааларды алды. Кызым куудулданып сүйлөйт, сөзгө чечен. Азыркы балдар көбүнчө англис, орус тилдеринде сүйлөп калышты да, бирок үйдө кыргызча тынбай сүйлөп, макал-лакаптарды какшап айтып жатып кичинесинде кыргыз тилин жакшы үйрөтүп койгонбуз. Анан бул Кара-Суунун чийме кашы (ред.: жубайын айтып жатат) кийин дагы эки уул төрөдү деп айтпадымбы. Кызым инилерин карап-багып жүрүп энеликке да даяр болду. Өзү да ошентип калат.

Кызымдын атын Райяна деп Абдышүкүр Нарматов устатыбыз коюп берген. Райян – бул дүйнөдө орозо кармагандар кире турган бейиштин эшигинин аты экен. Кызым мени уят кылган жок, “паланча-түкүнчө менен кафеге барып келейин” дебеди, ыймандуу, эң негизгиси, илим алып, келечекке койгон максаттары аябай жакшы. Кичинекейинде мени менен кошо тойлорго барып, оюндарда биринчи орунду алып акча таап келчү. Жанагы Эсенгул Ибраевдин:

“Эй, жарандар, эрендер,

Бектер жана берендер,

Эл баштаган кеменгер,

Мейли бакыр, мейли баатыр.

Мен кыргызмын дегендер!..”- деген ырын көркөм айтчу. Кийин буга анча көңүл бурбай калды. Ошол чачы тармал, мурду-башы барбайган кызыбыз чоңоюп бойго жетип келатат.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1047, 30-декабрь, 2022-ж - 5-январь, 2023
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан