АДАМ ТУУРАЛУУ ФАКТЫЛАР

Адамдын организминдеги клеткалардын саны 100 триллиондон ашат.

Колдогу тырмактар буттагы тырмактарга караганда 4 эсе бат өсөт.

Организмде жашаган бактериялардын жалпы салмагы 2 килограммдан көп.

Денедеги кан тамырлардын баарын биринин артынан бирин уласак жалпы узундугу 100 миң чакырымдай болот.

Кандын курамындагы лейкоциттер 2-4, ал эми эритроциттер 3-4 ай жашайт.

Көзү көк адамдар башкаларга караганда ооруга абдан сезимтал келишет. Андыктан алар жалакайлар деп аталышат.

Чоң адамдын денесиндеги бардык нервдерди бириктирсе 75 чакырымга жетет.

78 жыл жашаган адам болжол менен өмүрүнүн 1,3 жылын унаа менен жүрүүгө, 2,5 жылын балдарын карап-багууга, 2,5 жылын дүкөн, базарларга барууга, 4 жылын тамак ичкенге, 6 жылын үй-чарба жумуштарын жасоого, 9 жылын телевизор көрүүгө, социалдык тармакта отурууга, видео оюндарга, 10,5 жылын жумушка, 28,3 жылын уйкуга жана башкаларга коротот.

Баш сөөк ар түрдүү 29 сөөктөн турат.

Түйүлдүктүн манжа издери 3 айлыгында пайда боло баштайт.

Жүрөк өмүр бою токтоосуз канды айландырып иштейт. Ошондо болжол менен 65 жаштагы адамдын жүрөгү 182 миллион литр канды айландырат.

Оң колу менен иштегендер сологойлорго караганда узак жашайт. Сологойлор дүйнө элинин 7 пайыздайын түзөт.

Адам көргөн түшүнүн 90 пайызга жакынын эстей албай калат.

Адамдын ичеги-карынында 700дөн ашык түрдүү фермент бар.

4 жашар бала болжол менен 1 күндө 450гө жакын суроо берет.

Киндиктин илимий аталышы – умбиликус.

Денедеги кальцийдин көбү тиште болот.

Адамдын эрини манжа учтарына караганда 100 эсе сезимтал.

Тери өмүр бою болжол менен 1000 ирет жаңырат.

Аялдар эркектерге караганда көзүн 2 эсе көп ирмешет.

Адамдагы эң күчтүү булчуң – бул тил.

Адамдын жүрөгүнүн өлчөмү анын муштумунун өлчөмүнө барабар. Чоң адамдын жүрөгүнүн салмагы 220-260 граммдын тегерегинде болот.

БАЛДАР ШАМПАНЫН КАНЧА ЖАШКА ЧЕЙИНКИЛЕР ИЧСЕ БОЛОТ?

Ата-энелерде балдар шампанынын зыяны жокпу, аны балдарга канча жаштан берип баштаса болот деген суроо жаралышы мүмкүн. Балдар шампаны – бул алкоголсуз, газдалган таттуу суусундук. Курамында канттын өлчөмү көп, андан тышкары лимон кычкылы, жасалма боёктор жана консерванттар бар. Кант көмүр кычкыл газынын айкалышында бат сиңет да, кандагы глюкозанын деңгээлин тез көтөрүп жиберет. Муну менен жаш организм күрөшө албайт. Газ менен лимон кычкылы ашказан-ичегинин былжыр челин дүүлүктүрөт, ал эми боёктор менен консерванттар аллергия жаратышы ыктымал.

Балдар шампанын 5-6 жашка чейинки балдарга бербөө керек. Андан чоңдоруна 1 бокалдан берсе болот.

СУУК ТИЙИП КАЛГАНДА МОНЧОГО БАРУУГА БОЛОБУ?

Врачтардын айтымында, суук тийип калганда мончого баруу – иммунитетке, жүрөк-кан тамыр системине сыноо. Организмдин көтөрүмдүүлүгүнө жараша болот. Мончого түшөм деп отит, бронхитти да кошуп алышыңыз мүмкүн. Оорунун белгилери билинер замат мончого түшсө болот. Ысыганда организмдин коргонуу күчү ишке кирип, лейкоциттер көбүрөөк бөлүнүп чыгып баштайт. Өнөкөт оорулар болсо суук тийгенде мончого барууга тыюу салынат.

Душка түшүүгө болот. Душка түшкөндө тери аркылуу бөлүнүп чыккан уулар жуулат. Суунун температурасы 32-37 градустан ашпашы керек. Курч кармоочу жугуштуу ооруларда ваннада жатуу организмге жагымсыз. Андайда оору менен күрөшүп жаткан иммунитет алсырай түшөт. Жүрөк, кан тамыр оорусу барларга ысык температура такыр болбойт.

Суукка урунганда ичимдик ичүү жагымсыз. Спирт жүрөккө, кан тамырларга терс таасирин тийгизет, тахикардияны жаратып, кан басым жогорулайт. Ансыз деле жогорку температура жүрөктүн кагышын ылдамдатып, алкоголдук уулануу ооруну тереңдетип жиберет.

ЭМНЕ ҮЧҮН СУУНУ ТУРУП ИЧПӨӨ КЕРЕК?

Денедеги ар бир 1 килограмм салмак үчүн 30 миллилитр суу ичүү керектигин врачтар илгертен айтып келишет. Ошондо 70 килограмм салмактагы адам 1 күндө 2 литр 100 грамм суюктук ичүүсү кажет. Жөнөкөй, бөлмө температурасындагы суу калган суюктуктардан артыгыраак. Бирок остеопаттар сууну туруп ичпөө керектигин эскертишет. Адам отурганда ал бош отурат. Отурганда ичилген тамак жана суу жакшы сиңип, бөйрөктөр да аны жакшы чыпкалайт. Эгер сууну туруп ичсе, анда тамак сиңирүү системинин иши жайлайт, анткени суюктук ашказанда узакка турбай ичегиге өтүп кетет да, аны оорлотот. Бул организмдеги суунун тең салмагын бузат. Андыктан суюктуктун муундарда топтолушуна, артриттин жаралышына алып келиши ыктымал.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1047, 30-декабрь, 2022-ж - 5-январь, 2023
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан